Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду казакстандыктар ээлешти
Бүгүн, 12-декабрда Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш аяктады. 6-декабрда старт алган мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан 240 спортчу катышып, уландар жана кыз-келиндер жекеликте күч сынашышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, уландар арасында 1-орунду казакстандык Абильбеков Батырхан мүмкүн болгон 13 упайдан 11 упай алуу менен багындырды. 2-орунду 10,5 упай менен кыргызстандык Жамакеев Анарбек, 3-орунду 10 упай менен казакстандык Мерешев Ернур ээледи. Кыз-келиндер арасында 13 упайдан 11 упай топтогон казакстандык Мухамбеткалиева Айым жеңүүчү аталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:55
2026-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(3)
Saribulak
12.12.2014. 23:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактар дагы билебекен тогуз коргоолду
jarkyn_jakta_jasha
13.12.2014. 20:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saribulak, мен да тан калдым...
bazar
13.12.2014. 03:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар улуттук ойунубуз дешет. "Тогуз кумалак" дейт алар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















