Кызматтык милдетин аткарууда каза болгондорго берилүүчү компенсациянын суммасын көтөрүү сунушталууда
Кыргызстанда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациянын көлөмү аз. Муну депутат Дастан Бекешев 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, компенсациянын суммасын көтөрүүнү сунуштады. Депутат өкмөт жетекчилерине кайрылып: “Милиция кызматкери каза тапса, 50-100 миң эле сом берилет. Саясий кызматтагыларга миллиондогон акчалар берилүүдө. Бул көйгөйдү чечиңиздер”,- деди. Каржы министри Ольга Лаврова бул боюнча тапшырма берилгенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















