|
Сөзү : Бурул Рыскулбекованыкы
Обону : Асеин Добулбекованыкы
Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?
Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Бабалардан калган турмуш ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен кандайсың, жаным, көңүл ачууга?
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул өмүрдө өкүнүүлөр аз болор, эй,
Чалкып-көлкүп алсак жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай-жылдызга арзып колуң сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилейли.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин көлкүп-чалкууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен өзүмдү сага бүтүн берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Азыр сага таттуу өбүү берейин, ай,
Азыр мага таттуу өбүү тартуула,
Жаным, мага таттуу өмүр тартуула.
Сөзү : Т. Казаковдуку
Обону : А. Бедияровдуку
Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм, жашыл жолду,
Бөлүнбөй кете берем деген элем.
Бул турмуш деңиз тура кебелбеген,
Жакшылык, жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
Мен сени унутам го деген элем.
Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүмдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Эски там ээн турат кыштагыңда,
"Эбактан ээси жок" деп бузбагыла.
Түбү бир тууган болом мен силерге,
Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла.
Бозоргон боз там турса жол боюнда,
Боордош бирөө бар деп ойлогула.
Ата-энем ак тилектен салган эле,
Арбагын унут кылып койбогула.
Көз салып аз болсо да бак-шагына,
Жеримди алакандай сактагыла.
Тагдырга айла канча, барбай калсам,
Тизмеге балдарымды каттагыла.
Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен,
Бирок да жолдорубуз бөлөк экен.
Жамгырда бирге болгон жаштык кезди,
Жоготпой сезимиме сактап келем.
Кайырма:
Табийгат жашып турат неге тынбай?
Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай.
Арзууну жүрөктөгү эзген менен,
Ааламга жар саламын ырдай, ырдай.
Жамгырда чогуу басып атырган таң,
Түбөлүк чыкпай келет акылымдан.
Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп,
Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан.
Кайырма:
Окшотуп добушуңду сенин күлкүң,
Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм.
Жамгырдан сени бөлүп карай албай,
Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.
Кайырма:
Энеде улуу касиет,
Энеге эстүүлөр баш ийет.
Эскирбейт эненин сүйүүсү,
Эстесең, эстесең, эстесең дагы канча ирет.
Өмүрдү бизге тартуулап,
Өзүндө керемет барчылап.
Өлбөстүк бере албай кайра биз,
Өкүнтөт, өкүнтөт, өкүнтөт тура алчу жак.
Эненин аты теңдешсиз,
Мээрими дүйнөдө жеңбес күч.
Энени ардактап өтөлү,
Экинчи кайрадан, кайрадан туулуп келбеспиз.
Экинчи кайрадан, кайрадан туулуп келбеспиз.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан,
Өттү насыйкат
Тоолордон, талаалардан, э-эй.
Айкашканы азанатып,
Ат жалына казан асып,br>
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен "Сынган бугу"?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, эй?
Аппак марал ыры, жаңырдыңбы сен?
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат,
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран түнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Конушуңдан үркүп, жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда?
Моюндаш өскөн курак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен, эй?
Аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдө жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө, демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен!
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
Жебе жетпейт,
Чурка түйүлүп сен.
Аппак ак марал, аппак марал, жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө, демек,
Турбачы, ак марал,
Жетти жебе...
Чурка, түйүлүп сен, эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби?
Тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт,
Марал кубулуп, эй,
Кайып болуп кет эми!
Аппак марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат,
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, эй.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө,
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Талыбайт элдик үмүт,
Карыбайт элдик ырлар.
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң,
Аппак марал, неге күлүңдөдүң, сен...
Салмактуу, пейили кенен, асыл энем,
Жагылбай бизге тийген күнсүң десем.
Өстүрдүң элден артык аяр карап,
Балдарың, кыздарың дайым бирге силер менен.
Кайырма:
Энекем - берекем, атакем - пейили кенен.
Агарып бубак басты кара чачың,
Күн-түнү бизге арнадың өмүр жашың.
Биз баалап эмгегиңди, ак сүтүңдү,
Ызаттап, урматтап, таазим кылып ийем башым.
Кайырма:
Жайылган ырыскылуу дасторконуң,
Күн-түнү бизге арнадың өмүр жолуң.
Кош колдоп мага сунчу ысык нанды,
Сагындым мен, эстедим мен,
Берекелүү жумшак колуң.
Кайырма:
|