|
|
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Мендик болуп жаралгандай,
Махабатты таптым мен, ай.
Арбаламын көзүм албай,
Бассаң маралдай.
Кыялдар учат сабалай,
Карегиме толдуң айдай.
Карай берем көзүм талбай,
Менин жаным, ай.
Кайырма:
Жылдыздай жана бер,
Бакытка жетелей.
Эч кимге теңебейм,
Эркем, берекем.
Жанымда болчу дейм,
Татына, таттуум сен.
Издегем, издегем,
Таптым периштем...
Күнгө теңейм жамалыңды,
Түбөлүккө болчу жарым.
Бакыт даамын таталычы,
Болсоң күн, айым.
Сүйүү багын сага ачайын,
Сүйүү гүлүн сунайын.
Сүйүү жолунда басалы,
Бирге биз дайым.
Кайырма:
Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таңкы салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрсөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматов, Дайыр Исмадияровдуку
Издеп жүрүп кыялымды,
Капысынан таптым, дароо жактың.
Эч ийилбес жүрөгүмдүн
Тилин кантип таптың, өзүңсүң бактым.
Кайырма:
Жашоонун шаңын,
Бакыттын даамын сезип жатам.
Сезимдин сырын,
Жүрөктүн үнүн кантип катам?
Үмүтүм жанып, талайлуу бакыт издеп жатсам,
Бир өзүңдөн таба алам.
Бакытымсың бүт өзүмдү арнаган,
Колдон эмес жүрөктөн да кармаган.
Бул жашообуз деңиз болсо чалкыган,
Бир бололу биз кемеде калкыган.
Бир ааламда жашасак
Кайда жүрдүң алыста, болмок табышсак.
Жашоо бизди жакындатып
Келген тура карыштап, тагдыр табышмак.
Кайырма:
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Эгер болсо таарыныч,
Не кыласың таарынып?
Өткөн өттү кел, досум,
Келечекке кам уруп,
Жайнамазга баш уруп.
Жакшы адамдар доско бай,
Көңүл сүйгөн достор бар.
Бири-бириңди чансаң да,
Тарых чанбас жолдор бар.
Гүл өстүрүп көңүлгө,
Не бир сонун сөздөр бар.
Өз апаңдай тиктеген,
Мээрим толгон көздөр бар.
Жакшылыктар көп болуп,
Кудай көзү түз болуп.
Жүрөйүнчү түбөлүк
Досторума дос болуп,
Бактылуулук коштолуп.
Жакшы адамдар доско бай,
Аке-үкө достор бар.
Жакшы күндөр көп болот,
Бизди күткөн тойлор бар.
Бал тамызып көңүлгө,
Не бир ширин сөздөр бар,
Наристедей тиктеген,
Таза, тунук көздөр бар.
Кандай адам доско бай,
Жүрөгү от шоктор бар.
Беш маал намаз окуган,
Ыйман толгон достор бар.
Нур тамызып жүрөккө,
Не бир хадис кептер бар.
Досту досум деп билип,
Кадырына жеткен бар.
Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун бийлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.
Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип көзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.
Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Кыска этек киесиң,
Кылыктуу жылмайып жүрөсүң.
Кыйналып ичимден,
Кызганып жатканым билесиң.
Сымбатың менен сыйкырлап мени,
Санаага ойду чырмап салдың.
Жашоомо бакыт тартуулап анан,
Жүрөктү аста уурдап алдың.
Кайырма:
Саамайыңа күндү илейин,
Сен да мага көңүл бурчу!
Махабатым билдирейин,
Токтой турчу!
Сезимимди океандай,
Сен да туюп кабыл алчы.
Эзе бербей өчүң бардай,
Аясаңчы!
Көзүңдү боёйсуң,
Көңүлдү азгырып коёсуң.
Кокустан кез келсек,
Көрсөң да, көрмөксөн болосуң.
Жамалың менен жадырап карап,
Жанымды торго илип алдың.
Жомокто сулуу периште сымал,
Жүрөккө аста кирип алдың.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сага гана, эрким сынып багынамын,
Эригемин, кагыламын, сага гана.
Сага гана, эрке суудай агыламын,
Эркелеймин, таарынамын сага гана.
Кайырма:
Сага гана жагынамын,
Сени гана сагынамын.
Сени менен бир болсом деп,
Жаратканга жалынамын.
Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын,
Жүрөгүмө батырамын, сени гана.
Сени гана, күн-айымдай аркаладым,
Гүл багыма алып барамын, сени гана.
Кайырма:
Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал,
Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен.
Сени менен, куланбаган тактыдамын,
Кубанычта, бактыдамын, сени менен.
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ал менин арманым, азапка салганым,
Армандуу ыр ырдап өзүңө арнадым.
Жашайт ал дүйнөмдө жашырбай айтайын,
Жүрөгүм сүйөм дейт түбөлүк аны дайым.
Адашкан жолдордо
Сүйүүм бар бул жашоомдо.
Жүрөгүм ыйласа,
Батамын ойлорго.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.
Кайырма:
Сүйгөнүм сүйүүм менин,
Сагынып жашаган кезим.
Оттой жанган ал күндөрдү,
Жалгыздыкта мен эстеймин.
Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде,
Сүрөтүн караймын сакталган дептерде.
Кусалык курчаса кайрылам эскере,
"Кайтарчы сүйүүм" деп жалынайын кимге?
Ал менин сүйгөнүм,
Ардактап жүргөнүм.
Азаптуу күндөрдө
Алмашпайт жүрөгүм.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Билет элең жүрөк туйласа,
Кымыздыктай болуп куураарым.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу сенден сураарым.
Сөзгө сөздү араң уладым,
Оо, Жами...
Сага арнап төрт сап курадым,
Ой, Жами...
Угуп койчу махабат ырды,
Сен үчүн деп ырдап турамын.
Кайырма:
Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами,
Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами.
Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами,
Даниярың болоюн сенин,
Болоюн сенин...
Билемин мен уулуңду дагы,
Колуңдагы шакегиң барын.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу мага бир, жаным.
Эбептен мен себеп табамын,
Бир күнү үйүңө мен кирип барамын.
Ой, Жами...
Жүрөктөгү болгон сырымды,
Көздү жумуп айтып саламын.
Кайырма:
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : С. Бейшекеевдики
Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.
Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.
Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Бала күнгө кетеличи, апаке!
Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи, апаке!
Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетеличи, апаке!
Аруу күнгө кетеличи, апаке!
|