|
|
Сөзү : Э. Ибраевдики
Обону : А. Керимбаевдики
Кайда менин, кайдасың, көгүчкөнүм?
Түштө көрүп, өңүмдө көрүшпөдүк.
Көлдө сүзүп жүргөн бир ак куу болбо?
Көп издедим өзгөчө, көп издедим.
Кайда менин, кайдасың, карлыгачым?
Үмүт отун сезимге жандырасың.
Жымыңдаган көктөгү жылдыз болуп,
Качан келип эңсөөмдү кандырасың?
Каркыралар кайдадыр шашып барат,
Кыркар тарткан тоолорду ашып барат.
Ошолордун тобунда өзүң болбой,
Сагынычым жүрөктөн ташып барат.
Жүрөк сезет аз калды табарыма,
Жакындаштык жолугуу абалына.
Бизди бир күч жетелеп бара жатат,
Махабаттын жашыл жээк аралына.
Күндөрүм учасың, кайрылбастан артка,
Баткыча сызасың дарт кошуп дартка.
Тагдырга ызамын, ыйлап барам аста,
Жолукпай узадың чалды эми чалба.
Кайырма:
Азап-кайгы өткөн күндөрдү, эстегенимде,
Бир өзүңдү бар байлыгымдай сезбегенимде.
Унут сен мени, жолукпагын эми,
Жүрөксүз сен неге, жаралдың деги?
От болуп күйүтүм, жан дүйнөмдө сыздап,
Ойлотуп күнү-түн жалгыздык сындап.
Жылдызын жүзүмдүн ала кеттиң чырмап,
Үзүлдү үмүтүм, үзүлдү чындап.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : М. Ниязов, А. Отунчиевдики
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.
Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!
Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.
Кайырма:
Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.
Кайырма:
Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.
Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.
Кайырма:
Керемет күн сага кезиккен,
Ак жоолукчан болдуң периштем.
Көшөгөңдөй аппак пейилиңден,
Түгөй болдук эми ээрчишкен.
Кайырма:
Мен үчүн өмүрүң арнадың,
Ойлонбой байландың,
Өзүңдү тандадым, мен.
Сен үчүн кучагым жаямын,
Боломун таянарың,
Сүйөмүн мен сени, жаным.
Үйдүн куту жанган чырагым, сенсиң,
Таарынчагым, бала кыялым менин.
Күтүп алат күлүп, күнү-түн,
Жароокерим жаным, үмүтүм.
Кайырма:
Аялзаты назик, аны сактайлы,
Аманатка берилген жанды,
Аялдан дүйнө тарады...
Кайырма:
Жаркын көркүң сенин, сүйкүм жамалың,
Билсең эгер шамдай күйүп-жанамын.
Байкатпастан койдуң неге жүрөк жаралап,
Кел учалы бирге жылдыз аралап.
Кайырма:
Сагынтат сени, сүйүүнүн деми,
Жарык кылып дүйнөмү
Жылмаюудан гүлдөдү,
Сүйүү жазы...
Сени менен өттү жашоо жыргалым,
Көздөрүңдөн көрдүм сезим сырларын.
Ак жүзүңдү айдан издеп таба албадым мен,
Сени сүйүп калганымды тана албай.
Кайырма:
Айылдан келет эркелеп шамалы,
Кете албай сенден канча ирет кайрылдым.
Кетсем да элесиӊден канча алыска,
Кайрылбас менин алтын балалыгым.
Кайырма:
Сагындым туулган айылымдын абасын,
Согуп шамалыӊ.
Тартып жамалыӊ,
Менин айылым, менин айылым.
Айылымда кеӊ дасторкон, пейили чоӊ, ак,
Адамдар арбып барат, ою узакка.
Кайткым бар кайра жамал куштай сызып,
Өзүӊсүӊ туулган айылым, чебер устам.
Кайырма:
Тагдыр буюруп таптым бактымды,
Махабаттын дайрасына эргип актымды.
Чексиз кубанам дүйнөм тазарып
Талпынамын таалайыма таңдай агарып
Кайырма:
Жалгыз ардагым
Жандай ынагым
Жалгыз сага эрким арнадым
Сенсиң жыргалым,
Дүйнөм, жарыгым,
Жалгыз сага сүйүүм арнадым
Эч ким билбеген сырлар жашырам,
Бакытым деп кадам таштап сага шашылам
Батып кыялга эңсеп сагынам
Арнап сага ак сүйүүмдү мончок тагынам.
Кайырма:
Табияттан туң ирет, туңгуюктамын тушалгандай,
Тагдырымды ким билет, таамай талдуу бир муш алгандай.
Тизе бүгө бүк түштүм алсыраймын, кансырагандай,
Жарадармын жүрөктөн жарым жанымдан сурагандай.
Кайырма:
Жалынам жанымдан кайтарып берчи,
Сур булуттун арасында сенсиз адашкам.
Жалынам, жанымдан кечиргин мени,
Бейкүнөө эт жүрөгүмдү кайтарып берчи.
Кубаладың кусалыкты, куру кыял чуу салдыкпы кайра,
Душман кылдың жан дүйнөмдү, туштап соккон кан жүрөктү жайлап
Тамырымдын согушунан сездим сезим адашканын сага
Жаңы ырымдын добушунан туйсаң болду жадаганым жана.
Сөзү : Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону : Элдики
Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.
Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..
Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.
Сөзү : И. Абдалиевдики
Обону : И. Абдалиевдики
Көрөм деп жүрүп кыз камын,
Бир үйдүн алып кыздарын.
Жарашып сыныбыз, бирге өтүп күнүбүз,
Ушундай туугандаштык биз.
Сыйлашып, достошуп, кездешип, коштошуп,
Кызыктуу жумуш таптык биз.
Кайырма:
Бириксек кумар жазышып бажалар,
Бир-бирин тамашалашып жазалаар.
Тийишип кайни-балдызын мазалаар,
Жарашып дайым жашасын бажалар.
Баш кошуп, үй-бүлө куруп,
Балалуу үй - базар болуп,
Бажалар, ар дайым көбөйүп урпагың,
Керегең кеңейе берсин.
Балдыздар бой жетип, узатып той берип,
Бажалар көбөйө берсин.
Кайырма:
Сөзү : М.Молдалиеваныкы
Обону : Н.Токонованыкы
Сыздасын дегениңби,
Сырымды билбей койдуң.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуң.
Кайырма:
Унутсун дегениңби?
Уйкумду бузбай калдың.
Жайнаган көңүлүмдү,
Жылытпай музга айландың.
Түңүлсүн дегениңби?
Түшүмө кирбей койдуң.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуң.
Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдың.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдың.
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : Д.Кудайбергеновдуку
Көктөмдөй көркүңдү,
Карагат көздөрүңдү,
Гүлдөргө сени теңеймин.
Өзүңдү сагынган соң,
Күлгүн көз карындашым,
Алыстан издеп келемин.
Ар дүнүйөм кулпуруп,
Ашыктык сезим тунук,
Аярым, качан сезесиң?
Ардагым, асыл жаным,
Талаанын кызгалдагын
Бир сага арнап беремин.
Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй, гүлдөй көркөмүң,
Жүрөгүмдө сенин көркөмүң.
Кубанычым, арзууларым сен, сен, сен,
Желбиреткен сезим желегин.
Ак куу сымал айперим,
Таалайым, бактым менин,
Татына наздуу эркемсиң.
Гүл болуп жаңы ачылган,
Күн болуп нур чачылган,
Жайдары сүйкүм перисиң.
Ашыктык деми менен,
Сүйүүмдү арнаймын мен,
Болчу сен түгөйүм менин.
Сагыныч сазы менен,
Ырымды жазып келем,
Өзүңдү эңсей беремин.
Кайырма:
|