|
|
Сөзү : Хабибилла Азиреткулов
Обону : Хабибилла Азиреткулов
Жүзүмдү салкын жер аймалап,
Жүрөктө ызалык айланат.
Аттиң ай кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жаныңда жүрсөм дейм каткырып.
Кечеки кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсийт бурганак сапырып.
Чолпондой алоолоп үмүтүм,
Чогундай кызарат күйүтүм.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу айлуу түн.
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымда жүргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.
Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмдөн жашым агат, куюлат.
Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.
Кайырма:
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы.
Кайырма:
Ысык-Көлүм пейлиң кенен, тоо койнунда төрөлгөм,
Толукшуйсуң күмүш түскө, бермет түскө бөлөнгөн.
Бир кумарым таркабады, таркабады өзүңдөн.
Кучак жайып толкунуңа кетким келбейт жээгиңден.
Кайырма:
Ырыс, бакыт көл жээгинде,
Күлкү, шаттык, жаштык той.
Сен экенсиң кыргызыма,
Жалгыз бүткөн бейиш жай.
Ысык-Көлүм ырдын кени, канча акын ырдаган,
Кылым жолдо өткөндөргө кимди куштар кылбаган.
Күн тийгенде толкундарың күмүш нурун чагылтып
Көркөмүңдү ар күн сайын алмаштырам жаңыртып
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Жалгыздап күндөрүм бүткөндөй,
Суусаймын негедир күткөндөй.
Бушайман тартып бир көңүлүм,
Суусу жок дарактын бүрүндөй.
Үмүтүм үзүлөндөй...
Кайырма:
Эстебей өзүңдү турсам да,
Көңүлүм башкага бурсамда,
Жалгыздык желкелейт мойнумдан.
Эстебей өзүңдү турсам да,
Көңүлүм башкага бурсамда,
Жалгыздык желкелейт мойнумдан.
Өткөргөн ошондо сен менен,
Күндөрдө жүрүпмүн дем менен
Ал кезде бактылуу жүрсөм да,
Артымда калдыго дем менен
Ал күндөргө жетпейм мен...
Кайырма:
Сөзү : Айардыкы
Обону : Эдил Маматовдуку
Күн нурун чачкан кезде,
Кызгалдак ачкан кезде.
Эстеймин элесиңди,
Тажабай таңда кечте.
Күлгөнүң дайым эсте.
Жалындуу жаштык кезде,
Жолуктум сени менен.
Оюмдан кетпей койдуң,
Мончоктой көзүң менен.
Бал иширин сөзүң сенин,
Кайырма:
Сен махабатым,
Сен сүйүү багым,
Чын жүрөктөн сүйөм ар дайым.
Мен сага болгон ак сезимимди,
Эч бирөөнө арнай албайм, ардагым.
Сагынам көрбөй калсам,
Жылмайган күлгөнүңдү.
Убакыт өтпөгөнсүйт,
Туйлатып жүрөгүмдү.
Кызгантып кан жүрөктү,
Ойготуп жан дүйнөмдү.
Төгүлүп ай шооласы,
Жылдыздар жымыңдашат.
Экөө тең кош жылдыз деп,
Ак куулар үн салышат.
Махабат ыр ырдашат.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Жамиля Муратованыкы
Ардагым сени дайым көңүлүмдө,
Айаймын кайда жүрсөм ала жүрөм.
Түн элем жарык чачтың өмүрүмө,
Эми мен, ачык күндөй, ачык күлөм
Кайырма:
Бүркөлбө эркетайым мени аясаң,
Түн түшөт кайра менин кабагыма.
Башкага же кучагым жая албасам,
Бара албай турган куштай түнөгүнө.
Кайгы-муңум уча качкан канаттуудай,
Кетишкен, сен жаныма келген кезде.
Сеземин мен өзүңдү, агын суудай,
Сени эстеп элесиңди тартсам көзгө.
Кайырма:
Кыздарда сүйүү кылыктанып башталат, наздана,
Кыялбай сени кызганам, жандап арзуумду арнап.
