"Неберемди туугандыгын аныктоочу анализден өткөрөбүз" дейт алмаштырылды деген наристенин таенеси



Бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына "№4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын таенеси Разия Имамназарова "Неберемди туугандыгын аныктоочу анализден өткөрөбүз" деп билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Бул кызымдын экинчи баласы, мындан улуу эркек баласы да бар. Бала төрөлгөн күнү эле алмаштырылганын күйөө балам менен кызым айтышты. Кызымдын айтымына караганда, неберем төрөлгөндөн кийин ал 2-3 мүнөткө сыртка чыгарылып, андан соң башка жалаякка оролгон кызды алып келген",- дейт Р.Имамназарова.
Анын айтымында, учурда ымыркайдын атасы Орусиядагы туугандыкты аныктоочу медициналык жайдын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Белгилүү болгондой, ымыркайды тиешелүү текшерүүдөн өз каражатына өткөрүүнү №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги сунуштаган. Бирок ымыркайдын ата-энеси аларга ишенбестик көрсөтүп, ал сунуштан баш тартышкан.
Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды, жакшы эле көрсөтүп жатат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ошон учун чет жакта торогон онойго дейм,
Ачыка чыгышын кутобуз Кыргызстанда врачтар не кылып иштегенин