Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт
23-29-декабрь күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун биринде кол өнөрчүлөрдүн кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, жарманкеге керамика, кийиз, жибек, булгаары, жыгач, табигый таштардан жасалган шурулар, самын, сөйкө-шакектер жана башкалар коюлат.
“Жарманкеге сүрөтчүлөр, усталар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, пенсионерлер, балдар үйүндөгү таланттуу балдар катышат. Сатылган кол эмгектердин 10 пайызы Онкология ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2026-06-06
18:14
2026-06-05
9:36
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















