Ырчы Гүлзада Рыскулова Астанада өткөрүлгөн фестивалга катышты
Этнорок жанрында ырдаган ырчы Гүлзада Рыскулова Казакстандын Астана шаарынын 16 жылдыгына карата өткөрүлгөн фестивалга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
Ырчынын айтымында, фестивалга түрк тилдүү өнөрпоздор катышып, Астана шаарынын туулган күнү чоң салтанат менен майрамдалган. Бул иш-чарада патриоттук ырларды катыра аткарган ырчы айым “Курманбек”, “Толгонуу” ырларын тартуулаган.
“Учурда Астана шаарынан кайтып келе жатабыз. Фестиваль 3 күнгө созулду. Аталган фестивалга биринчи жолу катыштым. Эл жакшы кабыл алды”,- дейт Гүлзада Рыскулова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2026-06-06
18:14
2026-06-05
9:36
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















