|
|
If I should stay
I would only be in your way.
So I'll go but I know
I'll think of you
Every step of the way.
And I will always love you.
I will always love you.
You my darling you mmm...
Bittersweet memories,
That is all I'm taking with me.
So goodbye, please don't cry.
We both know I'm not what you, you need.
And I will always love you.
I will always love you.
I hope life treats you kind
And I hope you have
All you've dreamed of.
And I'm wishing you joy
And happiness.
But above all this, I'm wishing you love.
And I will always love you.
I will always love you.
I, I will always love you.
You, darling I love you.
I'll always, I'll always love you.
Сөзү : А.Шаадаев, Нурмат Садыровдуку
Обону : А.Шаадаевдики
Жүзүнө жылдыз тагынган,
Бийчи кыз өттү жанымдан.
Жыпарың эстен тандырган,
Жыттагым келет, тартынам.
Кайрылып өтсөң жанымдан,
Кайышып кетет кабыргам.
Канткенде сага жагынам,
Арзуумду арнайм, татынам.
Кайырма:
Келчи, жаным, келчи
Чимирилип бийлей берчи.
Келчи, жаным, келчи,
Жүрөгүңдөн орун берчи.
Жүрөгүм да ооруп кетти.
Бийлеп көздү тандырган,
Таттуу карек жамынган.
Ак жибектей ийилген,
Ак куулардын бири сен.
Эмне эле сага ээленем,
Оюмдан кетпей сен деген.
Эселек сезим ээлеген,
Кезикким келет сен менен.
Кайырма:
Сөзү : Н.Садыровдуку
Обону : Амир Аскаровдуку
Сенсиз сезилет күнүм жалгыз калгандай,
Жүрөк согушу эми токтоп калгандай.
Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби,
Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби?
Кайырма:
Оо-оо, көздөрүң сенин,
Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм.
Мен издеп келем сүйүү пайдасын,
Сен табаласың анын айласын.
Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби,
Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби?
Кайырма:
Оо-оо, көздөрүң сенин,
Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм.
Сөзү : У. Усенов
Обону : А. Такырбашов
Биз тандаган бул сүйүү жолунда,
Илинбей тагдырдын торуна,
Таалайым бир сенин колуңда.
Байкалбай көлөкөң болоюн,
Багыңа булбулдай коноюн,
Сен сүйгөн обонду созоюн.
Кайырма:
Сүйүүнүн сыры,
Махабат ыры.
Жыпар гүл бул жыты дайым аңкыган!
Сен жана мен - бир жүрөк,
Мен жана сен - бир сүрөт,
Ал сүрөттөгү жүрөк!
Арзуум менин ашып-ташкан кенен дайра,
Азыр көрсөм деле көргүм келет кайра.
Үшүсөң жылуу нур күн болом,
Чарчасаң мемиреп түн болом,
Кубансаң кубанычка толом.
Кайырма
Сөзү : Ташкент кызы Гүл
Обону : Мүзүр Мамбетов
Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.
Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?
Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалгандан алсырап аядым.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.
Кайгы беле махабаттын белеги?
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?
Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадың.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол, менин сага каалаарым.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Бийиктеп максат, колду сунуп,
Кыялдар орундап.
Билим деп тандап эрте туруп,
Студентти толуктап.
Кайырма:
Студентмин, мен студент!
Жаңыланган жашоо.
Жүрөгүм сени дегдеп,
Жалындаган жашоо.
Студентмин, мен студент!
Келечекке күйүү,
Турмушту көздөй беттеп.
Биринчи тун сүйүү.
Көз кысып кыздар жандап өтсө,
Сүйөт деп эзилип.
Эсиме келбей беттен өпсө,
Сабактан кечигип.
Кайырма:
Студентмин, мен студент!
Жаңыланган жашоо.
Жүрөгүм сени дегдеп,
Жалындаган жашоо.
Студентмин, мен студент!
Келечекке күйүү,
Турмушту көздөй беттеп.
Биринчи тун сүйүү.
Кайырма:
Мен өзүмдү өзүм өңдөн аздырып,
Өмүр бою өтөм сени азгырып.
Жетпейм, бирок жетпейм сага атайын,
Жаш сезимди сакташ үчүн жаш кылып.
Дайым жаш кылып.
