|
|
Сөзү : Жолболду Алыбаевдики
Обону : Жолболду Алыбаевдики
"Чолпонум" деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан
Күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып
Түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага
Сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай
Түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн
Булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да
Бир өзүңдөн башканын.
Бирибиз тоо, бирибиз түз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жаз, бирибиз күз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жай, бирибиз кыш болдук го, Чолпонум.
Бирибиз чөл, бирибиз сыз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз кант, бирибиз туз болдук го, Чолпонум.
Бир бутакка коно албай, Бир уяда боло албай.
Күкүк менен зейнептей
Куш болдук го, Чолпонум.
Куурап калган тардырга
Биз туш болдук го, Чолпонум.
Каныкейдей кадырлап
Барктап өтөм дечү элең.
Алтын чынар теректей
Шактап өтөм дечү элең.
Айчүрөктөй актыгың
Сактап өтөм дечү элең.
Жаралансаң ок тийип,
Аттап өтөм дечү элең.
Алыс кетсең
Санаага түшүп жүрөм дечү элең.
Кенжесиндей Төштүктүн
Күтүп жүрөм дечү элең.
Күмөн ойду көңүлгө Жармаштырбайм дечү элең.
Күмүшүндөй Жаныштын да Алмаштырбайм дечү элең.
Жолугушчу ар качан жерден күтөм, Чолпонум,
Бетегеси буралган белден күтөм, Чолпонум.
Жаздын күнү жолукчу жайдан күтөм, Чолпонум,
Агын суусу шар аккан сайдан күтөм, Чолпонум.
Күздүн күнү жолукчу түздөн күтөм, Чолпонум,
Кыштын күнү жолукчу, үйдөн күтөм, Чолпонум.
Баягыдай дагы эле жолдон күтөм, Чолпонум,
Батыш, чыгыш, оң бетинде, солдон күтөм, Чолпонум.
Күтүп жүрөм, Чолпонум,
Күтө берем, ий, Чолпонум.
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Сен гүл болсоң, сабагың бар мендей,
Сүйүп жүзүңдөн эзилем.
Сен күн болсоң ак нуруңа балкып,
Айдан келген перим сен.
Кайырма:
Мен өзүң үчүн жаралгандай,
Бактылуумун кайгым аздай.
Менден тунук сүйүү күтсөң,
Сен деп сүйүүм жаралагандай.
Эркелетип ак жүзүңдөн сүйсөм,
Эркелейсиң сен ансайын.
Жүрөгүмдүн жарымы сенде,
Түбөлүккө биз бир болсок.
Кайырма:
Көктөгү айсың, бүтпөгөн ойсуң,
Кайдасың, жаным, неге сен көрүнбөйсүң?
Сени издеди бул жүрөк,
Кайда жүрдүң, менин асыл сүйгөнүм?
Кайырма:
Сени, сагындым, сени,
Сыздады жүрөк.
Жанымдын эми,
Сагындым сени.
Ичимде муңдуу, сүйөсүң кимди?
Бакытым менин, тилеймин амандыгыңды.
Бар жакшыны сен деймин,
Сенден башка эч кимди мен көрбөймүн.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Сөзү : Т.Нурматовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Күлүп таң атып,
Ырдап шаңданып,
Алга карай, жанып барамын.
Бассам жарашып,
Баары мага ашык,
Мен турмуштан бакыт табамын, ырдай.
Кайырма:
Бий менен сеземин,
Бакытка жетемин,
Булуттай асмандагы,
Бийикке кетемин.
Сен дагы талбай,
Мезгилден калбай,
Күлкү менен жашоо баркын сез.
Жаркын күн таңдай,
Жаркырап айдай,
Ырдап, бийлеп жакштык кезди сез биз менен.
Кайырма:
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Э.Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Гүлжигит Сатыбековдуку
Биз ал кезде талдай жаш элек,
Аруу элек, сулуу, наз элек.
Он гүлүнүн бири ача элек,
Жакшы ырлардай ширин, наз элек.
Кайырма:
Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...
Ошондо биз өктөм, жаз элек,
Аруулукка кумар, мас элек.
Жалганчылык жанга бата элек,
Жашоонун шор даамын тата элек...
Кайырма:
Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...
Жакшы ырлардай ширин, наз элек...
Сөзү : С. Жээнбаевдики
Обону : Жамил Карабалаевдики
Ош шаарым оргуштаган Ак-Буураңды,
Жээгинде мен отурамын.
Сагынып келдим сага, билесиңби?
Көчөңдө калган жаштык, издеримди.
Кайырма:
Ош шаарым жаштыгым сен,
Жүрөккө жалын берген.
Ош шаарым сагындым мен,
Жаным биргем.
Ош шаарым кылымдарга кучак жайгын,
Көбөйүп, өнүп-өссүн урпактарың.
Чеп тура берсин түбөлүккө,
Ыйык тоо көк мелжиген Сулайман тооң.
Кайырма:
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.
Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.
Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.
Кайырма:
"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Аппак карды жамынып,
Алтын аяз тагынып,
Жаңы жыл да кирип келди жаңырып.
Ак тилектер баарысын,
Ийгиликтер курчасын,
Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын.
Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын.
Кайырма:
Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин,
Кирип келген жаңы жыл.
Элибизге тынчтык алып келсин,
Куттуу болсун ушул жыл.
Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин,
Шаңга бөлөп жаңы жыл.
Жакшылыктын баарын арнап кетсин,
Узап жаткан эски жыл.
Кубанычтын жыргалы,
Ушул күндө убайы,
Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы.
Жылдын ар бир убагы,
Бул өмүрдүн булагы,
Маани берип өткөрөлү жылдарды.
Амандыкты, жакшылыкты сурайлы.
Кайырма:
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эркин Мээрканов
Жакшы дос өчкөн жанга от берет,
Жаныңды жан досуңа кош демек.
Жаркыбай жалаң гана майрамда,
Жабыкканда жарык берген дос керек.
Көрө албас, ич тардыкты жойгула,
Бөлүнбөй акыреттик болгула.
Сыр билги досуң тунук күзгүдөй,
Сынып калса келбес кайра ордуна.
Кайырма:
Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай,
Тунук бол көз жаштай, досторум менин.
Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас,
Күн болгун батпаган досторум менин.
Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды,
Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды.
Күн достор силер менен бөлүшөм,
Бир тууганга билдирбеген сырымды.
Күлгүлө карегимден баш багып,
Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып.
Баарыңды күн достор деп атадым,
Бар да силер баскан жолум жапжарык.
Кайырма:
Дооруңда түркүн адам кабылат,
Дос изде, душман өзү табылат.
Ар убак нурун төксө күн достор,
Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Көңүлүм тартып өзүңө буруп,
Кыялданып жаныңда туруп.
Ойлорум бүтпөй сага умтулуп,
Бакыттын жолдорун экөөбүз куруп.
Кайырма:
Жалгыз дарак бизди карап,
Жалбырагы шыбырап.
Курчап кучагына, Т
Тунук сезим тартуулап.
Керемет убак уланса экен,
Деп тиленип ичимден бекем.
Көпкө биз турдук сырдашып кенен,
Арнашып сөздөрдү жүрөк дегдеткен.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Асман жалгыз, мен жалгыз,
Адам болбойт армансыз.
Тузагында тагдырдын,
Бирге болбой калганбыз.
Эсте уюп элесиң,
Унута албай бир өзүң.
Турмуш бизди бир кылбай,
Туюп сүйүү жемесин.
Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Неге, жаным, кайрылбадың?
Сагынамын ардагым деп,
Санаа тарттым жообун издеп.
Күтүп келем, күтүп келем,
Карааныңды үмүт менен,
Кең дүйнөдөн жай таба албай,
Күтүп келем, күйүп денем.
Уйкусуз таңдар атты,
Жан дүйнөм алдан азды.
Ой бөлүп эстей берип,
Жалгыздык жанга батты.
Өчүрө албай жүрөгүмдөн,
Өрт-жалында жүрөсүң сен.
Өмүр өтүп кеткиче,
Бир өзүмө келесиң сен.
Кайырма:
Күндөрдүн биринде мен жолуктургам сени,
Бир көрүп жүрөгүмдүн музу эриди. Себеби сен ачылган гүлдөйсүң, Мен аны үзбөй түбөлүк сактайм...
Кайырма:
Сезимдин аппагын,
Бир сага арнадым.
Мен өзүңө бекем байландым.
Сезимдин аппагын,
Бир сага арнадым.
Мен өзүңө бекем байландым.
Сүйдүм сени аябай, мен арнайын баарын,
Айтайын сага сүйүү саптарын. Себеби сен ачылган гүлдөйсүң, Мен аны үзбөй түбөлүк сактайм...
Кайырма:
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага,
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда.
Тагдырым белек берген бакытымды,
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы?
Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем,
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем.
Мөлтүр таза менин сага махабатым,
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын.
Жүрөгүмдүн оттой ысык алоосу сен,
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен.
Жан биргем деп жандап жүрсөм сезим арнап,
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт.
Кайырма:
Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт,
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет.
Айперидей жамалыңды бир көрүүгө,
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.
Кайырма:
|