Ош, Жалал-Абад жана Баткенге заманбап үлгүдөгү төрөт үйлөрү курула турганы айтылды
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна заманбап үлгүдөгү төрөт үйлөрү курулат. Муну бүгүн, 29-апрелде парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Айтымында, бул ооруканалар үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан насыя алынууда.
“Быйыл 30-июнга чейин документ иштери бүтсө, курулуш иштери сентябрь айында башталат. Каражатка кымбат баалуу медициналык жабдуулар алынат, мунун ичинде 2 миллион долларлык жабдуу да бар. Акчанын 13 пайызы консультациялык кызматтар үчүн сарпталат”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















