super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги аялдардын абагында 8-Мартка карата "Кана эмесе, кыздар!" деген аталышта майрамдык иш-чара өттү (фоторепортаж)

 
"Сулуулук периси-2014" сынагы өттү.
Аялдардын түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жана алардын туугандары иш-чаранын күбөлөрү болушту.
Аялдардын түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жана алардын туугандары иш-чаранын күбөлөрү болушту.
Аялдардын түзөтүү абагынын кызматкерлери иш-чарада тынчтыкты сактап отурушту.
Аялдардын түзөтүү абагында отурган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдар да иш-чарага күбө болушту.
Аялдардын түзөтүү абагында отурган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдар да иш-чарага күбө болушту.
Иш-чара башталарда түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар сүрөткө түшүштү.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бири-бири менен жылуу маанайда пикир алышып отурушту.
Түзөтүү абагынын жетекчиси Мирбек Миңбаев майрамдык иш-чараны ачык деп жарыялады.
Калыстар тобу
Майрамдык иш-чара айымдарга арналган ыр менен ачылды.
Кыргыз бийи
"Сулуулук периси-2014" сынагынын катышуучусу
"Сулуулук периси-2014" сынагынын катышуучусу
"Сулуулук периси-2014" сынагынын катышуучусу
"Сулуулук периси-2014" сынагынын катышуучусу
"Сулуулук периси-2014" сынагынын катышуучулары
Кагаздан жасалган өзгөчө кийим менен чыккан айым калыстар тобунун мүчөлөрүн таң калтырды.
Кагаздан жасалган өзгөчө кийим менен чыккан айым калыстар тобунун мүчөлөрүн таң калтырды.
Калыстар тобу
Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар кубанычта...
Эне жөнүндө ыр жаңырууда.
Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 50 жаштан улуу аялдар ырдап жатышат.
Майкл Жексондун стилиндеги бий
Майкл Жексондун стилиндеги бий
Кол чабуулар
Калыстар тобу баа беришүүдө
Калыстар тобу баа беришүүдө
Белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачёвага айланган аял
Калыстар тобу: Максим Галкин, Алла Пугачёва жана Дима Биландын образы
Пародиялык "Сулуулук периси" сынагынын алып баруучулары
Индия бийи
Индия бийи
Африка бийи
Африка бийи
Африка бийи

Бүгүн, 7-мартта Бишкектеги №2-түзөтүү абагында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе, кыздар!” деген аталышта майрамдык иш-чара өттү.

Аталган мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөр айымдардын ырдоо, бийлөө, музыкалык аспапта ойноо жана актёрдук чеберчиликтерине күбө болушту.

Мындан тышкары “Сулуулук периси-2014” сынагы өттү. Анда айымдар өз тобунун намысын коргоп, кооз кийимдери менен эл алдына чыгышты. Түзөтүү мекемесинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу сынактын катышуучуларынын кийимдерине, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө жана аудитория менен байланыш түзүүсүнө көңүл буруп, баа беришти.

Сынак бүткөн соң күлкүлүү маанайда “Сулуулук периси-2014” сынагынын пародиялык бөлүгү өттү. Анда Алла Пугачёва менен Максим Галкинге айланган өкүлдөр калыстар тобунун мүчөлөрү катары болуп, мыктыларды тандашты. “Мен сулуумун, мен жеңем!” деп катышуучулар индия, африка элдеринин жана француз музыкасына аткарган бийлери менен көрүүчүлөргө күлкү тартуулашты.






Абактагы аялдар тагдыры

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: