|
|
Сенин элесиң,
Түшүмдө дайым келесиң,
Арзуумду менин сезбеген,
Айсулуу, кандай немесиң?
Айсулуу, канткенде сага
Ак шуруң болуп тагылам?
Сагынам сенин
Көздөрүңдү баарынан,
Тагдырым сага жазылган,
Кубатым болчу, мээримиң чачкан таңымдан.
Айсулуу, канткенде сага
Ак шуруң болуп тагылам?
Сөзү : А.Кайназаровдуку
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.
Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.
Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.
Кайырма:
Аял дебе, кылбай аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ал жерде туптунук тазалык бар,
Алдоо жок, жок да капалыктар.
Күлкү бар, жок да ыйлоо деген,
Ал жерде өчпөс сүйүүлөр бар.
Кайырма:
Ал менин кыялымдагы жомок,
Бактылуу күндөр бар, аягы жок.
Ажырашкыс болуп сен экөөбүз,
Жомокто жашап калсак болмок.
Ал дүйнөдө жок да жалган деген,
Арзуу бар, жок да арман деген.
Аруулук сиңген бул дүйнөдө,
Ар дайым ыйык сүйүү деген.
Кайырма:
Сөзү : Турсунбаевдики
Обону : М.Турсунбаевдики
Душа моя полна ревнивости жестокой,
Мгновенье сможет разлучить на век.
Меня ты мнимо жалостью не трогай,
Скажи, меня ты любишь или нет?
В ответ я вижу льются слёзы твои,
Во всём ведь этом виновата ты.
И слёзы горькие не надо лить,
Ведь ты же знаешь я смогу простить.
В твои привычки неотступна ревность,
Она погубит нам с тобой любовь.
В своей душе прощу к тебе я верность,
А ты не веришь и ревнуешь вновь.
Ты вспомни наши радостные дни,
Ты вспомни наши светлые мечты.
И слёзы горькие не надо лить,
Ведь, ты же знаешь я смогу простить.
Душа моя полна ревнивости жестокой,
Мгновенье сможет разлучить на век...
Обону : Тарас Асанакуновдуку
Айдын, көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жагылып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм жалгыз келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Кайырма:
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып
Бир өзүңдү самайт, бир өзүңдү самайт жүрөгүм.
Кайырма:
Слышу старой песни мотив,
Что сама напевала не раз,
И глаза закрываю на миг, забыв,
Что я городская сейчас.
Эта песня, синий простор,
Край родимый напомнила мне
И девчонку ту, что с недавних пор
Часто вижу я во сне.
Кайырма:
Хуто-хуторянка, девчоночка-смуглянка.
Мне бы хоть разок, всего лишь на чуток
В мою весну на хуторок.
Медом дышит лунная ночь.
Редкий свет из окошек домов.
И так хочется снова сорваться прочь
В сиреневый рай садов.
Чтобы кругом опять голова
И слова как хмельное вино,
Чтобы ночь была - не расти трава,
Любишь, губишь, все равно.
Кайырма:
Хуто-хуторянка, девчоночка-смуглянка.
Мне бы хоть разок, всего лишь на чуток
В мою весну на хуторок.
Хуто-хуторянка, девчонка-молдаванка.
Мне бы хоть разок всего лишь на чуток
В мою весну на хуторок
Мне бы хоть разок всего лишь на чуток
В мою весну на хуторок
В мою весну на хуторок
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.
Кайырма
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.
Жаңы жылды, жакшылыкты коштосун,
Жашообуз да кайгы-капа болбосун.
Көз ирмемдей өтүп жаткан өмүрлөр,
Суусуз калган гүлдөй болуп соолбосун.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Аппак кардай ой-тилектер тунук болсун,
Ушул жыл бейкуттуктун жылы болсун.
Кайгы-капа эч кимге жолобостон,
Күлкү аралап, ар бир үйдө шаттык толсун.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен калайык.
