|
Көп жашаган карт дарактын жанында,
Картайганча бир болобуз дегенбиз.
Мен бактылуу сен бар үчүн жанымда,
Жазгы таңда чаңга аралаш келгенбиз.
Бурул тартып чач арасы суюлуп,
Улгаюунун алды жаңы туюлуп.
Сага деген оттой сезим өчпөптүр,
Жаштык кезден кетсек дагы бурулуп.
Сүйүү бизге мезгилинен кеч келип,
Сен экөөбүз бир бакытка тең шерик.
Кыя алганмын кымбат ошол кездердин,
Жүрөлүчү дайым бирге эскерип.
Сөзү : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Обону : Маматибрагим Бостонкуловдуку
Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр актыгыңды ийбегин
Мен оөүңдөн башка нерсе сурабайм ай
Суранарым ата-энеме тийбегин
Аска зоодой ата-энеме тийбегин
Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр байлыгыңды бербегин
Бул жашоомдо башка нерсе сурабайм ай
Суранарым бир тууганга тийбегин
Бийик туткан бир тууганга тийбегин
Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин
Мен өзүңдөн эч нерсени сурабайм ай
Сууранарым эл журтума тийбегин
Ыйык туткан мекениме тийбегин
Мен озундон башка нерсе сурабайм ай
Суранарым эл-журтума тийбегин
Суранарым кыргызыма тийбегин
Суранарым кыргызыма тийбегин.
Сөзү : Н.Алымбеков
Обону : М.Осмонов
Жүрөгүм ишенгенден ынайм сага,
Жузүңдү көрбөсөм да Кудай Таала
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Өзүмдү миң бир жолу алдасам да
Өзгөрбөй эсимдесиң Алла Таала
Бир жолу таразаңа түшөөрүм чын,
Миң жолу жакшы көрүп алдасам да.
Ыйманым болсо дагы бүгүн менин,
Баари бир коноктордун ичиндемин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жашоого күчүм менин.
Ооматтуу бул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жүрүүгө күчүм менин.
Жалбарып бир өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганда убай-санаа.
Обону : Эсенгул Жумабаевдики
Мен улутунам, "апа" деген сөз уксам,
Себеби мен андай сөздү унуткам.
Жер кучактап ыйлап жатып ойлоймун,
Же айтсачы кетер күнүн, аттиң, ай, мурунтан.
Таш боор белең, жаратылыш, ушунча?
Эне кетти кош айта албай уулуна.
Ар убакта эңсейм, апа, өзүңдү,
Жүрөк сыздайт сылык сөздүн, аттиң, ай, уусуна.
Небереңдин тили чыккан чулдурап,
"Чоң энемди таап бер" дейт ургулап.
Каңырыгым түтөп кетет ошондо,
Жүрөгүмдү жаткан өңдүү, аттиң, ай, ургулап.
Апакем, апакем,
Ыйлап, ыйлап жоктоймун,
Апакем...
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : А.Бедияровдуку
Сөзү : Осмонкулдуку
Обону : Элдики
Кадырлап катты жазамын,
Капамды мен качан ачамын.
Катымдын жообун кайра жаз,
Деги, сынбасын менин назарым.
Колхоз бир сенин турагың,
Кадырлаш эсен турамын.
Каттаган, өткөн кишиден,
Деги, билмексен болуп сурадым.
Карайып кашың коюлган,
Кадырың кетпейт оюмдан.
Сагынсаң салам жаза жүр,
Деги, сабатың сенин жоюлган.
Караймын, сенин жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Кат сабатың жоюлган,
Деги, кайтаргың эрте жообуңду.
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Асылкечим, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, көңүлгө ынак гүл болду.
Доорун сүйүп, элин мактап жактырар,
Көлдө сүзгөн аппак, чүрөк куу болду.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса.
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө,
Сан гүлдөрдөн сени гана издедим.
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Кымбатым менин, кыйноого салсам кечирчи,
Кылгырат көзүң, кыйбасым жаным десинчи.
Кылчактап араң узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми таарынтпайм сени экинчи.
Таптаттуум менин, таарынтып койсом кечирчи,
Түшүмө кирди тунжурай түшкөн кезиңчи.
Таң атпай, узак болду окшойт ошол түн дагы,
Таптакыр эми таарынтпайм сени экинчи.
Сагынчым менин, санаага салсам кечирчи,
Саналуу кеткен элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп сүйүп жыттагым келет жытыңды,
Жыргалым, бүттү, таарынтпайм сени экинчи.
|