|
|
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Бүт дүйнөм арман болуп,
Карекке жаштар толуп.
Жаш менен агып барам,
Эсимден танып барам
Армандарга, күйүттөргө,
Кайгыга батып барам
Ишенбеймин, ишенбеймин ал сөздөргө,
Кантип эле, кантип эле башка бүлөө?
Чокту салып, такты салып жүрөктөргө,
Тагдырга баш ийип, турмушка баш ийип,
Жашайбыз бул өмүрдө,
Жете албай сүйгөнүңө.
Токтобой жаштар улам,
Кайгынын жигин улай.
Асманым көчүп барат,
Көз жашым төгүп барам,
Армандарга, күйүттөргө,
Кайгыга чөгүп барам
Ишенбеймин, ишенбеймин жалгандарга,
Кантип эле, кантип эле ал башкага?
Жолдош кылып, курдаш кылып армандарга,
Жүрөккө кайгыны, көңүлгө кусаны калтырып кеттиң мага
Кош болгун, эх, садага.
Бактылуу болгун деп,
Таалайлуу болгун деп
Ак тилек арнайм сага,
Кош болгун эх, садага.
Басканы сонун маралдай,
Бачырайт, көктө, бар айдай.
Жайнаган түркүн гүл сымал,
Жаркырайт тегиз, бүт баары ай.
Суктантып көргөн көздөрдү,
Сулуулар өткөн бир даалай.
Кайырма:
Периште кыргыз кыздары,
Чачырап көздө нурлары.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары.
Жарашкан жанга келбети,
Жайкалган көлдүн бермети,
Жар салып аалам кезсең, да,
Бир гана жоктур теңдеши,
Жамалың жанды эргиткен,
Кымча бел, сулуу, келишкен.
Кайырма:
Сөзү : Кайрат Пиримбердиевдики
Обону : Кайрат Пиримбердиевдики
Таштадың санаага, акың бар беле?
Сагынтып жүргөнгө акың бар беле?
Саамайың сыласам, башка адамдай качасың,
Акың жок, сенин акың жок?!
Кайырма:
Жүрөгүмдү оорутканга акың жок
Жаш сүйүүмдү басынтканга акың жок.
Эми сени унутканга алым жок,
Таштаганга сенин акың жок.
Таң эрте түшүмдө көрүнөт элес,
Аттиң ай, ал элес кайрадан келбес.
Өкүнтүп жалгыздык азабына таштадың го,
Акың жок, билгин, акың жок.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Данияр Эрматовдуку
Алыстаба менден жаным,
Качпа сенден суранамын.
Бүт оюмду ээлеп калдың сен
Жүрөк оту күчөп барат,
Сен жок калса жалгыз калат,
Сезимиме бүлүк салдың сен.
Кайырма:
Карагат көздөрүңө мен
Баары бир жетип аламын.
Ээрибес жүрөгүңө мен,
Көрөсүң ачкыч табамын.
Мүнөзүң катуу тоготпос,
Баш ийет мага баары бир,
Кыялың эрке жолотпос,
Табат го менден сүйүүнү.
Жүрөк байкуш ооруп турат,
Сезим гүлү соолуп турат,
Бакыт берчи мухит тамчы сен.
Күндө багыт таба берем,
Мен өзүңө бара берем,
Ак сүйүүмдү кабыл алчы сен.
Кайырма:
Кыялым байланат,
Ырларым арналат,
Өмүрүмдү арнасам сага...
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Ата-энемди алдыңызга алып барайын,
Ата-баба салтын улап, сөйкө салайын.
Ашык болгон бир жигиттин багын байлабай,
Сынап көргүн, сындан өтсөм анан алайын.
Кайырма:
Гүлүм кайнене,
Менин күнүм кайнене,
Күлкүсүнөн нур төгүлгөн.
Айдай кайнене, айдай кайнене,
Ашыгымды алып келген алтын кайнене,
Ак батаңды аябастан бергин, кайнене.
Алда качан кызыңызды көндүрүп алгам, сүйдүрүп алгам,
Мен да ага ашык болуп арбалып калгам, байланып калгам.
Жан дүйнөмдөн орун алса, гүлдөй кызыңыз.
Анан кантип ыр ырдабай коём, кайнене?
Сөзү : Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Эдил Маматов, Султан Садыралиевдики
Сүйлөмүн махабаттын,
Сүйүүнүн балын таттым.
Сүттөн ак сезимдери,
Сүйүүлөр айрылбасын.
Кайырма:
"Сагындым сени" деген күн өтсө,
Сагыныч болсун терең жүрөктө.
Сүйдүргөн, күйдүргөн,
Сүйүүдө болбойт ченем, күнөө.
Ашыктык ыры менен,
Ааламга даңктап келем.
Маңдайда болсун жазуу,
Махабат, сүйүү деген.
Кайырма:
Жүрөктү жаралаган,
Жамгырдай салаалаган.
Акактай аруу сезим,
Ааламды аралаган.
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : KG Эльмураттыкы
Жан дүйнөмө толду кусалык,
Калгам сага тушалып.