Жамалың сенин жан тартып турат, көңүлдү бурат.
Жактырып сени жүрөктөн, сүйүүмдү арнайм, жалооруп карайм.
Кайырма:
Караныңдан кагыламын, махабатка салып жанды,
Жыпарыңдан жыттатпадың сен.
Жашырынып менден качтың,
Адаштырып ары бастың, ак сезимди баалабадың сен.
Жүрөгүмдү махабатың өрттөдү, өзөгүмдү,
Өмүрүм жаным сен үчүн өзгөрбөйт сүйүүм, махабат гүлүм.
Терип мен беремин, өзгөрчү секетим,
Өзгөдөн өзүң дебе, өзүңдү сезбе.
Кайырма:
You're my lover
Undercover
You're the most impressive person I discovered
You're delicious
So capricious
If I find out you don’t want me I'll be vicious
Say you love me
And you'll have me
In your arms forever and I won't forget it
Say you miss me
Come and kiss me
Take me up to heaven and you won't regret it
You are the one
You're my number one
The only treasure I'll ever have
You are the one
You're my number one
Anything for you 'cause you're the one I love
You're my lover
Undercover
You're the most impressive person I discovered
You're a fire
And desire
When I kiss your lips, you know, you take me higher
You're addiction
My conviction
You're my passion, my relief, my crucifixion
Never leave me
And believe me
You will be the sun into my raining season
Never leave me
And believe me
In my empty life you'll be the only reason
Жамгыр төктү катуу нөшөрлөр,
Бир жүргөндө жалгыз көчөлөп,
Жүрөгүмдөн чыккан махабат,
Жамгыр болуп ашып төгүлөт.
Сени издедим гүлдөр ичинен,
Таппайм, бирок сыздайм ичимден.
Кайдасың сен, жаным, кайдасың?
Келсең боло, келсең тезирээк.
Жүрөгүмдөн чыккан махабат,
Жамгыр болуп ашып төгүлөт.
Сөзү : К.Курбантаевдики
Обону : К.Курбантаевдики
Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жанып турган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда...
Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.
Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...
Кайырма:
Baby, you’re perfect for me
You are my gift from heaven
This is the greatest story
Of all times
We met like in a movie
So meant to last forever
And what you’re doing to me
Feels so fine
Angel, I wake up
And live my dreams endlessly
Crazy for you
Can you feel the rhythm in my heart?
The beat’s going dum tek tek
Always louder like there’s no limit
Feels like there’s no way back
Can you feel the rhythm in my heart?
The beat’s going dum tek tek
Always louder like there’s no limit
Feels like there’s no way back
Baby, I read all answers
In your exotic movements
You are the greatest dancer
Of all times
You make me feel so special
No one can kiss like you do
As if it’s your profession
Feels so fine
Angel, I wake up
And live my dreams endlessly
Crazy for you
Can you feel the rhythm in my heart?
The beat’s going dum tek tek
Always louder like there’s no limit
Feels like there’s no way back
Can you feel the rhythm in my heart?
The beat’s going dum tek tek
Always louder like there’s no limit
Feels like there’s no way back
Always louder like there’s no limit
Feels like there’s no way back
Always louder like there’s no limit
Feels like dum tek tek
Оролгонсуп күн нуруна таң дагы,
Аппак жүзүң жүрөгүмдү арбады.
Көрсөм көзүм тойбос болуп суктанып,
Көңүлүм бир өзүңдү тандады.
Кайырма:
Чырайыңа багындым,
Махабатка малындым.
Ак сүйүүңө кабылдым ай гүлүм ардагым.
Чырайыңа багындым,
Махабатка малындым.
Ак сүйүүңө кабылдым ай гүлүм ардагым.
Тал чыбыктай ийилесиң көрбөйсүң,
Мага такыр көңүлүңдү бөлбөйсүң.
Алтын күлкүң, айдай жүзүң жарашып,
Ак куу сымал ойногон көлдөйсүң.
Кайырма:
|