super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөгү 8 колонияны жана 3 СИЗОну эт менен камсыздоо үчүн аптасына 20 бука союлат

 
Чүйдөгү 8 колонияны жана 3 СИЗОну эт менен камсыз калуу үчүн апта сайын 20дай бука союлат. Муну 10-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Аталган мекеме жакында чарбасын кеңейтүү үчүн тоок фабрикасын ачканы жатыптыр. ЖАМК төрагасынын орун басары Нурлан Орозалиев: 
"ЖАМК коррупцияга каршы күрөшүү үчүн өзүнүн чарбасын ачкан. Биринчи максаты - тендер өткөрбөө, экинчиден, соттолгондорго мүмкүн болушунча көбүрөөк иш берүү. Буга чейин соттолгондор Кытай жана Индия өндүрүшчүлөрүнүн эт азыгы менен тамактанып келишкен. Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен келишим түзгөнбүз, букалардын саламаттыгына, аларга кантип кам көрүү керек экенине аталган окуу жайдын профессор-ветеринарлары жардамдашат. Чарба иштерине соттолгон 10 адам тартылган",- дейт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: