Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим катышат
Бүгүн, 27-августта Бишкекке Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган делегация келе жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тажик делегациясы эки тараптуу маселелерди кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна катышат.
Эртең, 28-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аталган комиссиянын кезектеги 13-отуруму өтөт. Анда кыргыз жана тажик комиссияларынын мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жана өнөр жай ишканаларынын жетекчилери катышмакчы.
Комиссиянын иши КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилигинин астында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















