super.kg logo

"Төрөт үйүндө алмаштырылды" деген ымыркайга азырынча операция жасалбайт" дейт дарыгер

 
Гүлнара Жанабилова
Ымыркай ушул ооруканада жатат.
Ымыркайдын таенеси Разия Имамназарова

"Борбор калаадагы №4-төрөт үйүндө алмаштырылды" деген жаңы төрөлгөн кызга азырынча операция жасалбайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди.

“Бүгүн эртең менен ымыркайга операция жасоо же аны убактылуу токтотуу маселесине байланыштуу биздин бөлүмдүн тиешелүү дарыгерлеринин катышуусундагы экинчи консилиум болуп өттү. Анын жыйынтыгына ылайык, азырынча балага операция жасалбай тургандыгы чечилди. Учурда кыздын абалы туруктуу. Аны күнүгө атасы келип көрүп кетүүдө, ошондой эле таенеси жанында болуп жатат”,- деди Г.Жанабилова.

Дарыгердин айтымында, кызга операция сөзсүз жасалат, бирок жакын арада эмес. Бүгүн маалымат жыйынында №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги "ымыркайды алмаштырды" деген эне кечээ төрөт үйүнөн чыкканын айткан. Ал эми наристе жаткан ооруканага ал келе электигин айтышты. "Кызыңыз төрөт үйүнөн кечээ эле чыккан экен, ал баласына качан келет? Аны сурап жатабы?" деген суроолорго баланын таенеси жооп бере алган жок.     

Эске салсак, №4-төрөт үйүндө көз жарган 22 жаштагы Айнагүл Имамназарова "дени сак төрөлгөн уулубузду чуркусу (грыжасы) бар кызга алмаштырып койду" деп айтып чыккан. Учурда наристе балдар ооруканасында жатат.   






Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, туз эле жашайлычы бул аз кундук сыноо омурдо.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенееринди билбейсин. Бирок ишеничтен кетип калышкан да. Узиден дайыма эркек десе эркек эле болмок.Корунбосо так коро албай атам демек.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алмаштырып эле коюшкан менимче.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны биринчи жолу торосо,кантип эле жыртык жалаяк алып келишсин.Бул шылтоо.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узиде кандай десе ошондой торолот, коро албаса корунбой жатат деп айтышат, бирок мындайлар коп эле каттала берет ко ошол торот уйундо, эн жакшысы канынарды текшерткиле
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deesmond туура айтасыз менинда 2кызым бар экоодотен узиде кыз деген
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омуртканын грыжасын торолор менен 2 муноттун ичинде кантип аныкташты,же сыртында корунуп туруптурбу? Омуртканын грыжасы кандай болот озу? Урматтуу автор ушуга окшогон суроолорду берсенер тагыраак маалымат болмок экен. Менин оюмча куноо врачтарда.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ДНКнын жыйынтыгын биз дагы кутобуз.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх тооба,эне каанча зыркырап жатат,адамдын деле журогу сезетта,Ушул 4чу роддомдун ЧУУЛГАНДУУ иштери эч бутпой койду бир соттошуп кайтале ошол врач озунун ордунда акча айып салынат соттон,болбойтта андай таза иштегенди билбесе иштен алыныш керек врач,или бул врачтын ойдодо жакта адамдары бар колдогон,кайдагы эле шылтоолорду айта беришет элди айбан кылып,озунду бий ойлосон бироону шер ойло деп коетко,Ата энесине сабр ДНКканын результатын кутобуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: