|
|
Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артында мен дагы бара жаттым,
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп, көк жылгаяк,
Көк жылгаяк, көк жылгаяк.
Эсте калды ошондогу бир кыш убак,
Көңүлдөрдө кубаныч, шаттык улап.
Сыйгаланып жыгылды бир сулуу кыз,
"Тура кой" деп колдон тартып, жайды сурап,
Алды сурап, жайды сурап.
Кандай сонун табигаты кышындагы,
Карарган жер жамынып күмүш карды.
Кызыгына мен батып табигаттын,
Унутупмун таптакыр, эстебедим таптакыр
Жылгаякты, жылгаякты, жылгаякты.
Тагдырыма таарынам,
Экөөбүздү айрыган.
Тагдыр экен, кантейин,
Көз жашымды агызам.
Кимде күнөө билбедим,
Мен өзүңдү издедим.
Таалайыма жазыптыр,
Сүйүп жүрүп жетпедим.
Кайырма:
Кош, арманым,
Кош бол, ардагым.
Унутпай эстей жүргүн деп,
Ушул ырды арнадым.
Эстейм өткөн күндөрдү,
Сүйүү отун жандырган.
Сыздап кетет жан дүйнөм,
Махабатка таарынган.
Ата-энеңди кыя албай,
Айтканынан чыга албай,
Кете бердиң башкага,
Көздөн жашың тыя албай.
Кайырма:
Сезим талды, көңүл тойду,
Ойлонгон ойлорду тагдыр жеңип койду.
Алдырбаска айла барбы?
Артыңда ырга айланткан арман калды.
Кайырма:
Мен барда каткырып күлгөн ай жүзүңдөн,
Көрө алдым жалгыз арманды күйүтүнөн.
Карагым, саналуу беле сапарыбыз?
Салтыңа таарындым, тагдыр, калдым жалгыз.
Бактың билем байлап берген,
Бапестеп барктап ал, досум, бакыт тилейм
Ажары белең арнап келген?
Акылым жетсе да алсыз, издеп келем.
Кайырма
Сөзү : Муса Жангазиевдики
Обону : Абдыманап Нышановдуку
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып, ачылган,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Кайырма:
Ак калпагы кыргыздын,
Жарчысы бол достуктун.
Ак калпагы кыргыздын,
Элчиси бол тынчтыктын.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан, баарынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Кайырма:
Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.
Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.
Жалгызмын сени самап,
Жан дүйнөмдө сендик дарт,
Ашыгып, жалгызым, сага.
Кайырма:
Сагынам жүрөгүм туйлап,
Санааркап мен сенсиз ыйлап.
Сагынам сени ойлоп,
Көңүлсүз жалгыздыктан.
Элестеп жалгыз дарак,
Жүрөгүм сени самап,
Күдөрүм үзбөй жол карап.
Уйкусуз узун түндөр,
Көңүлсүз окшош күндөр,
Бир келчи, бактылуу күндөр.
Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.
Кайырма:
Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.
Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.
Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Канча убакыт өттү арадан,
Сен экөөбүз жүз көрүшө албай.
Жаман ойлобо, жаман ойлобо,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Кайда жүрдүң, абалың кандай?
Сени көрүп агардым тандай.
Өзгөрдү дебе, өзгөрдү дебе,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.
Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.
Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.
Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.
Кайырма:
Мирбек Атабеков, Gulzada, Дархан, Нурбек Савитахунов, Аяна Касымова, Салтанат Аширова, Gulzada, Дархан, Нурбек Савитахунов, Аяна Касымова, Салтанат Аширова "Тамчы деңиз"
Керек эмес күндөр бекер күйгөнү,
Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү.
Табам десең келечекти жаркыган,
Тазалыктан башта үйдөгү.
Кызыл туудай желбиресек оболоп,
Кыргызстан эртең гүлгө оронот,
Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу,
Биз оңолсок, заман оңолот.
Кайырма:
Билим болуп жолдошуң,
Минип акыл жоргосун,
Ала-Тообуз сени колдосун.
Жалгызмын деп ой кылбай,
Кошул биздин толкунга,
Куралат деңиз тамчыдан.
Если хочешь что-то изменить вокруг,
Ты найди слова надежды и любви.
Руку дай тому, кто верит и пойдёт
За тобой в далёкий, верный путь.