Таңы да бар, багы да бар
Жердин бети адам үчүн ылайык.
Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум,
Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун.
Кайырма:
Чаңкаганга, суусаганга,
Булак болуп мен агайын.
Кеч киргенде, жер бетине,
Карегимден чыгак жасап жагайын.
Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен адамдар.
Жазы жаңы, жарык таңы,
Келечекте бизди күткөн заман бар.
Кайырма:
Жалт деп өчөт өмүрлөр,
Көрүшпөдүк көпкө биз
Менде бар баары а бирок...
А бирок жаным өзүң жок.
Көгүм келди өзүңдү, а бирок...
Кайырма:
Ак нөшөрлөр жамынган
Ал күндөрдү сагындым
Жылаңайлак жүгүргөн
Балачакты сагындым
Жымыңдаган асман-ай
Ал түндөрдү сагындым
Сүйөм деген андагы ай
Көздөрүңдү сагындым
А бирок...
Жалынамын жатырдан
Түшкө сени кирсе деп
Абалымды азыркы
Туйса экен деп билсе деп
Көргүм келди өзүңдү, а бирок...
Кайырма:
Ак нөшөрлөр жамынган
Ал күндөрдү сагындым
Жылаңайлак жүгүргөн
Балачакты сагындым
Жымыңдаган асман-ай
Ал түндөрдү сагындым
Сүйөм деген андагы ай
Сөздөрүңдү сагындым
А бирок...
Асманда жалгыз айга, сыр айтамын мен кайра-кайра,
Жолукту сырдуу жигит, сырдуу жигит садагам менин.
Жылдызы жамалым, жалындайт сезимим сага,
Табылкыс махабат, бакытыма.
Кайырма:
Карагат көзүңдү,
Караймын өзүңдү сырдуу жигит.
Бал ширин сөзүмдү, арнайын өзүңө,
Сырдуу жигит жаным, садагам.
Балкыган Ысык-Көлгө кайрыламын мен кайра-кайра,
Кабылып мен сүйүүгө кантем эми жаным, жалгызым.
Сүйкүмдүү айдай жүзүм, сүрдөнүп келем дайым өзүңдөн,
Ардагым, асылым таалайым ай.
Кайырма:
Сөзү : Нурлан Эсенгуловдуку
Обону : Нурлан Эсенгуловдуку
Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.
Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.
Кайырма:
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.
Кайырма:
Унчукпайсың, таарынып калсаң керек,
Азаптанып айыбым тартам демек.
Кыш сүйгөн жүрөгүм менен сүйүп,
Сени да кыш кылып алсам керек.
Тунжурайсың, санаага салсам керек,
Айыбымды азайып тартам демек.
Күз сүйгөн жүрөгүм менен сүйүп,
Сени да күз кылып алсам керек.
Карабайсың, кайгыга салсам керек,
Айыбымды айрылып тартам демек.
Жамгырлуу жаз сүйгөн жүрөк менен,
Жүрөгүңдү ыйлатып алсам керек.
Жил был художник один,
Домик имел и холсты,
Но он актрису любил,
Ту, что любила цветы.
Он тогда продал свой дом,
Продал картины и кров,
И на все деньги купил
Целое море цветов.
Кайырма:
Миллион, миллион, миллион алых роз
Из окна, из окна, из окна видишь ты,
Кто влюблен, кто влюблен, кто влюблен и всерьез,
Свою жизнь для тебя превратит в цветы.
Утром ты встанешь у окна,
Может сошла ты с ума?
Как продолжение сна,
Площадь цветами полна.
Похолодеет душа,
Что за богач здесь чудит?
А под окном чуть дыша,
Бедный художник стоит.
Кайырма:
Встреча была коротка,
В ночь ее поезд увез,
Но в её жизни была
Песня безумная роз.
Прожил художник один,
Много он бед перенес,
Но в его жизни была
Целая площадь цветов!
|