|
|
Сөзү : З.Ибрагим кызыныкы
Обону : Б.Султанованыкы
Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : Ү.Сыдыковдуку
Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп?
Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,
Салааланып саамай чачың бириндеп.
Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.
Улам карап туш-тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп.
Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап,
Бажырайган көздөрүң алды арбап.
Байкабадың жанымдан өтүп жатып,
Бажырайган кызыл гүл колго кармап.
Кайырма:
Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай,
Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай.
Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап,
Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап.
Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган,
Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап.
Кайырма:
Гүл жытына мас болуп термелемин,
Окту аткандай мен өзүңө сермелемин.
Кокус сени чочутуп албайын деп,
Арт жагыңан акмалап мен келемин.
Кайырма:
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Красиво загорелые все...
Где солнце, пляж, девушки и танцы горит любви огонь,
И звёздный час скоро наш настанет танцуем все со мной.
Тоску отгоним прочь и другом пусть будет ночь,
Плескаемся с волной и скажем что нам пора...
Кайырма:
В берег мечты, где розовый рассвет
Взяли на лето мы билет,
Девушки, где лежат на песке
Красиво загорелые все.
Волна с волной, мы качаем в танцы, сверкает солнца луч,
Глаза в глаза, лето-время танцев где с ночи до утра.
Тоску отгоним прочь ведь с нами лишь только ночь,
Плескаемся с волной и скажем что нам пора...
Кайырма:
Сөзү : Эржан Жанатовдуку
Обону : Эржан Жанатовдуку
Өтөт күндөр, кайра келбес кайрылып,
Элестетип чоң дайранын агымындай.
А мен болсо жалгыз сага ашыкмын,
Бир сага, менин кымбатым.
Кайырма:
Жароокерим, жаздын таңындай,
Кантип жашайм сени сагынбай?
Асылкечим, аппак жүзүң жарык толгон айдай.
Жүрөгүмдүн сүйүү ырларын,
Бир сен үчүн арнап сунамын,
Жан дүйнөмдүн жарык таңы, менин аярым.
Жайлуу көркү, назик, сындуу, жамалым,
Сен жылмайсаң мен да эргип каламын, ай.
Сагынарым, багынарым өзүңсүң,
Татынам, менин аярым.
Кайырма:
Гүлзарларды аралаймын, сүйгөнүм,
Билип койчу мен ошону сүйгөнмүн.
Чындап мени кабыл алса жүрөгүң,
Билдирип кой сүйөрүң.
Кайырма:
Талбай күтөмүн,
Күндүн батышын мен.
Таңдай түтөдү,
Аны билесиң сен.
Окшош күндөрдөн,
Ай, чарчадым мен.
Окси деминен,
Оюнуңан мага,
Бөлүшкүн сен.
Кайырма:
Эквалайзер жаны тынбай,
Ээрчип эргийт сени тыңдай.
Бир ылдыйдан, бир өйдөдөн,
Нота тандап ыр ырдайм.
Бир ылдыйдан, бир өйдөдөн,
Нота кармап, тандап ырдап берем.
Темпти тебелеп,
Тегизинен бийлеп.
Тегерегинен,
Горизонт кенен,
Кара мени менен.
Жаштык деминен,
Жалындаган,
Жалынбаган денем.
Кайырма:
Атам, энем, карааныңдан садагам,
Сансыз ойго батып келдиң санаага.
Арбын жылдар жолуңарда миң азап,
Өмүрүңөр арналды го балаңа.
Атам, энем, таалай бактым, берекем,
Эбегейсиз эмгегиңер зор экен.
Экөөңөргө карыздармын арылгыс,
Алкап турчу пейилиңер кең экен.
Атам - түркүк, аска-зоодой, медерим,
Ачтың жолдун кызың үчүн кененин.
Бир күнчөлүк ак сүтүңө энекем,
Арзый белем жаным курман берейин,
Атам, энем, ыйыксыңар медерим.
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Жайлообуз бирге болгон жок.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой, тобо, жана, жана
Кыштообуз бирге болгон жок.
Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой, тобо, жана, жана
Асылкеч курбум, муңайба.
Кашы да, көзү ойнок,
Мурду кырдач, оозу оймок.
Бир кыз бар мага коӊшу,
Э коём аны кээде ойноп.
Мен, эгер ага коӊшу болбосом,
Чырайына кимдер тоймок?
Эгер менин ордумда башкалар болсо,
Кудалап эчак коймок.
Кайырма:
Керилет да ай ай ай, зеригет да,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да ай, ай, ай,
Эрини, эрди алча,
Кызыл көйнөк, кызыл парча.
Көз салып, бирок жетпей,
Э тамшанып жүрөт канча?
Ал түндөсү көпкө уктабайт да,
А бирок, турат эрте.
Ал ыйманду, ал жакшы окуйт,
Жакшы кыз го, бирок эрке.
Кайырма:
Керилет да, зеригет да,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да, ай, ай, ай.
Мен эгер ага коӊшу болбосом,
Чырайына кимдер тоймок?
Эгер менин ордумда башкалар болсо,
Кудалап эчак коймок.
Кайырма:
Керилет да, зеригет да, ай, ай, ай,
Ханышадай ойлор жеткис.
Сезилет да ай, ай, ай.
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргарып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
Сөзү : Д.Исмадияров, Жоодарбешимдики
Обону : Д.Исмадияров, Эдил Маматовдуку
Эч ким билбейт жүрөк толо арманымды,
Өмүрүмдү табышмактуу сыр каптады.
Тагдыр, махабат, жүгүн артты,
Карек толгон кайгы-муңум билдирбеймин.
Өз сүйүүмө өзүм багыт, жол беремин,
Сүйүүм, азабың мейли бергин, оо.
Кайырма:
Неге тагдыр мени кыйнады?
Сүйдүм, бирок бакыт таппадым,
Жүрөмүн кыйналып, азапка мен батып.
Ак сүйүүдөн тарткам азапты,
Али кетпей жүрөктөн тагы,
Баш ийип жашаймын, тагдырдын жазганы.
Аруу, таза жан дүйнөңдү ким булгады?
Кечиктимби сактай албай сендей жанды?
Жаным, тунгуюк эми баары.
Кайырма:
Күлсө гүлдөй ачылган,
Далай жигит ашыккан.
Миллион кыз бар элимде,
Бир-биринен аша турган.
Эрке мүнөз жаратылган,
Дидарынан таратылган.
Бир жигиттин бир сулуу бар,
Бакытына жаратылган.
Кайырма:
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Бир-биринен өткөн сулуу,
Бири шекер, бири бал.
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Миллиондун ичиндеги,
Эң сулууну тандап ал.
Жүрөктөргө жарык берген,
Сезимге сыр алып келген.
Жигиттердин өмүрүнө,
Кылыгы менен жарык берген.
Тилектерден тилек курап,
Жигит кызды сүйөт кулап.
Миллион кыз болгон менен,
Аттиң, жалгыз жүрөк бир, ай.
Кайырма:
Жүрөк толкуп ашыга,
Гүлдөй жайнап ачыла.
Сезимдерди арнадым,
Жаным, сенин гана атыңа.
Көрбөй калсам сагынам,
Көздөрүңө жалынам.
Асылкечим, ардагым,
Сени жакшы көрөм баарынан.
Кайырма:
Жүрөгүм сен деди, өзүңдү эңседи,
Жалгызым болдуң сен эми.
Сүйүүнүн бешигин өзүң деп термедим,
Жаз болуп мага кел дедим.
Кубанам бактыма, жанымда барыңа,
Ак сүйүү толкуп канымда.
Сүйөмүн бир сени мен, жаным,
Мени таштаба.
Жок нерсемди бар кылган,
Сүйүү отун жандырган,
Жалгыз гана бир өзүң.
Жаным, махабатка мас кылган,
Жарыктай жалжылдаган.
Сен барда чексиз аалам,
Зор бакыт тартуулаган,
Сүйүүгө кылбайм мен арман.
Кайырма:
|