Баткен. Сүлүктүдө эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жолдоштук беттеш өткөрүлөт
12-ноябрда Сүлүктү шаарында 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтөт. Анда жергиликтүү "Барс" жана "Сон-Мин" клубунун өкүлдөрү коңшу Тажикстандын мушкерлери менен беттеш өткөрүшөт. Эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо, сергек жашоону үгүттөөнү көздөгөн саамалыкта 4 салмак категориясында күч сынашуу каралган. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Үсөн Кушматов билдирди.
Автор: Бегайым Тажибай кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















