|
|
Келчи жаным сагынып кеттим,
Оттой жандым, нөшөрлөй төктүм.
Жаным менин келет го кээде,
Канат кагып куш болуп кеттим.
Алсыз жүрөк кыйнады жанды,
Мончок болду көзүмдүн алды.
Сагынычтын кесеси толуп,
Уйкусуз түн атырдым таңды.
Кайрыма:
Канча көктөм чакырса да мени алдап,
Мендик жүрөк сенде калган бир арман.
Сени көргөн күндөн баштап сүйгөнүм,
Мен лейлимин сагынчка камалгам.
Сактадыңбы мени эсиңе?
Эстейсиңби, эстейсиңби?
Сенсиз өткөн күндөрүмдүн баары арман,
Сенсиз өткөн түндөрүмдүн баары арман.
Деңиздейсиң толкунуң күчтүү,
Менин сүйүүм өрттөн да күчтүү.
Сен кайдасың көктөмүм менин,
Сары күздүн салкыны түстүү.
Араласам алтын багыңды,
Өчкөн үмүт кайра жагылды.
Сагынычтан саргайган менин,
Ким түшүнөр ашык жанымды.
Кайрыма:
Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын,
Кызыл гүлдү сабагынан кармагын.
Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай,
Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын.
Кайырма:
Аралаба топ кыздарды,
Кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
Ошол эле жетпейби.
Асманда ай да сулуу, күн да сулуу.
Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу.
Асманда жымыңдаган жылдыздардай,
Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу.
Кайырма:
Аралаба топ кыздарды,
Кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
Ошол эле жетпейби.
Сөзү : Айпери Кубик кызыныкы
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Дуба кылалы мусулман бир туугандарга,
Дуба кылалы ден соолугу ооруганга.
Турмуштан кыйналганга, муңайып ыйлаганга,
Баарыбыз дуба кылалы.
Көңүлү сыздаганга, жүрөгү муздаганга,
Келгиле дуба кылалы.
Дуба кылалы бул дүйнөдөн кеткендерге,
Дуба кылалы ыйман нурун сепкендерге.
Жолунан адашканга, бийликти талашканга,
Келгииле дуба кылалы.
Карызга баткандарга, кан жутуп жаткандарга,
Келгиле дуба кылалы.
Дуба кылалы алтындай ата-энелерге,
Дуба кылалы жер караган жетимдерге.
Ал бизди дайым угат, сурасак кабыл кылат,
Жалгыз Алладан сурайлы.
Ал бизди көрүп турат, сурасаң кабыл кылат,
Келгиле дуба кылалы.
Түшүнсөң бул дубаны, мусулмандын куралы,
Келгиле дуба кылалы.
Ал бизди көрүп турат, сурасаң кабыл кылат,
Келгиле дуба кылалы.
Дуба кылалы...
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Билинбестен дүйнөмө куруп шаң,
Бир пери бар, ал бийик булуттан.
Бүтүндөй ал, бүтүндөй тунук жан,
Көңүлдү жылыткан.
Көз уялып чагылат нурунан,
Желге ойногон, ах, чиркин, жытыңан!
Муздак көңүл билинбей жылыган,
Сени менен жылынам.
Кайырма:
Көңүл бөлүп карачы, көпөлөктүн канаты -
Бул көңүл...
Суранамын, аячы, сезимдердин тазасы -
Бул көңүл...
Теңелейин сени менен булутка,
Сага болгон ак сүйүүм тунук да.
Көңүлдөгү адамсың, унутпа,
Суранам, унутпа.
Кайырма:
Көз уялып нуруңдан жалтанган,
Көркү сүйкүм чалкыган акмаржан
Көңүл гүлүн издеп мен ар таңдан,
Калбай эч аркаңдан.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Бүгүн сенин чыккым келбей багыңдан,
Бүгүн сенин кетким келбейт жаныңдан.
Ошол күнү эки жүрөк кыналып,
Ошол күнү эки сүйүү кубанып,
Ошол күнү эки тагдыр уланып,
Сүйүүнү биз баштаганбыз жаңыдан.
Кайырма:
Оо, бийиктик, бийик болбо сүйгөнгө,
Оо, тереңдик, терең болбо күйгөнгө
Оо, жарык нур булуттарды түрүп кой,
Таңга кошо жүзүң жерге тийгенде.
Сендей эч ким ээлеген жок сезимди,
Сендей эч ким көгөрткөн жок чөлүмдү.
Сендей эч ким жарыткан жок кечимди,
Сендей эч ким багынткан жок көңүлдү
Сенден албай карыктырып көзүмдү,
Сени күтүп, зарыкканым төгүнбү.
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Ыйлап жатып кайра күлүп ойгондум,
Анан сага алып барчу жолдордун.
Кучагында кубанычка мас болуп,
Жалгыз гана сен жөнүндө ойлондум.
Кайрыма:
Неге мынча жаралгансың башкача?
Сенин дүйнөң аруу, жарык, тап-таза.
