super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Манас" аэропортун Орусияга сатуу аракетине каршы митинг өттү 

 
Акциянын башталышында “Манас” Эл аралык аэропортунун орусиялык ишканага сатылышына каршы активисттер милиция кызматкерине нааразылык акциясынын маанисин түшүндүрүп жатышат.
Активисттер ушундай жазуулары бар плакаттар менен чыгышты ("Биз ачык эмес түрдө түзүлгөн келишимдерге каршыбыз!").
Активисттер "Биз "Манас" аэропортунун акцияларын сатууга каршыбыз!", "Жоомарт Оторбаев, сен отставкадасың! Өзүң койгон колуңду четке как!" деген жазуулары бар плакаттар менен чыгышты.
Нааразылык акциясына башында 3 адам келген. Калгандары туура эмес түшүнүп калышканбы, айтор, Ак үйдүн астына кетип калышыптыр.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзү иштеген Өкмөт үйүнө кирип баратканда пикетчилер менен жолугуп калды.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов плакаттагы жазууларды окуп жатат.
Токон Мамытов "Манас" аэропортун сатуу боюнча маселеге тиешеси жок болгондуктан, "макул, айтып көрөм" деп Өкмөт үйүнө кирип кетти.
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев: “Америкалык авиабаза кетсе да, "Манас" аэропорту кирешелүү болуп саналат. Өкмөт биздин стратегиялык жайды сатуу боюнча маселени парламенттин талкуусунан өткөрүшү керек болчу”.
Серепчи Азамат Акелеев: "Манас" аэропортунун 51 пайызы сатылып кетсе, кыргыз тарап аны башкарууга мүмкүн болбой калат".

Бүгүн, 20-мартта өкмөттүн имаратынын алдында “Манас” аэропортун Орусияга сатуу аракеттерине каршы жарандык активисттер митинг өткөрүштү. 

Иш-чара башталганда вице-премьер-министр Токон Мамытов Өкмөт үйүнө кирип баратып пикетчилер менен жолугушту. Аталган маселеге тиешеси жоктугун айткан Мамытов "макул, айтып көрөм" деп кирип кетти.

Акциянын жүрүшүндө "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жоомарт Оторбаев Орусияга “Манас” аэропортунун акцияларын сатуу боюнча меморандумга кол койгондугу үчүн жоопко тартылсын” деп билдирди.

Иш-чарага катышкан ЖКнын депутаты Дастан Бекешев: “Америкалык авиабаза кетсе да, "Манас" аэропорту кирешелүү болуп саналат. Өкмөт биздин стратегиялык жайды сатуу боюнча маселени парламенттин талкуусунан өткөрүшү керек болчу”,- деп белгиледи.

Акцияга Жоомарт Оторбаевдин келери айтылган, бирок ал келген жок. 

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 19-февралында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРнын Өкмөтү менен орусиялык “Роснефть” ишканасынын ортосундагы меморандумга кол койгон. Ушул документке ылайык, “Манас” аэропортунун 51 пайыздык акциясын сатууга аракет болуп жатканы айтылууда.






Бишкекте митинг. Алар "Манас" аэропортун орусиялык ишканага сатууга каршы чыгышты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: