|
|
Сөзү : К.Айтбосуновдуку
Обону : К.Айтбосуновдуку
Сага арнадым садагам менин
Махабатым жалгызым сенсиң
Сүйүү оту өчпөй келемин,
О, секелек сезим терметтиң
Таңкы жылдыз жаркырап жанат
Алоолонуп жүрөгүм самайт.
Жалбарамын жараткандан мен,
Бирге болсок кайрадан экен
Кайырма:
Асылым эркем журөк эргиткен
Махабатка мен кол сунуп келем
Айтарым сага арманда калба
Ойлорумда сен кана...
Айлуу түндө ай чачат жарык,
Ак булуттар асманда калкып.
Күндөн күнгө убакыт учат,
Ушунчалык каякка шашат.
Эңсей берем элесиңди мен
Эч тынымсыз жүрөк эзилген
Эрдиңе эч жете албадым
Бактылуу бол менин ардагым
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Теңсинбей көптү чырайыңа
Термеле басып эмне пайда?
Ачылган гүлсүн, билемин аны,
Мендей ашык көптөр сага.
Кайырма:
Ашыгым, жүрөгүмдү арнайын,
Бирге болчу сен дайым.
Ууз сүйүүмдүн балын мен,
Бир өзүңө арнайын.
Какпачы жаным каш-кирпигиң,
Кайышып турат жаным менин.
Таңдагы нурсуң сен мен үчүн,
Жүрөгүмө жарык чачкан.
Кайырма:
Эргитип сени кучагыма,
Эрдиңден сүйөм качан гана.
Алыстан сүйүп акмалап жүрүп,
Өтөмбү же жанып күйүп.
Кайырма:
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : А.Акимовдуку
Көздөрүңдүн нуру тамып,
Жүрөгүмө бүлүк салып,
Ойготтуң сен сүйүү сезимди.
Махабаттын балын таттым,
Кара көзүм, сени таптым,
Ашык болдум аны сездиңби?
Кайырма:
Кара-кара көздөрүңө,
Шыңгыр тунук күлгөнүңө.
Суктанамын, арбаламын, жаным, садагам.
Ширин-ширин сөздөрүңө,
Кара-кара көздөрүңө,
Суктанамын, арбаламын, жаным, садагам.
Тунук, таза мөлтүрөгөн,
Кара мончок көздөрүңдөн,
Сүйгүм келет сени жүзүңдөн.
Көргөн жанды арбап алат,
Көздөрүңдөн бал-бал жанат,
Көзүм тойбой сага суктанам.
Кайырма:
Кара көзүм, сени таптым,
Ашык болдум аны сездиңби?
Көздөрүңдөн бал-бал жанат,
Көзүм тойбой сага суктанам.
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : И.Абдалиевдики
Көз алдымдан дайым кетпейсиң,
Гүл көктөмүм болуп көктөйсүң.
Кездешүүгө чакырсам сени,
Неге, жаным, мага жок дейсиң?
Кайырма:
Жок, жок, жок дебе мага,
Мен сени издеп табам.
Терезеңдин алдында,
Түнү бою үн салам.
Көчөлөрдү чурулдатып,
Телефонду чырылдатып,
Тынчтык бербей коёмун сага.
Мен өзүңдү сагына берем,
Бакытымсың жүрөк эңсеген.
Ойлонуп көр, жаным, өткөндөй,
Бүгүн кечке дагы да келем.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Касиетовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Элмирбек Иманалиевдики
Обону : Жолдош Апасовдуку
Күлгүндү күнгө кактабайт, бегим
Күмүштү күлгө таштабайт, бегим
Сырганы сыңар сактабайт, бегим
Сыр аяк турса аттабайт, бегим
Күңгөйдө күкүк мен элем, бегим
Күйкөгө качан жем , элем, бегим
Кулаалы салбайт акууга, бегим
Куп келген теңим сен элең, бегим
Ал мезгил кол жеткис бакыт бак,
Алмашкыс ай менен күндү берсе да.
Арман, ай, кай жакка кеттиң, периштем,
Мен сени таарынттып же алдым беле?
Кайырма:
Сен кечиргин таарынтсам эгер,
Түшүнбөй таарынба бекер,
Өчпөсүн биздин махабат.
Сен кечиргин мени, кечиргин,
Сүйүүмдү кайрып бергиниң,
Жашасын биздин махабат.
Сен үчүн өрт болду, жаным, жалындап,
Сездиңби, билбеймин, аны ардагым.
Күндөрүм күндөргө такыр окшошпой,
Арман, ай, жүрөгүм жаман эзилди.
Кечир мени, жан эркем,
Кымбат элең мага сен.
Түбөлүккө жансак кош жылдыздай кол кармашып,
Айрылбастан бирге келчү элек.
Ыйлатпачы, садагам,
Сыздатпачы эч качан.
Сенин мага дагы кош болгонуң өкүнүчтүү,
Ага деле күнөө тагдырда.
Сени эч ким сүйө албайт,
Сага эч ким күйө албайт.
Менин сага болгон сагынычым алыстаса,
Ага деле күнөө тагдырда.
Кечир мени, жан эркем,
Көңүлүңдү оорутсам,
Жолугушуп, кайра ошол күндү күтөлүчү,
Күтөлүчү, менин берекем.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Мен сени сагынып, жаным, эңседим,
Сезимдер сел болуп жанып дегдедим.
Селкилер көз салып арбап турса да,
Сен дедим, жан эркем, дайым сен дедим.
Кайырма:
Тандап, тандап майда басканың,
Татымың бал гүлдөй ачканың.
Көктө жылдыз түндү жамынган,
Көксөп сени эми тапкамын.
Мен сага ашыгып күндө самаймын,
Мен сага шашылып күндү санаймын.
Жүрсөм да алыстап бакытым ошол,
Сен келчү жолуңду күндө караймын.
Аялуу көңүл арзыган жандан муздады,
Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги?
Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып,
Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги.
Түн кирет, анан кареги мага кадалат,
Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген.
Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай,
Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн.
Кайырма:
Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн,
Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам.
Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин,
Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм.
Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо,
Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө.
Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт,
Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө.
Кайырма:
Ушундай сезим келет да кетет чочуду,
Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
Сөзү : Э. Маматовдуку
Обону : Э. Маматовдуку
Билсе деп өзүмдү өзүм,
Сезимди сез дей албайм.
Сүйүп мен өзүңдү, сүйкүмдүү көзүңдү,
А бирок тиктей албайм.
Токто деп өзүмдү өзүм,
Токтотуп кармана албайм.
Алса деп гүлүмдү, укса деп үнүмдү,
А бирок жандай албайм.
Кайырма:
Кантейин, кантейин, арман,
Катылып жүрөктө калган.
Балким, мен адашып калганмын ушул бакытымдан.
Кантейин, кантейин, арман,
Каректе бир элес калган.
Аттигиң, албырып күйөмүн сенин жалыныңан.
Чертилип терезеңден,
Жамгырдай келип кетем.
Акырын жашынып, албырып ашыгып,
Арзуумду берип кетем.
А балким, байкагансың,
Жактырып жүргөнүмдү.
Эч кимге билгизбей, эркиме жеңилбей,
Мен сени күткөнүмдү.
Я хочу с тобою быть навсегда, чёрные глаза,
От любви к тебе скользит моя капелька слеза,
Говоришь, нам не быть с тобой, нет тропы иной,
И прожить нам всю жизнь с тоской, так решено судьбой.
Кайырма:
Ни за что и никогда ни кому я не отдам,
Будем вместе навсегда я за это всё отдам.
Ни за что и никогда ни кому я не отдам,
Будем вместе навсегда!
Ты не верь словам обманчивым, сердце моё возьми,
Я готов к любым страданиям хоть убей, хоть казни,
Я горю в жгучем пламени сердце моё горит,
Темнота вокруг, мои глазах только любовь озарит.
Кайырма:
|