super.kg logo

Сурабалдиева жүктөгүч сүзүп кеткен аялдын өлүмү боюнча ишти көзөмөлгө алууга чакырды (видео)

 

Депутат Элвира Сурабалдиева бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекте жүк жүктөгүч сүзүп каза болгон аялдын өлүмү боюнча жооптуу адамдарды аныктоо маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, 1971-жылы туулган Шарипа Молдогазиева үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Чортеков жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде сквер куруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда 30-40 тонналык жүктөгүч сүзүп, каза болгон. Анын кызы депутатка кайрылды.

Маркумдун кызынын айтымында, кырсык болгон жерде жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу камсыздалган эмес. Ошондой эле кырсыктан бир айдан ашык убакыт өтсө да, тергөөнүн алкагында бир дагы фирманын же мамлекеттик органдын өкүлү суракка чакырылган эмес.

Кайрылууда белгиленгендей, кылмыш иши кырсыктан 15 күн өткөндөн кийин гана жабырлануучу тараптын бир нече жолку кайрылуусунан соң козголгон

"Жабырлануучу тарап кылмыштын жоопкерчилиги жөнөкөй айдоочуга гана жүктөлүп, негизги жооптуу тараптар жоопкерчиликтен бошоп кетпейби деп кооптонуп жатат. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдарын бул ишти көзөмөлгө алып, кырсыкка жооптуу бардык тараптарды аныктоого чакырам",- деди Сурабалдиева.






Сурабалдиева жүктөгүч сүзүп кеткен аялдын өлүмү боюнча ишти көзөмөлгө алууга чакырды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: