|
|
Сөзү : Ч.Турдубековдуку
Обону : Ч.Турдубековдуку
Убак жылып алга,
Кадам таштап бир жылга
Өткөн кезиң калды,
Кол булгалап артыңда
Көп күндөр алдыда,
Өткөн кезге муңайба
Курчап сени турсун,
Жакындарың дайыма
Жараткан бөлөсүн бакытка
Кайырма:
Туулган күнүң менен,
Өздүк майрам бул деген
Куттуктайбыз сени,
Аппак тилек ой менен
Кабыл болсун бүтүн,
Тилектер бүт сен үчүн
Өткөрөлү бирге,
Сен жаралган уулуу күн
Калоолорду арнап,
Көңүл ачып, ыр ырдап
Жакшылыктын баары,
Ар дайым турсун жандап
Өмүр гүлүң жайнап жаркырап
Кайырма:
Туулган күнүң менин,
Өздүк майрам бул деген
Куттуктайбыз сени,
Аппак тилек ой менен
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Жаз келгенде жайнап чыккан гүлдөй болгон ким элең?
Шыбыраган кулагыма үндөй болгон сен белең?
Жарык чачкан шоолаларын күндөй болгон ким элең?
Ай чыкканда сүттөй жарык, күндөй болгон ким белең?
Ла-ла-ла-ла, ким элең?
Ла-ла-ла-ла-ла-ла-ла-ла
Ла-ла-ла-ла, сен белең?
Ким элең, ким элең?
Гүлдөй болгон ким элең?
Ким элең, ким элең?
Үндөй болгон сен белең?
Ким элең, ким элең?
Күндөй болгон ким элең?
Ким элең, ким элең?
Түндөй болгон ким элең?
Бажырайып бышып турган багым болгон ким элең?
Балдай таттуу жыты урган дарым болгон сен белең?
Шаңга толуп көңүл ачкан шаарым болчу ким элең?
Жүрөгүмдүн сырын тапкан жарым болчу ким элең?
Ла-ла-ла-ла, ким элең?
Ла-ла-ла-ла-ла-ла-ла-ла
Ла-ла-ла-ла, сен белең?
Ким элең, ким элең?
Багым болгон ким элең?
Ким элең, ким элең?
Дарым болгон сен белең?
Ким элең, ким элең?
Шаарым болчу ким элең?
Ким элең, ким элең?
Жарым болчу ким элең?
Күз айы Алматага,
Капыстан барып калдым,
Көздөрү күлмүңдөгөн,
Бир кызды сүйүп калдым
Чийилген кара кашы
Сезимге бүлүк салып,
Соңку ирет мени карап,
Караны алыстады.
Кайырма:
Айланам сенден Сауле,
Сагындым сени Сауле
Кайдасың, айтчы кайдасың?
Шириним менин Сауле
Ашыгым менин Сауле,
Сүйүктүүм менин Сауле
Кай жакка кеттиң жашынып,
Сагындым билсең Сауле.
Арадан өттү айлар,
Кыш өтүп жаз да келди.
Сагынып сени жаным,
Калааңа издеп келдим,
Сен мени күттүң бекен,
Күн санап, түн уктабай.
Же эстен такыр алып,
Унутуп койдуң бекен.
Кайырма:
Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңдан ала сала жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп келе жатамын, жатамын,
Кең дүйнө тарыйт, капамын.
Бирок да кыйбай өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал-азабын.
Бирок да сүйүп өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар, муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп
Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жасармын, жасармын,
Ажалдан кайда качамын?
Өмүрдүн терип гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым...
Жалгыз досум, алыстасың менден сен,
Жалгызсырап сагынамын сени мен.
Бала кезде оюн куруп жүрчү элек,
Сагындым го элесиңди эселек.
Кайырма:
Кыйналдым мен таппай сендей кан досту,
Өзүң гана мээримдүүсүң, тунуксуң.
Жашоо татаал алып кетти сыздатып,
Өз кан досум, жүрөк кантип унутсун.
Эстеймин мен сенин достук мамилең,
Жылдар өтүп, бүгүн сенсиз калдым мен.
Таш боор ажал жаш экен деп карабай,
Алып кетти жүрөгүмдү жаралай.
Болду, болду барбаймын.
Сүйөмүн деп айтпаймын.
Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым.
Ушунчага бардыңбы?
Таштап, кетип калдыңбы?
Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым.
Кайырма:
Аппак сүйүүм сен гана.
Ай Гүлдана, Гүлдана.
Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана...
Ай, ай, ай, ай Гүлдана,
Жүрөгүмдө эңсеген, сүйүүм сен гана...
Жүрөгүмдө эңсеген,
Чын сүйгөнүм сен элең.
Ишеничти актабай,
Кеттиң жан эркем.
Мейли, мейли сүйбөгүн.
Сен да ээрчип жүрбөгүн.
Боло албадың Гүлдана, менин түгөйүм...
Кайырма:
Болду, болду барбаймын.
Сүйөмүн деп айтпаймын.
Көңүл калды сүйгөнүм, сенден ардагым.
Ушунчага бардыңбы?
Таштап, кетип калдыңбы?
Сүйгөн элем мен чындап, сени ардагым.
Өмүр деген берилет бизге бир жолу гана,
Жараткандын буйругу экен, жашоо, ааламда.
Адашпайлы, жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өтпөсүн бекер бир келген өмүр,
Өмүр, өмүр, калбасын биздин гүл көңүл.
Өтөт өмүр, эсте калып кызык бир баяндай,
Өмүр барда жакшылык жасайлы биз аянбай.
Адашпайлы, жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Эстейм апа, сенин кара көзүңдү,
Эстейм апа, ар бир айткан сөзүңдү.
Ойлой берем, ойлой берем,
Күндө эстеп, апа өзүңдү.
Ак булуттун бубак баскан чачтары,
Элестетем эчен ашуу ашканың.
Күткөндүрсүң, мени ойлоп,
Дасторконго жайып ак наның.
Үйгө барчу күндү эстеп, камынып,
Күтүп ар бир минутаны сагынып,
Канат байлап, учкум келет,
Куса болуп, көзүң сагынып.
Билем эне, бой жеткизип өстүрдүң мени,
Күн-түн дебей ак сүтүңдү эмизген энем.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай, жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Бул дүйнөдө сизге теңдеш табылбас, билем,
Эч бир оору жаман дартка кабылба, энем.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай, жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Энекебай, сагынычтан
күйүп-жанамын,
Энекебай жытыңызды искейм энекем, энем.
Көз алдымдан учуп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай, кол булгалап калган карааның.
Кагылайын алтын энекем,
Сагынычтан күйүп-жанамын.
Ай жүздүү ашыгым,
Майда жай басыгым.
Сүрдөнөм сенден сүйлөбөй,
Сүйгөн жан, асылым.
Кайырма:
Сен барда айланам, гүл болуп жайнаган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган,
Булбулуң болоюн багыңда сайраган.
Баруудан тартынам,
Бакыраң татынам.
Мөөрдүн мөлтүр сиңдиси,
Өзүң бол каркырам.
Кайырма:
Эл айткан баягы,
Махабат баяны.
Жомоктой болуп бүтсө экен,
Сүйүүнүн аягы.
Кайырма:
Торгоюң болоюн,
Тоодогу сайраган.
|