|
|
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Досторум, жаныңа жаным кошконум,
Досторум, жападан жалгыз окшодум.
Досторум, сагыныч ырын коштодум,
Сагындым, сагындым, мен сагындым.
Кайдасыңар, менин досторум, жоктодум,
Кайдасыңар, менин досторум, жоктодум.
Жоктодум, кечээги жаштык отторун,
Жоктодум, кадыр түн таң да тосконум.
Жоктодум, достордун көзүн жокторун,
Жоктодум, досторум, жоктодум.
Кайдамын мен өзүм жоктодум, досторум,
Кайдамын мен өзүм жоктодум?
Кайдамын мен өзүм жоктодум?
Жаңырат тоолор, сагындым,
Жаңырык болуп жаңырдым.
Сагындым, ай, сагындым, мен,
Сагындым, досторум.
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.
Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.
Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми шакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.
Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мирлан Абдыраевдики
Жылмайып күн да төгүп нур шооласын,
Көрк берип айланага таң да атты.
Термелип салкын желге бир жоогазын,
Керемет жыпарын чачты.
Жаштык кез гүлдөй тура жана дагы,
Жагат сага, мага дагы.
Кайырма:
Ойно, бийле, жырга,
Обон созуп ырда.
Бийик максат танда,
Өмүр келбейт кайра.
Жаштык кезиң барда,
Шаң-күлкүдөн калба.
Аккан суудай мезгил,
Келбейт сага кайра.
Жашагын из калтырып кайгырбастан,
Урматтап улууларды, сыйлаганды бил.
Өмүр сүр, азгырыкка алдырбастан,
Бул жашоого келесиң бир.
Жаштык кез балдай таттуу күндөр менен,
Билинбей өтөт экен.
Кайырма:
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Ураанын Манастын,
Жаңыртып элим кылымга.
Агымы толкуп баратат бул күндө.
Эркиндикти курууга, эл биригип турууда.
Дүңгүрөп дүйнөгө биримдигиң, кыргызым.
Ынтымак гана жүрөктө жашаган,
Ата Мекен - ыйыгым, ал кең пейил кыргызым.
Кайырма:
Кадырлап, барктап берметин,
Тарыхын баскан кездерин.
Умтула бүгүн,
Сакталып келет эл деми.
Ысык-Көл бермети,
Бүтпөсү болгон кебимдин.
Ала-Тоо бийик - асманын тиреген,
Керемети жеримдин,
Ал сыймыгы элимдин.
Жараткан бергени,
Касиет болгон кендерин.
Каректей сактап,
Кийинки жолдогу урпактарга берели.
Кайырма:
Аскалуу ак бийик тоодой,
Көркөмүнө көзүң тойбой,
Айта берсең сөзүң жетпейт чегине.
Кылымдардын агымында,
Кыргызстан деп аталып,
Мекен болуп келет кыргыз элине.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Алга, алга!
Алгалай бер ал-күчүң барда.
Эркиндикке бөлөнүп,
Элиң сансыз көбөйүп,
Өркүндөй бер, өсө бер, талба.
Атагың бар алыс кеткен,
Көтөрүлүп Айга жеткен,
Ата Журтум, кадыр-баркың жогору.
Кыргыздардын ким экенин,
Өзгөчөлөп маалымдайт,
Манас баатыр басып өткөн жолдору.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Билбейм, башкачасын, мага жагат жылмайган көз карашың,
Жүрсөм мен эркелей, сен жүзүмдү көлөкөлөп жетелей.
Эңсегеним бир сендей, мени тапсын, тапсын эч кимге бербей.
Карабачы, теңебей, келди бактың жамгыр болуп себелей,
Тим эле сүйкүм, сүйкүм мага жагымдуу күлкүң.
Экөөбүз бирге миң бир түн, табышмак.
Кайырма:
Келчи, менин жаныма,
Жазылгансың багыма,
Кээде, кээде сагынам, сагынам.
Колумдан сен кармачы, жүрөгүмдү самачы,
Жашоо сонун карачы, карачы.
Таттуу кыялдарым, сага деген ойлорум тыя албадым,
Таптым сүйүү багын, колум сунуп сүйүү жолун арнадым.
Эңсегеним бир сендей, мени тапсын, тапсын эч кимге бербей,
Карабачы теңебей, келди бактың жамгыр болуп себелей,
Тим эле сүйкүм, сүйкүм мага жагымдуу күлкүң.
Экөөбүз бирге миң бир түн, табышмак.
Кайырма:
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Нурлан Насиптики
Кош бол эми көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан.
Оор болсо да унутамын жаным өзүңдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым,
Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым.
Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү,
Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Алыстап менден керемет,
Үстүмдөн муздак себелеп.
