super.kg logo

Ош окуясында жабыр тарткан аскер кызматкери Жусупбек Акпарали уулуна түштүк кореялык врачтар жардам беришет

 

Бүгүн, 18-июнда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кореядан келген делегаттар менен жолугушуу өткөрүлдү. Ага Кореядагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Сеул шаарындагы клиниканын башчысы Ха Хон Ён жана кореялык медицина клиникасынын адистери катышты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Ош окуясында жабыр тарткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскери Жусупбек Акпарали уулуна түштүк кореялык врачтар дарылоого көмөк көрсөтөрүн билдиришти. Анда катышуучулар максатка ылайык операция жүргүзгөнгө мүмкүн экенин белгилешти.

Дарыгер Ха Хон Ёндун айтымында, Жусупбек Акпарали уулундагы ачык жаракаттарды комплекстүү айыктыруу үчүн баштапкы даярдоо этабынан өткөрүү керек. “Ачык жаракаттарды айыктыруу процесси организмди негизги операцияга даярдоо үчүн 2-3 айды талап кылат”,- деп билдирген ал.

Белгилүү болгондой, 23-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Концерттен чогулган каражат Жусупбек Акпарали уулуна тапшырылат.  

Эске салсак, Жусупбек Акпарали уулу 2010-жылдын 11-июнь күнү Ош шаарындагы баш аламандык учурунда күзөттө турган мезгилинде ок тийип, жаракат алган. Ал 1-топтогу майып болуп калган. 






Үч жолу ок атып, арматура менен сайгылап кордошкон

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
08.02.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпааа берсин ээ аллахын шыпаа бер ушул пендене да
SUPER.KG видео
08.02.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келгиле бир туугандар колдон келген жардамды аябайлы мумкунчулуко карап мекендешибиздин басып кетишине себепчи бололуу. Жусупбек Кудай буйруса ойлогон оюна жетип Кыргызстан учун милдет кылууна тилектешмин...
SUPER.KG видео
08.02.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай шыпаасын берсин.кудай буюрса жакшы болуп кетесин бул кундор унутулуп кетет.келгиле туугандар колубуздан келген жардамды аябайлы
SUPER.KG видео
08.02.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа берсин! Аллаадан башка Айла жок.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх тагдыртагдыр неге мынча татаал аллахым сабыр берсин
SUPER.KG видео
08.02.2014. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аллахым шыпасын берсин
SUPER.KG видео
08.02.2014. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жамааан боорум ооруду жардам бериш керек
SUPER.KG видео
08.02.2014. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоон рахмат баарыныздарга терен ыраазычылык билдирем
SUPER.KG видео
08.02.2014. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудай колдосун.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жардам бериш керек деп жазгандар коп экен.кана айтып койдунар эми акча котордунарбы?келгиле которуп баштайлы.которгондор жазып койсонр котордум деп королу биз биримдиктуубузбу же жокпу.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик созсуз турдо жардам бериш керек эле. Сакайып кет.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым озун шыфа бер
SUPER.KG видео
08.02.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шпаа берсин, жаш жигит экенсин айыгып кетесин! Биздин чонтогуно акча батпай кош-коштоп катын алып,акчасын эмне кыларын билбей журушкон депутаттарыбыз, саясатчыларыбыз айтор чон болумуштар жардам бербейби ушундай эл-жери учун жарым жан атуулдар учун. Аларга да кабарлап жооп алышты бекен ?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: