|
|
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Өзүмдөн өзүм адашам,
Өзгөчө мени карасаң.
Өзүңсүз толуп жүрөгүм,
Өрт болуп күйүп баратам.
Сүйлөсөм сөздөн адашам,
Сен дайым мени карасаң.
Сүйүүгө толгон жүрөктүн
Сырларын кантип мен ачам?
Кайырма:
Көздөрүң кадалат,
Жүрөктү жаралап.
Негедир азгырат
Күнөөсүз махабат.
Канча бир мүнөт санасам,
Кайдадыр учуп баратам.
Кайгыга толгон жүрөктү
Канткенде сага мен айтам?
Ай чыгып, күн да кеч батат,
Ойлорум менен таң атат.
Арналаган сага жүрөктө
Ушул ыр болсун бет ачар.
Кайырма:
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Ай-күн болуп көзүмө,
Көрүнөсүң өзгөчө.
Жандап басса бир жигит,
Азап тартам өзүмчө.
Жандап басса бир жигит,
Азап тартам өзүмчө.
Кайырма:
Эркелеп, эркелеп, эркелеп,
Коёсуң "байке" деп.
Эзилген жүрөктү байкабай,
Жүрөсүң эркелеп.
Кызганам, кызганам, кызганам,
Кыйналып башкадан.
Өзүңдү мен качан өзүмө,
Аламын энчилеп?
Мен кезигип өзүңө,
Жарык чачтың сүйүүмө.
Сен болбосоң мен үчүн,
Кызыгы жок бул дүйнө.
Сен болбосоң мен үчүн,
Кызыгы жок бул дүйнө.
Кайырма:
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Убакыт өтөт тез,
Унутпайм аны сез,
Жашы күн, жакшы мүнөттөр,
Өтүптүр жаштык кез.
Жанаша жүрчү элек, жаным,
Жарашып күлчү элек, жаным.
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок...
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Жоготтум акыл-эс,
Таппадым сендей эч.
Баарысын кайра баштоого,
Билебиз азыр кеч.
Бир элек дайым үнүбүз,
Күнүбүз да, түнүбүз.
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок...
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Дайрадай агылсак деле,
Тагдырга жалынсак деле...
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок...
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Агарып таң дагы аткан,
Жылмайып күн нурун чачкан,
Айланамда жаңы жашоо.
Адамдар эч бир шашпаган,
Кызыктуу өмүр баштаган,
Жагып улам жаңы жашоо.
Ойлонуп жашап, ойгонуп жашап
Талбай изденем.
Кайырма:
Жаңылбас кадам, жалындап барам,
Бул күндөр таттуу, таттуу,
Көңүлүм да шаттуу.
Маанайым жайдай, керемет кандай,
Сезимим балдай, балдай.
Кечээ келип төрөлгөн,
Шаттыкка сезим бөлөнгөн.
Гүлдөй ачкан менин күнүм.
Ашыккан ойго толбогон,
Аккан суу жээгин бойлогон,
Бүтпөс мезгил ар бир түнү.
Күндөрүм бакыт, күлгөнүң бакыт
Мага берилген.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Арыкованыкы
Обону : И. Жунусовдуку
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Албырган ак жүзүмдү сүйөбү деп.
Арналган сага деген ак сүйүүмдү,
Айттырбай көздөрүмдөн билеби деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Ардагым кучагына кысабы деп.
Эгерде сезсең менин тилегимди,
Алтыным, айды көздөй учалы деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Аргендей добушуңду угайын деп.
А бирок күтүүсүздөн тааныштырдың,
Ак жуумал бир келинди жубайым деп.
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Алдадыңбы, алдандымбы,
Билдирбедиң кабарыңды.
Таштадыңбы, ташталдымбы,
Сагындым го жамалыңды.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
Таарындыңбы, таарынттымбы,
Балким, өзүм жаңылдымбы.
Бактым менин, кайрыл деймин,
Сени сүйөм, жаным менин.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
Күтүү деген азаптуу кандай,
Караймын сенин жолуңду талбай.
Келсең боло күттүрбөй, жаным,
Келсеңчи сен, кайгыга мени салбай.
Кайырма:
Жүрөктө жашайсың,
Түбөлүккө сүйөм сени мен, жаным.
Бал сүйүүмдү сездиңби,
Алдабачы сезимди, махабатым өзүңө арнадым.
Күтүп сени жадабайм, жаным,
Жүрөгүм менин от менен жалын.
Келсең боло күттүрбөй мени,
Арнап сен койчу бакыттын аппак таңын.
Кайырма:
Жүрөктө жашайсың,
Түбөлүккө сүйөм сени мен, жаным.
Бал сүйүүмдү сездиңби,
Алдабачы сезимди, махабатым өзүңө арнадым.
Узап сенден кол булгалап чыкканыма көп болду,
Күндөр өттү из кубалап, күн айланып, ай толду.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.
Бой тартсам да эркелейин, кадырыңа жетейин,
Дайым сага жакын болуп, узап сенден кетпейин.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.
Энем менин - бакубатым, үйдүн куту, ырысым,
Узак өмүр жашап өтчү, эң кымбатым, ыйыгым.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.
Ааламды жараткан, бул жалган деп айткан,
Сыноо бар асманда.
Жүрөктөр тазарсын, жылуу нур каптасын,
Ыйманың бек сактагын.
Кайырма:
Калбасын издеп энесин жаш бала,
Кол сунуп жардам берүүдөн аянба.
Айыкпас дарттан сактасын Алла Таалам
Аярлуу кымбат адамзат сага да, мага.
Кел, досум, тур бачым, ачылсын кучагың,
Элиңе, мекениңе.
Кел бирге куралы, улагаңды тургузалы,
Бир болуп туугандай.
Кайырма:
Кайрылбайм деп, кайгырбайм деп, мен өзүмдү кыйнадым.
Жолукпайм деп, унутам деп, алыс кеттим, алтыным.
Бирок сени, сезимимди, ал сүйүүнү кыя албай,
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Кайрып сени кайра баштан, ал күндөргө барсамбы?
Жетпей калган, биз эңсеген армандарда калсамбы?
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү унута албай өзүңдү.
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды?
Артта калды.
Жылаңайлак суу кечкен жайда калды,
Жылгалардан гүл терген сайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Кайда калды, артта калды.
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Көкүрөктө туйлады, көөдө нгө сыйбады,
Көнүл менен касташтым, кыйбадым.
Каректерин жалганчы, көз жашын бал тамчы,
Көркөмү нө кул болдум, кайырчы.
Кайырма:
Тажадым мен, тажадым баарынан,
Чарчадым мен, чалындым багымдан.
Бар туруп балын татпадым,
Оң болоор жалгыз калганым.
Махабатым, жанылдым, жазганмын,
Билсем дагы катага малындым.
Күнөө менде билем, жаным,
Сүйөм деген сөзүм шамым.
Кетким келет камынып, эркиме таарынып,
Ээлеп алган сезимди кагылып.
Түшүнбөдүм, жалгыз бой күрөштөн чарчадым,
Чеги болоор түгөндүм, жалынып.
Кайырма:
|