Ал ансайын өтүп убакыт,
Ак сүйүүм барат күч алып.
Кайырма:
Карагат, карагат кара көзүңдү,
Бал ширин сөзүңдү,
Сагындырдың, карааныңа зар кылдың.
Аралап, аралап издейм көчөңдү,
Түшүнбөй өзүңдү,
Не себептен, эмне мынча таарындың?
Кара көзүм деги кайдасың,
Айтсаң жашоом жайнасын.
Көзүм жетпес кайсы жайдасың,
Таппай келем айласын.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Келбе деп айтасың эркелеп,
Кечиктимби билбеймин, кезигүүгө келбедиң.
Кеч дебе, күткөнмүн мен деле,
Кечиргин, менин жүрөгүмдү эзбе.
Кайырма:
Күндөр түн жамынса да,
Менден көңүл калса да,
Жарык берчи жан дүйнөмө, таарынба.
Сендей табылбай мага,
Жаным, жалынам кайра,
Бактылуулук тартуулачы сен мага.
Бир сендей табылбайт...
Сыр бербей сыздаймын кечтерде,
Сагынганым айтармын мен кези келсе.
Эркелеп эч кимге бербе деп,
Жүргөн күндөр кайра келсин эртелеп.
Кайырма:
Жалгыз сен, жаныма келчи сен,
Жарык берчи күндөрүмө, келчи берчи дем.
Таптаза, сезимдер таптаза,
Сага болгон махабатым башкача.
Кайырма:
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайымды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Кайырма:
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен дегем!
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.
Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Кайырма:
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө кайрадан баргым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда кездөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө түбөлүк калгым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сөзү : Мелис Айдаркуловдуку
Обону : Рамис Алииевдики
Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Сен эркелеп, мен бактылуу,
Күндөр ал эми кайрылбайт өткөн.
Жолукпа, жок, башкасың сен, мен да,
Жүрөгүм муз, жылдызым өчкөн.
Кайырма:
Күтүп күн өттү, аппак кар, кыш келди,
Күз өтүп, капыстан көчөдөн кездешсек.
Карабай кете бер түз өтүп,
Карааның карекке түнөтүп.
Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Жолукпасаң жолукпагын сен.
Бир кездерде жанып турган ак сүйүүм сага,
Ал күндөрүм түгөнбөстөй сезилген анда.
Мейли, мейли, кетсең мейли, бирок мени сагынба,
Жүрөгүмдү кыйнап кайра, кайрылба мага.
Кайырма:
Жан, өзүңө сүйүүмдү айта албаймын,
Көңүлүмдө бир өзүң кайра жанбайсың.
Өмүрүмдү бир сага арнаган элем,
Эми, жаным, мендейди таба албайсың.
Өттү күндөр, айлар өттү, жылдар арадан,
Жүрөк сыздап, муңга толбойт эми кайрадан.
Мейли, мейли ыйласам да, өттү күндөр арадан,
Билгин, жаным, сезим жанбайт эми кайрадан.
Жигиттербиз шок, жүрөгүндө от,
Ар түркүн кыялга баткан,
Сезимде кир жок, көңүлдөрү ток,
Кайгысыз көчөдө баскан.
Кайырма:
Оппа, оппа жигиттер,
Жаштыктын жүрөгү.
Оп, эй жигиттер,
Намыстын тиреги.
Оппа, оппа жигиттер,
Сүйүүгө мас болгон,
Оп, эй жигиттер,
Калгыла жаш бойдон.
Жалындуу жүрөк, жүз кызды сүйөт.
Жакшы кыз табышты Кудайдан тилеп.
Кара көз сынап, чыкпаса кыйнап,
Калабыз көчөдө түнөп.
Сүрөттөрү көп, бирк бирдик жок,
Телефон көтөрөт темеле кымбат.
Көз айнек тагат, колунда бар саат,
Акча жок чөнтөктө сурасаң чындап.
Жашообуз кызык, тилектер тунук,
Максаты аскадай бийик.
Жолдон кайтпаган, жок деп айтпаган,
Биз азыр берешен жигит.
Кайырма:
Мактанууга зар, машинеси бар,
Сурасаң баары бир атасыныкы ал.
Колунда бүт бар, ишетеген иши бар,
Дагы да, атасыныкы да ал.
Силерде өзү эмне бар, а?
Жигиттерде күч бар, таттуу көргөн түш бар,
Көңүлдүү ыргак, акчадан кымбат.
Улууга урмат, кичүүгө ызат,
Жаштык, сүйүү, намыс,
Жакшы нерсе бүт бар.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден,
Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем.
Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен,
Каалаган максатыма мен баары бир жетем,
Баары бир жетем.
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.
Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем,
Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен.
Удургуп, ташкын болуп агылсам дагы,
Урагыс пайдубалын мен, баары бир жеңем.
Баары бир жеңем
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.
Сөзү : Ш.Келдибекованыкы
Обону : Т.Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком, албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок, менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок, менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр-түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган?
Кайырма:
|