super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Көчө боюнда соода кылгандар нааразылык акциясына чыгышты

 

Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына Чехов көчөсүндөгү жол боюнда соода-сатык иштерин жүргүзүп келген 20дай аял нааразылык акциясына чыгышты. Алардын талаптары - Чехов көчөсүндө соода кылууга уруксат берүү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын өкүлү Абдималик Тагаев: “Мэрдин буйругу менен жол жээгинде соода кылып жаткандарды базарларга көчүрүп жатабыз. Аларга каалаган базарынан жай бөлүп берүү үчүн базардын жетекчилери менен да сүйлөшүп койдук. Соода-сатык иштерин жолуна коюп алгыча соодагерлерден 6 айга чейин ижара акысын албай турган болушту. Сатуучулар буга да болбой митингге чыгып жатышат",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: