|
Билгиң келсе, жаным, жүрөктүн сырын,
Мен ырдайын сага махабат ырын.
Кереметтүү күчүн кимдер сезбеген,
Дирил каккан назик жүрөктүн кылын.
Сезимдердин ыйык төрүн ээлеген,
Өчпөсүнчү сүйүү миңдеген кылым.
Азгырса да жаркын турмуш жомогуң,
Аз өмүрдө ар ким - жашоо коногу.
Уч-кыйрына жеткис улуу мухиддей,
Улам кызык көркөм өмүр тоолору.
Ошондо да орду толбос башкага,
Оболосун махабаттын обону.
Канча кыйын болсо махабат табуу,
Андан кыйын дешет аздектеп алуу.
Жан дүйнөгө толгон махабат тапса,
Ал тагдырда күндөй алоолоп жануу.
Кайталангыс калкпыз ушул өмүрдө,
Болбосунчу өксүп өкүттө калуу.
Ордолуу Ош жериме,
Ооматы менен кут келсин.
Кайыптан бүткөн ырыскы,
Калкыма ыйык нур келсин.
Асманы ачык жериң, ай, укмуш,
Айлансын чексиз дүйнөгө.
Адамзат тапкан туурун,
Алышсын мезгил утушун.
Кан тамбай ыйык жериме,
Нур тамсын бейиш багынан.
Көч баштап келсин улуу эл,
Ала-Тоо ары жагынан.
Кыялдар канат байлап,
Асманга учсам дейм.
Тилегин элдин, тилегин жердин,
Айтсам дейм.
Кырсыгы бүтүп ыр калды,
Сыноосу бүтүп сырдалды.
Ала-Тоо кыргыз эл үчүн,
Ынтымак ыры ырдалды.
Ала-Тоо кыргыз жер үчүн,
Аруулук ыры ырдалды.
Жүзүңдү чайкап, мөлтүр сууң бойлоп,
Бүлдүркөн терип жүрчү элек ойноп.
Киндик кан тамган кутмандуу жерим,
Кусадар болом күн сайын ойлоп.
Долоно, чие, карагат жайнап,
Токойдо булбул тил безеп сайрап.
Жашоонун шаңдуу музасын чалып,
Көркөмүң мени тургансыйт арбап.
Ак чөлмөк ойноп атырчу таңды,
Армансыз күндөр өзүңдө калды.
Алыста жүрсөм дем берет дайым,
Өзүңдөн алган өмүрдүн шамы.
Сөзү : Нурак Абдрахманов
Обону : Нурак Абдрахманов
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Ыр угуңуз, сизге арналып жазылган,
Ыр артында өзүм бармын жашынган.
Гүл жыттанып, бал татыган үлбүрөк,
Сүйүү ырларын сүйөсүзбү, асыл жан.
Ыр угуңуз, бир аз токтоп, агатай,
Буулугуу жок, кудум баёо баладай.
Бул дүйнөдө болгон үчүн махабат,
Күндүзү күн, түндө көрүп жанараак.
Кайдан мага кыш сезимди жаз кылуу,
Махабаттан шарап сунуп мас кылуу?
Бар болгону убактыңды алармын,
Өзүмө окшош уяң ырым аркылуу.
Келбедим былтыр неге Ысык-Көлгө?
Өкүндүм, аттиң, ай, деп келбегенге.
Мен азыр көргөнүмдүн бирин койбой,
Айтармын көлдүн жайын көрбөгөнгө.
Айтармын көлдүн жайын көрбөгөнгө.
Мен сүйдүм Ысык-Көлдү ашыгымдай,
Жерде жок, көктө турган асылымдай.
Мен сүйдүм элим сүйгөн жакшы ырдай,
Уялаш баары бирге жакынымдай,
Кыйышпас баары бирге жакынымдай.
Ысык-Көл бейишиндей бул жалгандын,
Көңүлүн көкөлөтөт барган жандын.
Жыргал бейм жылуу сууң, алтын кумуң,
Өзүңдөн өмүр бою кубат алдым.
Сагынып келе берем Ысык-Көлгө.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Б.Мамаевдики
|