super.kg logo

"Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм" дейт "төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын атасы

 
"Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм. Эки баланы тең багып алууга кудуретим жетет",- деп SUPER.KG порталына бүгүн, 14-январда "№4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын атасы Кутман Мамадалиев билдирди. 
"Мен баламдан баш тарткан жерим жок, бирок жүрөгүм менен бул кыз биздин бала эмес экенин сезип жатам. Келинчегим да бул кыз биздин бала экенинен шек санап жатат. Себеби бала төрөлгөндө акушер "кыз төрөдүң" деп, бирок жыныс мүчөсүн көрсөткөн эмес. Бир нече убакыттан кийин бала сыртка 2 мүнөткө чыгарылган. Анан аялым мага чалып, "кыз төрөдүң деп, бирок көрсөтпөй сыртка чыгарып кетти" деди. Мен дароо үстүнө чыктым. Карасам ымыркай мен алып барган жалаяктарга эмес, башка жалаяктарга оролуп жатыптыр. Аялымдан сурасам, ал бала сыртка чыгарылгандыгын айтты. Анан биз ушул жерден шектенип жатпайбызбы. Дарыгерлер "кыздын чуркусу бар экенин көрүп, энеси чочулайт деп аны көрсөткөн эмеспиз" дешүүдө. Анын эмнеси бар? Ал да Кудайдын берген баласы, келинчегим андан неге коркмок эле? Анан айта турчу дагы бир жагдай бар, мен келинчегимди 9-январда кечинде алып келгенде аны 4-палатага жаткырган. Мен сыртка чыгып кийим-кечектерди алып келгиче аялымды лифттин жанындагы 7-палатага которуп коюптур. "Эмне себептен которгон?" деген суроого дале жооп таба албай келем",- дейт К.Мамадалиев. 
"Алмаштырылды" делген ымыркайдын атасынын айтымында, дарыгерлердин "бала оорукчан болгондугу үчүн ата-энеси андан баш тартууда" деген кеби чындыкка дал келбейт. 
"Биз баладан эч качан баш тартпайбыз. Бирок "ал алмаштырылган" деген нерсе жүрөгүмдү өйүп, тынчтык бербей жатат. Аялым төрөт үйүндө жатканда ага дарыгерлердин бири кирип, "анализ тапшырасың же биз силерди сотко беребиз" деп коркутуптур. Ошондой да болобу? Биз баланы сөзсүз экспертизадан өткөрөбүз. Бирок мен аны өзүмдүн каражатыма жана башка жактын адистерине гана көрсөтөм. Буга чейин балдарды сатып, алмаштырып жүргөн дарыгерлер анализди алмаштыра албайбы? Азыркы тапта келинчегим да аябай капаланууда. Ал азырынча үйдө дарыланып жатат. Баланын жанында таенеси бар",- дейт К.Мамадалиев. 
Анын айтымына караганда, туугандыкты аныктоочу ДНК анализи 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин турат. Учурда ал анализден өтүү үчүн үй-бүлө чет элдик адис издөө менен алектенүүдө. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, экспертизанын жыйынтыгы менен бул окуяга чоң чекит коюлары же уланары анык.   





Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(90)
14.01.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай окуя качанкыга чейин боло берет, врачтар эч коркушпайт экен тобоо!!
Чындап бир Пусть Говорятка чыгыш керек экен, козу корбогон чондор, энелердин ыйын укпаганы угуп, абийирлери ачылсын!!!
Этиканы сакта дейсинер бирок бугун балдарды кыйноо, зордуктоо дегенди окуп жатып кокого чейин жетип кетти...
Bella-life түзөттү 14.01.2015 23:14
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deesmond туура айтасыз менинда 2кызым бар экоодотен узиде кыз деген
14.01.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир алладан болуп байкуштардын тилегени ордунан чыгып, башсыз ээнбаш дарыгерлерди ордуна койушса экен. Адам сатуу менен ойношкон айбандар.
14.01.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба алмаштырдык деп мойундарына алышмак беле , ууру тойоорчо жеп , олоорчо карганат деген макал туура келет буларга. Оздорунун уул кыздарынын балдары алмашса эмне болмок !
14.01.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап бул жерде бир мандем бар окшойт. Эмнеге тигинтип, сыртка алып чыгат. Жондон жон бул жубайлар тызылдап жатышпаган чыгар. Эненин журогу алдабайт. Тиги кызга убал болду байкушум.
SUPER.KG видео
14.01.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омуртканын грыжасын торолор менен 2 муноттун ичинде кантип аныкташты,же сыртында корунуп туруптурбу? Омуртканын грыжасы кандай болот озу? Урматтуу автор ушуга окшогон суроолорду берсенер тагыраак маалымат болмок экен. Менин оюмча куноо врачтарда.
15.01.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доктурлар ушундай мыкаачы болот эч бир ырайымы жок адамга. Жанын ооруп аран жатсан келип кагып силкип урушат. Баланы эмне учун сыртка алып чыгып кетет, анан да кыз болсо кыз деп уул болсо уул деп сразу эле корсотуш керекко энеге. Кудай жазасын берсин буларга!!!
15.01.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен атасы муну акырына иликтеш керек Адам саткычдарды элге жарыя кылуу керек Адам сымал айбандарды
15.01.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай жазаласын 4роддомдун кызматкерлерин,соо баланы олук балага алмаштырып,соо баланы оорукчан балага алмаштырып ,кандай таш боор ешектер
15.01.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
торт жолу УЗИге тушкондо уул десе,анда врачтарда бир сыр бар.
15.01.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vrachtar mykaachy bolot dep baardyk vrachtardy karalagan bolboit,siz olup baratkanda aman alyp kala turchu owol vrachtar .Bul oku9 albette okunuchtuu,birok chyndygynda kandai bolgonun bilbei turup jaman sozdordon alys bolgonubuz Kudai aldynda da jakwy boloor.
15.01.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 роддомдо буга чейинда да бала сатуу иштери болуп келген,алар ошондой жол менен акча таап конуп калышкан,бироо чоон акча сунуш кылса алмаштырып да жибериши мумкун.Алардан баарын кутсо болот.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ДНКнын жыйынтыгын биз дагы кутобуз.
15.01.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торт айлык кезинде узиде уул деген уул торогомун,мендагы бул окуяга тангалып жатам.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх тооба,эне каанча зыркырап жатат,адамдын деле журогу сезетта,Ушул 4чу роддомдун ЧУУЛГАНДУУ иштери эч бутпой койду бир соттошуп кайтале ошол врач озунун ордунда акча айып салынат соттон,болбойтта андай таза иштегенди билбесе иштен алыныш керек врач,или бул врачтын ойдодо жакта адамдары бар колдогон,кайдагы эле шылтоолорду айта беришет элди айбан кылып,озунду бий ойлосон бироону шер ойло деп коетко,Ата энесине сабр ДНКканын результатын кутобуз.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
УЗИ 13жана 19 жумалыгында эч ким айта албайт дегенди кандай тушунсо болот.Азыркы учурда 4жумалыкта так айта баштаганын биздин врачтар билишпейт окшойт.Россиянын "Говори Показываем"передачасына кайрылышса жакшы болмок.Бобоктун ата -энеси.
15.01.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге мынча ташбоорсунар врачтар!Каргыштан корккула!Аллах баарын коруп турат.Карапайым калкты сыздатпасанарчы!!!Неге окудунар эле,элге керегим тийсин деппи?же,жеп жутайын деппи?Арам тамак аш болбойт!Оз балдарынарды да ойлогула,анткени аларды адал,мандай тер менен тапкан акынарга баккыла.
15.01.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Эч кандай далил жок, аялдын эле созу" дегени кандай.Сот боло электе эле далилдей албайсынар дегенчелик кылып атса, башынан даярданып алышкан да, кантип абалдан жазасыз чыгуусун!
SUPER.KG видео
15.01.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 1 уулумду 12 неделясында эле айткан эркек деп. Анан кантип 13 жана 19 неделясында аныктай албайт УЗИсттер деп айтып жатат глав.врач
SUPER.KG видео
15.01.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай урсун ким кунолуу болсо
SUPER.KG видео
15.01.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр даже 3Dузилер деги койчу техниканын онукон заманы го мага 18 неделяда девочка деп москвадан айткан анан 26неделяда озум 3D узи жасаткам баары корунуп турган. Бул жерде бир болсо чон суммадагы акча роль ойноп жататда.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде маловодия болгон учун айланайын кеминде торогучо 20 жолу узи кылышты окшойт даже суроттору бар
15.01.2015. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin kelin4egim rossiada torogon.torowu menen balany ustuno jatkyryp koiot eken e4 jaka alyp 4ykkan emes eken.jakwy karait jakwy bagat.mamilesi jakwy.kantse da rossia Rossiada.balany koluna beret eken daiyma enesi janynda bolot eken ene mn bala
15.01.2015. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rossiada kelin4egimden kop jolu uzige tuwkon.ki4ine malynda .kiiin ki4ine 4onoiup kalganda torotko az kalganda da tuwkon.ar uzisinde erkek dep aitkan.uul torodu.uzi ge men iwenip kaldym.kelin4egim kyinalyp torodu birin4i balam u4un.birok eesi oogon jok torowu mn maga 4algan.10don bawtap tunku saat 23.00do torodu
SUPER.KG видео
15.01.2015. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо ошол врачтарда эле, дагы актанып койушат.баланын атасын туура айтат бала сатылып бала алмаштырып жургон больница кантип эле ошол айтып атышкан нерсесин ......алмаштыр албай калышсын .жакынкы кундо билинет деп ишенебиз эми

15.01.2015. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чурку деген эмне, тушундуруп койгулачы???
15.01.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, грыжа
15.01.2015. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын коп сериялуу "Хорошие руки" деген киносу эске тушот... баарынарга кенеш берем.корсонор.жакшы кино.
Ар ким оз жазасын алат.жашоо деле ошол...
SUPER.KG видео
15.01.2015. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куно врачтарда эмнеге торору менен корсотбой эшике баланы алып чыгып келип анан кыздейт сразуу корсотбойбу мен 19 жумалыгында баргам узиге уул деген уул эле болду торорум мене уул жакшылап кара деп корсоткон врачтар
SUPER.KG видео
15.01.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerim8793,
Саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды, жакшы эле көрсөтүп жатат.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачтардын айтып аткан созун.... биз сотко беребиз деп.... негизи бир нерсе болсо эле торогондордон бир кылтык таап ала албай эле турушат.... анан еще сотко беребиз деп айтып коюшат..... кана канча жолу болду бала сатмай бала урдамай андайда врачтар эч нерсе дей албай ар кайсы шылтоону айтышат чынын айткадан коро.... Баланын атасы туп туура айтат убагында бала сатып бала алмаштырып жургон врачтар ДНКны легко эле жасап коюшат... Им это не трудно.... Негизи адамкерчилик деген жоголуп баратат.... <
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: