super.kg logo

“Бишкексууканал”: "Жай сайын Арча-Бешик, Ала-Арча, Ак-Ордо жана Ак-Өргөө конуштарында иче турган суу жок болууда"

 

Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Арча-Бешик, Ала-Арча, Ак-Ордо жана Ак-Өргөө конуштарында жыл сайын жай мезгилинде иче турган суу маселеси туулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына “Бишкексууканал” ишканасынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.

Анын айтымында, иче турган суу сугатка пайдаланылгандыктан, ушундай көйгөй келип чыгууда. “Аталган конуштар жаңы салынып жатканда ирригациялык (суу түтүктөрү – ред.) системи каралбай калган. Бирок эртең менен Ак-Өргөөгө сууну ачып берүүгө аракет кылуудабыз, ал эми күндүз Арча-Бешик, Ак-Ордо конуштарын суу ташуучу унаалар аркылуу суу менен камсыздап жатабыз. Арча-Бешикте күнүнө 3 унаа иштесе, Ак-Ордодо 2 унаа иштейт. Орточо эсеп менен күнүнө ушул эки конушка 18-20 рейс жасалат",- деди ал.

Ошол эле учурда Арча-Бешиктин Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүнүн тургундары “Июнь ичинде бир да суу ташуучу унаа келген эмес. Акыркы аптада гана эки жолу келген” дешүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-июлда SUPER.KG порталынын кабарчылары Арча-Бешик конушунун суусуз калган кварталына барып, иче турган суу жана сугат суу маселеси боюнча кабардар болуп келип, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар чакалап суу ташышкандыгына күбө болушкан. 






Суусуз кыйналган Арча-Бешиктин тургундары

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азим Малиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
10.07.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акордодо деле жайы бою суу жок коп жылдан бери эле конуп калдык машинасы барлар шаардан алып барабыз а машинасы жокторчу...
SUPER.KG видео
10.07.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мамлекетте эч нерсе жок дешет,эмнеге анда ак уйдо иштеп жаткандардын баарынын уйлору,машиналары 1ден да эмес бир нечеден.ошол оздоруно жеп жатышат мамлекеттин капчыгынан,карапайым элге келгенде болсо эч нерсе жок деген шылтоону гана айтышат.озубуздо суу коп коншу озбекстанга саткандан коро элге жеткирип берше жакшы болот беле.кок-жарды да айта кетишсе болмок,ал жакта да жаз келгенден баштап суу жок.
SUPER.KG видео
10.07.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
байкемдикине арча бешике барсам суусу агат но суусу чыкпай свет кундо очуп жаткандыгын коруп келдим бул бийлик эмне кылып жатат тушунбойм кыйратабыз эле дешет
SUPER.KG видео
11.07.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор чондор эмес жеп ичкен ххх!
Модератор admin_superstan түзөттү 11.07.2014 18:37
SUPER.KG видео
23.07.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan onykpoi ele naoborot artka baratat!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: