Жаңы жылдын эртеси Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынан 120 метр куб таштанды чыгарылды
1-январь күнү Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтын таштандылардан тазалоого 50 жумушчу иштеди. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, жумушчулардан сырткары 8 жүк ташуучу унаа, 2 атайын унаа колдонулду. "Ала-Тоо" аянтынан жалпы 120 метр куб таштанды чыгарылгандыгын билдирет аталган ишкана. Ал эми шаардын көчөлөрүн тазалоого 500дөй жумушчу чыккан.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















