Дастан Бекешев №1 тергөө абагынын ордуна сейил бак курууну сунуштады (видео)
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги №1 тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үй эмес, жер алдындагы унаа токтотуучу жай жана сейил бак курууну сунуштады.
Ал бул сунушун президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековго жолдоду.
Депутаттын айтымында, тергөө абагы башка жакка көчүрүлгөндөн кийин анын ордуна эмне курулары шаар тургундарын кызыктырууда. Алар ал жерге көп кабаттуу турак үй салбай, сейил бак курууну суранып жатышат.
"Келиңиздер, баарынан мурда жарандарыбыздын ден соолугун ойлойлу. Ал жерге сейил бак курса, Октябрь районунун тургундары эле эмес, шаардын башка райондорунун жашоочулары да келишет. Шаардын борборуна сейил бак курсак сонун да. Албетте, андан көп пайда түшпөшү мүмкүн. Ошентсе дагы, ал жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жай жана үстүнө сейил бак курууну өтүнөм. Үй курууга башка жерлер да табылат", — деди Бекешев.
Депутат Дастан Бекешев №21 СИЗОнун ордуна сейил бак курууну сунуштады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