Менин жашоом болот эле караңгы,
Көзүм сокур өтмөк сени таппаса.
Канча сени келет ырга көчүргүм,
Канча бирин бирок кайра өчүрдүм.
Неге мынча эбедейим эзилет,
Тийбесе экен сага көзүм өзүмдүн.
Асман ачык болчу ал күнү,
Асфальт жолдо турдуң курбуң күтүп.
Арбайт өткөндөрдү сенин күлкүң,
Эми сулуу пери ойлон терең,
Өмүр өтө бербейт күлкү менен,
Жашоо асфальт жолдой болсун кенен.
Кайырма:
Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың,
Ай, ай, шашыласың.
Ай, ай, жаш курагың жашырасың.
Сезим ойгоно элек сенин жүрөгүңдө,
Сельфи телефондо, бардык сүрөтүңдө.
Убактың өтөт интернет түйүндө,
Күндө да, түндө...
Жашоо виртуалдуу дүйнө эмес,
Жаштык, жарашыктуу жашыл белес.
Жаркып, жайнап турат карап көрчү,
Дүйнө сендей керемет.
Кайырма:
Балким кыялдарың өтө бийик,
Болгун кыялыңдай сен да күлүк.
Жаша бир адамды чындап сүйүп.
Кайырма:
Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың,
Ай, ай, шашылбачы.
Ай, ай, жаш курагың жашырасың.
Келчи жаным, жаныма келчи,
Сүйүү жөнүндө ыр ырдап берчи
Жүрсө деймин дайым жанымда.
Жүрөгүмдөсүң жалгыз сен өзүң,
Кандай сонун сенин мүнөзүң,
Сен деп ырдайм бүт ырларымда.
Кайырма:
Асманда жанган жылдызым,
Кусалыкка салбагын мени,
Жанымда жанган жылдызым,
Ырларымда ырдаймын сени.
Сенде жатат менин сырларым,
Арзуум айткан, обон ырларым,
Айлуу түндү алмаштым таңга.
Бакытымда, байлыгым сенсиң,
Бал жашоомдун баардыгы сенсиң,
Бар мүнөзүң жагымдуу жанга.
Кайырма:
Кантсем эми?
Айтчы деги...
Сүйөм сени...
Сен турган жер ыйык мага бейиштей,
Сени менен телегейим тегиздей.
Мени кандай мээнет менен өстүрдүң,
Балалыктын бактысынан кемитпей.
Кайырма:
Апакем менин ынагым,
Маңдайда өчпөс чырагым.
Эсен-соо болуп биз менен
Жайнасын көлдөй жамалың.
Бейиш жыты, балким эне жытындай,
Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай.
Болгон үчүн энелердин мээрими,
Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай.
Кайырма:
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Ар ишке майдаланып киришпеген,
Адамдык сапат менен бийиктеген.
Бүт бардык сапатыңды баалайм дагы,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.
Суранам жерге түшүп майдаланба,
Жамандын жаман кебин пайдаланба.
Сабырдуу, жөпжөнөкөй, аруу бойдон,
Сапатың бузулбасын кайда барба.
Кайырма:
Сен менин бийигимсиң, бийигимсиң,
Турмуштун таттуулугу сени менен.
Сен менин жашоодогу тирегимсиң,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.
Сен менин көктө ачык асманымсың,
Кудайдан көксөп жүрүп тапканымсың.
Сен менин коюу түндү жарык кылган,
Береке чачып турган ак таңымсың.
Сен мага айдай болуп тийип турчу,
Күлмүңдөп күндөй болуп күлүп турчу.
Сыртыңдан сыр көрсөтүп койсоң мейли,
Ичиңден эркелетип сүйүп турчу.
Кайырма:
Сөзү : Замир Арыкбаевдики
Обону : Замир Арыкбаевдики
Сөзү : Максат Абдыкаровдуку
Обону : Максат Абдыкаровдуку
Кадырымды билбедиң, баркым сезбедиң,
Жесир калган улактай неге кектедиң.
Унутпаймын жалооруп карап турсам да,
Башканын сен колун кармап узап кеткениң.
Кайырма:
Сенсиз деле жашоом зынк, эй жашап жүрөмүн,
Сенсиз деле өтүүдө менин күндөрүм.
Сенсиз деле күн батып, таңдарым атат,
Сенсиз деле бул өмүрдүн доорун сүрөмүн.
Мейли кетсең кеткиниң, кайра келбегин,
Алоолонгон сүйүүмдү өзүң сезбедиң.
Балким сүйүүм билерсиң анда кеч болот,
Кечир мени мен да сага кайтып келбеймин.
Кайырма:
Кош бол эми жазбаймын сен деп ырларды,
Кош бол эми тартпаймын сен деп муң-кайгы,
Сүйгөнүм чын, а бирок сүйүүдөн дагы,
Жигит үчүн андан өткөн намыс турбайбы.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Тотомидин Жолдошовдуку
|