|
Сөзү : М. Исраиловдуку
Ата-бабам чертип келген комузум,
Обонуна обон кошот добушум.
Комузумдан чыккан обон, чыккан күү,
Каалайм элдин купулуна толушун.
Комуз, комуз - кыргызымдын аспабы,
Анда обон, элдин күүсү, дастаны.
Жаңылбасын манжалары колумдун,
Жарылбасын комузумдун капкагы.
Комуз менен ырдын элге жеткени,
Үч кыл менен үч талантты эскерүү.
Бир комузчу, бири акын, бири ырчы,
Бириктирген комузумдун тепкеги.
Комузумда акындардын ыры бар,
Комузумда канчалардын муңу бар.
Кор кылбагын комуз менен талантты,
Коңгуроодой чыккан күүнү угуп ал.
Атырылган ак булак сенин,
Атың белек Курманжан датка.
Ак жамгырдын данеги сенин,
Баасы белең Курманжан датка.
Кубалашкан барчындын өзү,
Куунарысың Курманджан датка.
Куса болгон жүрөктүн өзү,
Кумарысың Курманжан датка.
Жарыгыңдан нур жыйнап элиң,
Буралат бир Курманжан датка.
Жаштыгыңлан нур жыйнап сенин,
Куралат бир Курманжан датка,
Курманжан датка,Курманжан датка.
Карегиңдин дубасы сенин,
Жайнап турат Курманжан датка.
Карегиңдин дубасы сенин,
Арбап турут Курманжан датка.
Бек тактысын чимирген өзү,
Дөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Сөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бегечигим сага чыктайын,
Башка белең Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Кашка белең Курманжан датка.
Адамкерчилик кубака сенде,
Канда белең Курманжан датка.
Ак жоолукчан сендейлер анда,
Чанда беле Курманжан датка.
Көз карашың бийикте сенин,
Башка белең курманжан датка.
Жүрүгүңдөн күү чыкса ошол,
Элиңдин деми Курманжан датка.
Жүрөгүңдү өйүгөн ошол,
Элиңдин кеби Курманжан датка.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Издеп келем Курманжан датка.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Карап келем Курманжан датка.
Өлсөң дагы тирүүдөй сенин,
Ардагың бар Курманжан датка.
Тирүүлөрдү колдогон сенин,
Арбагың бар Курманжан датка.
Кылымдарга түбөлүк өчпөс,
Ырымдасың Курманжан датка.
Жүрөгүмдүн тереңиндеги,
Сырымдасың Курманжан датка.
Түбөлүй өчпөс болуп бир дайым,
Жүрө бергин Курманжан датка.
Уламыштардай узун өмүрдү,
Сүрө бергин Курманжан датка.
Курманжан датка, Курманжан датка.
Ойлонуп, сыздап жүрөмүн,
Калп эле сырттан күлөмүн.
Апамдын дартына даба,
Кудайдан тилеп жүрөмүн.
Кайырма:
Жараткан өзү колдосун,
Ооруган жериң болбосун.
Алтыным менин апакем,
Арналган ыр ырдап берем.
Иштеген ишим алыста,
Баш ийем жазган турмушка.
Апакем аман болсо экен,
Ырымды жаздым кагазга.
Кайырма:
Кыстаган турмуш күндөрүм,
Ирмебей карек түнөтүп.
Ооруган жерим жакшы деп,
Башымдан сылап бир өптүң.
Көзүмдөн тамчы, тамчы,
Куюлуп жерге тамды.
Ашыгым, ардагым, оо,
Кайдигер карабачы.
Жалгыздык туңгуюкка,
Ыйлатып таштабачы.
Кайырма:
Аттиң, арман, жүрөгүм чок,
Эми менин сүйгөнүм жок.
Экөөбүз түшкөн сүрөттү,
Өрттөп салгам, мага кереги жок,
Керегиң жок.
Ачыгын айтчы, айтчы,
Арманда калтырбачы.
Берилип сени сүйдүм,
Алдандым, дагы күйдүм.
Каректен жашым тамып,
Сел болуп агып бүттү.
Кайырма:
Сөзү : Д.Мамбетөмүровдуку
Обону : Айбек Карымовдуку
Аттиң ай, аттиң, тагдыр да,
Не дейли эми тагдырга.
Телмирип күткөн жар болбой,
Тема болдуң жакшы ырга.
Алганы болуп бирөөнүн,
Айла жок жашап жүрөмүн.
Ал деле, балким, сезер дейм,
Ак сүйүү өчпөй күйөрүн.
Кайырма:
Башынан тилеп Кудайдан,
Болсо деп жарым буралган.
Баарына жеткен кезекте,
Жолуктук таппай бир айла.
Болбосо деле теңимдей,
Бой таштап ага бөлүнбөй.
Боорунда башка бирөөнүн,
Келесиң жашап берилбей.
Кайырма:
Башынан тилеп Кудайдан,
Болсо деп жарым буралган.
Баарына жеткен кезекте,
Жолуктук таппай бир айла.
Болбостур бузган уяны,
Болбойбуз бүлө, туурабы?
Кечиккен биздин бактыны,
Кел, эми урмат кылалы.
Сырдашкым келет жаныңдан,
Сылагым келет чачыңдан.
Купуя айтсам билбейсиң,
Жыттагым кетет жытыңдан.
Азгырат көзүң сүзүлгөн,
Сүйгүм бир келет жүзүңдөн.
Кусага толуп жүрөгүм,
Кыйналып жүрөм сүйүүдөн.
Жолукпай кетсең кыйлага,
Жан дүйнөм чөгөт санаага.
Жүрөгүм эңсеп өзүңдү,
Кыссам деп сени кучакка.
Сөзү : Субайылда Абдыкадырованыкы
Обону : Канымгүл Досманбетованыкы
Билсем дагы ашык болуп сүйгөнүм,
Билбегендей салкын карап жүргөмүн.
Чабалекей чарк айланып учкандай,
Чынында эле мен да аны сүйгөмүн.
Ашыктык жол ачылбасын билгемин,
Азыр мына сенден алыс күндөмүн.
Ортобуздан өтүп кетти бир топ жыл,
Ошондо да оюмдасың, билбедим.
Көргөн түштө жакын басып келесиң,
Кучак жайып жакын басып элесиң.
Жабыр чегип түш көрүүдөн тажадым,
Жалын күчүн сага гана бергенмин.
Кетсе дагы алыс болуп карааның,
Кээде ойлоп оттой күйүп- жанамын.
Ушул менин азыр сага айтарым,
Улам өйдө өсө берсин таалайың.
Кыргыз элим сен деп ырдай беремин,
Ар убакта амандагың тилеймин.
Аккан арык суусу агат токтобой,
Сары-Челек көлүн ырдап берейин.
Кайырма:
Сары-Челек бара албадым айылга,
Барып калсам барат элем сага да.
Сары-Челек жүрөгүмдө толкунсуң,
Ырларыма ырлар дагы кошулсун.
Биз карысак сен эч такыр карыбай,
Даалай обон сага арналып созулсун.
Кайырма:
Сары-Челек бүлдүркөнүң сагындым,
Мен алыста сууң ичкен баламын.
Мен үстүңдө чабак уруп жүргөндө,
Кыялданып ырга толду кайыгым.
Кайырма:
Мен сизге күндөй ашыкмын,
Мен сизге гана ашыкмын.
Деңиздей бирде ташыпмын,
Темирдей бирде жашыкмын.
Жаш төгөт каза из үчүн,
Кыр оңой дебе кыз үчүн.
Уяттан жанып турсам да,
Жасагам баарын сиз үчүн.
Бактылуу жанга арнаңыз,
Мактанып доско айтпаңыз.
Көрсөткөн сизге кылыгым,
Көмүскө ичке сактаңыз.
Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында мунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Канык нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөк:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот.
Арасында мунарык,
Кирген нуру түн болот.
Жер, асманды жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Таптым, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..
Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атаң,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң -
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак —
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө –
Эки көзүң жайнаган,
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Талым кыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким болот?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан ким болот?
Жан бүтпөсүн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Көбөк:
- Узун, узун, узун жол,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкушту.
Талым кыз:
Акыл заман калкынын ,
Алпы белең эр Көбөк?