Тоскоол болуп тороп турсам жолуңду,
Жолукканда коё бербесем колуңду.
Токтобой кет, токтобой кет, суранам,
Көңүл коюп бөлбө мага оюңду.
Күндө айланып үй жагыңа барармын,
Көрсөм эгер көз ирмебей караармын.
Кечирип кой, кечирип кой, суранам,
Сени дагы сансыз ойго салармын.
Кайырма:
Турсам эгер жүрөгүңө дем берип,
Мени ойлонуп, баспа, баспа сенделип.
Башкалардан канча жакшы болсом да,
Боло албасмын, жаным, бирок сенчелик. Кызыгарсың кыялымды эскерип,
Мейли кызык, сага ошол эстелик.
Мен сүйсөм да мени сүйбө, суранам,
Жеткен сүйүү жерде калат тепселип.
Кайырма:
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Тереземе келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды?
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
Мен жалындуу дем менен,
Жарышып жел менен.
Умтулам максатымды бекемдеп,
Бийикти көздөй талпынып, талыкпай.
Жылдыздарды бет алып багыттай,
Учкум келет кыялды кууп жетем деп.
Кайырма:
Бийиктен туруп өмүрдүн бүтпөгөн рахатына канбаймын,
Түбөлүк бакыт баарына ниетимден арнаймын, туптунук дем менен.
Аздектеп сүйүүнү жаңыртып, обондой бүткүл жердин шаарына,
Бейпилдик, шаттык, бүтпөгөн кубаныч тартуулап,
Мен баарына бийлеймин ыр менен.
Жол алдыда кеткенин адамдар өтпөгөн,
Мен барам кыял менен ашыкпай.
Жаркырап улам үмүттөр чакырат,
Канатымдан шоолалар чачырап,
Учкум келет, бийикке такыр чарчабай.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Экөөбүз бири-бирибизге жарашчу элек,
Мен ойлочу элем келечекте бирге болсок экен деп.
Көрсө, тагдыр биз ойлогондой болбойт тура,
Бактылуулар баалашып, таалайлуулар талашып,
Кетип калат тура...
Кайырма:
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Башкаларды күнөөлөгөн ката.
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Адамдын өзү татаал...
Сен мага айтпа, сансыз убараланба,
Мага караба, сезимге жараланба.
Жолдор алыста,
Жашоо, тагдыр, буйрук.
Сөзү : Калыбек Медетбековдуку
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.
Жигиттин баары мырза эмес,
Жигитке кыйын сызда деш.
Кыскадыр боюм сен үчүн,
Сүйүүм, ай, менин кыска эмес.
Тагдырга болбой көңүл кош,
Сөз айтсам, жигит, кулак тос.
Зыңкыйып боюң, кербезден,
Жактырба, ай, мейли, жолуң бош.
Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.
Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.
Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.
Кайырма:
Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.
Кайырма:
Кимде күнөө, кимде эми?
Күнөөлөйсүң сен мени, а мен сени.
Бактылуу ал күндөрүм,
Бол башынан эстечи сен, эстечи.
Кайырма:
Мейли, мейли эми,
Мейличи деги, ай, мейли эми.
Сүйгөн элең, мен да сүйгөм,
Сен да мени, мен сени.
Ушундайбы махабат,
Бир жарк этип келеби да, кетеби?
Адаштырып азгырган,
Ошол сүйүү бар өзү, ал деги?
Кайырма:
Кечирип кой, алтыным,
Жеңе албады сүйүү менин эркимди.
Агып келер махабат,
Адашпагын, адашпаймын мен эми.
Кетсең кеткин сен,
Кечиргин деген кебиңди айтып болбо убара.
Тагдыр такты эле,
Жаным секелек,
Мен үчүн айтып берет келечек.
Кайырма:
Сагынычымды айта албай жашым төгөм,
Жүрөгүмдүн кыйналганын сага билдирбей жүрөм.
Жашап келем жан дүйнөмдү жалын уруп,
Жок сезимди үмүтүмө
Жарык кылып сүйүүм үчүн, сени эстеп.
Кейиштин дагы чеги бар тура,
Тоспойлу ачык тура тулага.
Сагынбайм эми санаган күндү,
Эңсебейм, жолубуз биздин айрылыш.
Кайырма:
|