Чыңгысбек Узакбаев: "10-февралдан баштап Кыргызстан Казакстанга сүттү кайрадан экспорттой башташы мүмкүн"
2013-жылдын 10-февралынан баштап Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт кайрадан Казакстанга экспорттоло башташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. “Учурда Казакстандын Айыл чарба министри менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер жыйынтык жакшы чыга турган болсо, анда 10-февралдан баштап сүт продукциясын өткөрүүгө чек ара ачылат. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык сүт иштетүүчү ишканалардын ар биринде бирден мал доктур малдарды текшере баштайт” деди министр. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 3-октябрында Казакстан, ветеринариялык талаптардын аткарылбай жатканын айтып Кыргызстандан сүт алууну токтоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