Атаңан калган соңундан,
Артык белең эр Көбөк?
Күнөөм болсо, кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп.
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.
Сөзү : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Обону : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Мейли тагдыр мага башың ийбегин,
Мейли тагдыр мага жарык тийбегин.
Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин
Мейли, тагдыр өлчө-калча, бийлегин,
Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын,
Медер туткан балдарыма тийбегин.
Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Андан өткөн мага байлык, бакыт жок ай,
Суранарым бир боорума тийбегин,
Бир тууганым, жакыныма тийбегин.
Мейли, тагдыр, айткан тилди албагын,
Бошко согуп, ташка согуп алдагын.
Жашап дайым өчпөс кылып түбөлүк, ай,
Жүрөктөгү сүйүүмө шек салбагын,
Түбөлүктүү доторума тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын,
Суранарым ата-энеме тийбегин.
Суранарым балдарыма тийбегин.
Суранарым эл-журтума тийбегин.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыстап кетсең дагы маңдайымдан,
Асмандан жылдыз болуп көрүнөсүң,
Ашыгып тоо суусундай чамынамын,
Ар дайым сен тарапка агыламын.
Алыста же жакында жүрөсүңбү?
Ар качан Ак маралым сагынамын.
Сагынып медер кылам элесиңди,
Саргайтпай ачык жообуң бересиңди.
Таңдагы тармал бутак болгум келет,
Талпынып чертип турган терезеңди.
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Шамал минсең жетпейсиң,
Санаа менен өмүргө.
Санасаң санаа бөлүнөт,
Өмүр менен өлүмгө.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурунку өткөн чагыңа.
Муунуң кетип карыса,
Ажал келет башыңа.
Алтындан кээжим тор түйүп,
Алганың калат бул жайда.
Алтын чырай, нур сөөлөт,
Арзыган калат бул жайда.
Күмүштөн кээжим тор түйүп,
Күйгөнүң калат бул жайда.
Күмүш чырай, нур дөөлөт,
Күткөнүң калат бул жайда.
Бул жалганчы дүйнөнүн,
Өлүмү ушундай куу жайда.
Беш тогоол болбой жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.
Пейили жакшы кем болбойт,
Этекти кессең жең болбойт.
Желкени кессең тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Ыргайдан катуу шиш болбойт,
Тууганың катуу болгон соң,
Мындан бир кыйын иш болбойт.
Арык койдун терисин,
Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды,
Ак кийизге салдырып,
Көтөргөн менен бий болбойт.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман киши кырс болот.
Каарына чындап алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн кас болот.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып таз болот.
Ат жакшысы боз болот,
Алганы жакшы жолукса,
Атасы душман – дос болот.
Бул дүйнөдө не карып?
Замандашы болбосо,
Карыя болор тез карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдыңы чалкар көл карып.
Айтып жүрөм ар кимге,
Аңгеме кылып мен карып.
Ойлосом сыздап ичимден,
Оюмда да жүргөн кишим сен.
Сүйкүмүң, ай, көздө, жүрөктө,
Сүйүүмдү мен кантип билгизем?
Жаштыктын кандай учуру,
Жалындап күйөм утуру.
Деңиздей ташкан сүйүүнүн,
Деги укмуш, ай, тура кызыгы.
Өзгөчө сүйүп, жалжалым,
Өзүмдү мен сага арнадым.
Өчпөстөн жансын махабат,
Өзүң бил, ай, эми ары жагын.
Өзүң бил, ай, эми калганын.
Сөзү : Насирдин Байтемировдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Таңда бир гана Чолпон, оо, өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан, бозой, мүнөзүң,
О, чиркин, жаштыктын алтын гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Эмгекке бирге баратсак,
О, чиркин, калбастыр арман тырмактай.
Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы, ээ-эй, сен Чолпон,
О, айдай бир жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жашоого мүрөк көлүнүн,
Кармасак алтын балыгын.
Жыргалда ойноп-күлүп ал,
Жыргасын гүлдөй өмүрүң.
Азыркы шайыр, ээ-эй, турмушта,
О, чиркин, гүлдөсүн асыл өмүрүң.
|