Пусть услышит мир дыханье гор твоих,
Как блестят озёра и поют ручьи.
Пусть всегда цветёт земля от слов твоих,
Вместе мы сберечь её должны.
Кайырма:
Булутту камчылай өмүр күүсү уланат,
Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп...
Бакыт кушу конобу деп жергеме,
Балдарынан үмүт кылат эл деле,
Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк,
Жалын жашты берди эмнеге?
Кайырма:
Сөзү : С.Момунбаеваныкы
Обону : А.Дөөткуловдуку
Махабат гүлдөрүн
Өзүңө арнап терем, асыл сүйгөнүм,
Уйкусуз түндөрүм
Өзүңсүз өтөт кайгы менен күндөрүм.
Кайырма:
Асыл сүйүүм, сага жетпедим,
Аздектедим, ойдон кетпедиң.
Оо, жигит, ай, байкабадың сен,
Арзуумду менин такыр сезбедиң.
Чымырап көздөрүм,
Азгырып келет таттуу, ширин сөздөрүң
Жанынан өзгөнүн
Кызганам, көрүп кыйгач карап өтпөгүн
Кайырма:
Сөзү : Ч. Турдубековдуку
Обону : Ч. Турдубековдуку
Жашоодо жолдор узак,
Күндөр өтүп мезгил учат.
Сен менден алыстадың,
Таттуу күндөр эсте калат.
Күндөрүм өзүң барда,
Болчу экен кызык мага.
Өзүңсүз мен өзүмдү,
Жалгыз сезем бул жалганда.
Кайырма:
Мен өкүнбөймүн,
Үмүтүм үзбөй жүргөнмүн.
Мен жалгыз сени,
Өзүмдөн артык көргөнмүн,
Түшүнбөймүн.
Убакыт өтүп барат,
Учкан кушча сапар улап.
Эскирген сезимдерим,
Үмүт кылат жолду карап.
Жан дүйнөмдө олуттуу,
Күйүп турган шамым белең.
Жашоомдо табылгамды,
Жоготкондой мен сезилем.
Кайырма:
Тоолоруң көк килем жамынган,
Миң түркүн кең-байлык табылган,
Кийиктер өтүүчү кыяга машине жолдору салынган,
Балалык чагымды ойлосом,
Буулугуп ачылбай каламын,
Андыктан тынчымды кетирген ырымды сага арнадым.
Кайырма:
Жалындап жүрөгүм барыңдан,
Жаралгам өзүңдүн каныңдан.
Кабыл ал, туулган жер,
Бир уулуң келатат чеги жок сени сагынган.
Тоолордун ичине уюлуп,
Токойлор - көркөмү жеримдин,
Алмасы, алчасы ийилип,
Ырыскы, байлыгы элимдин.
Өксөлөр жашылдан кийинип,
Жазында жыпар жыт аңкыган.
Көркөмүң жүрөккө бир түйүп,
Уулуңмун өзүңө тартылган.
Кайырма:
Сөзү : Кылыч Орозбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жалгызмын караңгы түндө,
Жүрөмүн батып күйүткө.
Күндөрүм улана берет,
Кол сунуп бактылуу күнгө.
Жарык, кетпе,
Үмүт, таштаба, суранам,
Кайгырбайын.
Билбеймин кантип байландым,
Турмуштан неге чайналдым?
Болду эми ал күндөр бүттү,
Артыма мен кайрылбайын.
Алыс кетпе,
Жарык, таштаба, суранам.
Сыздабайын.
Жаңылдым, эми өкүнбөйм,
Келет деп таңдарды күтпөйм.
Алданып калган сезимге,
Баш ийип кайра өкүнбөйм.
Кайтып келбе,
Козгобой эски жарамды.
Ыйлабайын.
Бүркөлүп, кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун күнүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан,
Сен анда тоонун тунук булагы элең.
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм,
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып.
Чегинде үмүт менен түңүлүүнүн,
Чачылып, жыйнала албай турдум катып.
Жок жерден күлкү таап күлчү элек,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айланды го күн себелеп,
Ак күндөр сагынычка саргайды дейм.
Кайырма:
Жүрөмүн сыр билгизбей сызып ичтен,
Окшотуп көрүнгөндү карап улам.
Ойгонсоң түн ичинде чочуп түштүн,
Үн болуп кулагыңа мен угулсам.
Кайырма:
|