Дүйнөнүн сырын көтөрүп,
Өзүмдү турам жемелеп.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Өткөрүп күндөр тереңдеп,
Беришип сөздөр бекемдеп.
Коштоштук баары бүткөндөй,
Каректе калды элестер.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Сөзү : Жанар Камбаралиева
Обону : Түрк элиники
Жамалын жагымдуу сенин Ананай,
Жагамбы мен да сага Ананай.
Жалдырап калам кетсең карабай,
Жаным Ананай.
Кылыгыңды кыялбай турамын Ананай,
Күйүп-жанган убагым Ананай
Кыйналдым сага такыр жагалбай,
Жаным Ананай…
Сен сүзүп көздөрүңдү,
Эркелеп айтсаң сөздөрүңдү.
Мен сүйүп мүнөзүңдү,
Арнаймын сага ак сүйүүмдү!
Сен өткөн ар бир күндү,
Жашагын жаңыртып күлкүңдү.
Мен ушул өмүрүмдү,
Арнаймын сага ак сүйүүмдү!
Өмүрлөр аз,
Сүйүүлөр жаз,
Махабатка бололу мас.
Миллион,
Мага сом,
Кереги жок бирге болсоң!
Сен ээлеп ойлорумду,
Жүрөккө бекем орнодуңбу?
Мен кармап колдоруңду,
Сезем сендик болгонумду.
Сен баскан жолдорумду,
Сүйүүдөн токуп ородуңбу?
Мен билип болжоорумду,
Сезем сендик болгонумду.
Сөзү : А.Мерзабаев
Обону : А.Мерзабаев
Өмүр башаты балалык кезим,
Кучагыңда эркелеп өткөн.
Барбы сендей, айтчы, аянбай бир тамчы,
Мага жылуу мээримин төккөн?
Кайырма:
Ай, асылым менин, алтын апакем,
Ай нурундай, тоо гүлүндөй,
Кымбатым сенсиң,
Жан дүйнөңдү курчаган үмүт,
Мага эс, үгүт,
Таалайым да, тагдырым да,
Окшошуп келсин.
Бала пейилден сезбеген болсом,
Кадыр-баркың эми билип жеттим.
Алыс жакта жүрүп сагынычка толуп,
Кусалыкка кор болуп бүттүм.
Кайырма:
Алтын апакем...
Турганда өмүрдө өзүм таппай,
Жашоомдун тар жолу жанга жакпай.
Алсырап демге дем бере албай,
Күчү жок кош канат кагып-какпай.
Кайырма:
Тээ алыстан, тээ алыстан,
Үмүт улаган жарык чакырат.
Жан дүйнөм бошотчу жаппай,
Жашоодон жеңилбейм, кайтпайм.
Багытым бар, үмүт уланат.
Керемет дүйнөгө көңүл чаппай,
Жан дүйнөм бакырат таңга батпай.
Тыңшаймын, сезимим кайда шашат?
Кубалайм өзүңдү, менден качат.
Кайырма:
Тээ алыстан, тээ алыстан,
Үмүт улаган жарык чакырат.
Жан дүйнөм бошотчу жаппай,
Жашоодон жеңилбейм, кайтпайм.
Багытым бар, үмүт уланат.
Арыба, канатым, талбай,
Ашуудан өтпөй сен калбай.
Багытың бар, үмүт уланат.
Мезгил учуп барат,
Желдей канат кагат,
Кайрылбас жактарга.
Жылдар артта калат,
Өкүнүчтү санап,
Жетпес колун булгалап.
Кайырма:
Жаздай жамгыр төккөн,
Жаштык гүлдөй өскөн,
Арман болбос.
Көңүл үшүп муздап,
Жан дүйнөмдү бузган,
Жалган болбос.
Жаштык орду толбос кымбат тура,
Сырлары көп арман тура.
Жаштык орду толбос аалам тура,
Жомокко окшош жалган тура.
Аппак таза жаздан,
Жаштык ширин балдан,
Адамзат тойбогон.
Аянычтуу арман,
Жаштык алыс калган.
Жүрөгүмдө ойногон.
Кайырма
Сөзү : Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Арсендики
Жетелешип, жыргап жүргөн биз элек,
Ашык болуп өрттөй күйүп кызыгып.
Жүзүң жарык жанып турса мен жыргайм,
Бүт ааламдан тартууланып сулуулук.
Кайырма:
Аткан ай таңдардай,
Кыялым күчөйт кайталай.
Маңдайга жазгандай,
Жолугуп калдык байкабай.
Бирге биздин тагдыр жолу жазылып,
Өмүрүбүз таттуу болуп калса дейм.
Күлкүң шыңгыр булак суудай агылып,
Булбул сүйгөн жаздын жери келгендей.
Кайырма:
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Michalis Antoniou
|