|
|
Сезимимди айтсам,
Мага сен ишенбей.
Чын жүрөктөн чыккан
Сөзгө сен түшүнбөй.
Жүрөгүм жалындайт,
Махабат жаңылбайт.
Кайырма:
Сүйүүм тунук менин булактай,
Жаш жүрөктү кууратпай билсең,
Сүйүү деп мени, жаным, суратпай,
Түндү сүйгөн чырактай сүйсөңчү.
Сезимимди айтсам.
Мага сен ишенбей.
Сүйдүрдүң го мени,
Жипсиз кишендей.
Тоо суусундай тунук
Менин бул сезимим.
Кыялданып жүрсөм,
Калдың сен кезигип.
Бактыңды таанып ал,
Сүйүүмдү кабыл ал.
Кайырма:
Сезимимди айтсам.
Мага ишенбей.
Сүйдүрдүңго мени,
Жипсиз кишендей.
Айдайым, асылым, махабатым менин,
Калгандай ортодо өчүп ыйык сезим.
Таарынбачы тагдырыңа,
Түшүнөмүн сенин арманыңа.
Кайгырбачы жазыгыңа,
Жолугарсың өз бактыңа.
Кайырма:
Асылым, ай, алмашкыс асман, айым, ай,
Аткан таңым, ай, ай чырайым, ай.
Сагынарым, ай, кол жеткис асман, жылдызым, ай,
Жашап келесиң сезимимде.
Жанымдай жактыргам жалжалым жалгыз сени,
Айрылбай жүрсөк деп үмүт күткөн сени.
Таарынбачы тагдырыңа,
Түшүнөмүн сенин арманыңа.
Кайгырбачы жазыгыңа,
Жолугарсың өз бактыңа.
Кайырма
Биз көптөн жаңылдык,
Ыйманга батпай,
Сыйга да жакпай.
Бир өмүргө арзыдык,
Бейиштен айрылып,
Келебиз кайгырып.
Кайырма:
Аллах, жардамың бер,
Пендеңе кубат бер,
Жамандан алып кет.
Аллах, сураарым сенден,
Элиме тынчтык бер,
Жамандык жеткирбей.
Жараткандан жардам сурайм,
Жүрөгүм ыйманга толсун деп.
Тынчтык орноп бүт элиме,
Алаамат күндөн сакта деп.
Биз жашайбыз өкүнбөй,
Жамгырдай жаш төкпөй.
Жамандык өзгөрбөй.
Бир шайтандын кемеси,
Калыбын өзгөртпөй,
Жарыкты көргөзбөй.
Кайырма:
Капыстан кезиктим, билбеймин берилдим,
Көзүм түштү бир кызга,
Ак куудай керилип, бийлейт го берилип.
Таңыркап баары карашып.
Бийчи кыз карындаш,
Бийлейли бери бас.
Кайырма:
Эй, карындаш, тартынбай чимирилчи,
Кел, карындаш, жүрөккө чокту салчы.
Оу, карындаш, сүйүүнүн отун жакчы,
Уялбай бийле, кара каш.
Кылчактап карайсың, ансайын самаймын,
Чимирилип бийлейсиң.
Көздөрүң нур чачып, жүзүңдөн от жанып,
Турамын таштай катып.
Бийчи кыз карындаш,
Бийлейли бери бас.
Кайырма:
Сөзү : Кылыч Орозбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жалгызмын караңгы түндө,
Жүрөмүн батып күйүткө.
Күндөрүм улана берет,
Кол сунуп бактылуу күнгө.
Жарык, кетпе,
Үмүт, таштаба, суранам,
Кайгырбайын.
Билбеймин кантип байландым,
Турмуштан неге чайналдым?
Болду эми ал күндөр бүттү,
Артыма мен кайрылбайын.
Алыс кетпе,
Жарык, таштаба, суранам.
Сыздабайын.
Жаңылдым, эми өкүнбөйм,
Келет деп таңдарды күтпөйм.
Алданып калган сезимге,
Баш ийип кайра өкүнбөйм.
Кайтып келбе,
Козгобой эски жарамды.
Ыйлабайын.
Жай басып улам жанымдан,
Жан эркем, чачып жалындан.
Жаркырап бийге чакырсаң,
Бийлегим келди капыстан.
Кайырма:
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Нота ойносун,
Жүрөк козголсун,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Арзуубуз учуп
Асманга жетсин,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Айлантып, кысып белимди,
Ансайын алып демиңди.
Кучагым толуп турганда,
Кумарга батып бийлейли.
Кайырма
Бийкечиң болом бактыңа,
Бийлейли бирге дайыма.
Жаңырып ар бир күнүбүз,
Жашасын тапкан сүйүүбүз.
Кайырма
Ай карап, күн санап,
Үмүтүм жалындап күткөнмүн.
Келбедиң кайрылып,
Жүрсөм да өзүңдү сагынып.
Курчаган жалгыздык,
Кубаты күч алып, жанчыды жанымды.
Жазыксыз жүрөгүм,
Эзилсин мейли, сени күтөмүн.
Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын.
Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын.
Күндөрүм күтүүгө,
Түндөрүм үмүткө байланды.
Мен байкуш эмне кылам,
Жүрөгүм сооротуп отурам.
Тагдырым тайкыбы?
Жаңылдым-жаздымбы?
Билбедим таппадым,
Дарманым калбады,
Күтүүгө башка сени, ардагым.
Кайырма:
Ысык-Көл бизге кучак жайып,
Ысык-Көл бизди күтөт дайым.
Ысык-Көлдүн ажайып жайы,
Ысык-Көлгө эмне жетсин!
Таптаза, тунук, кереметсиң,
Касиеттүү Ысык-Көл!
Кайырма:
Эс алдырып Ысык-Көл,
Баарыбыз пляжда.
Кыздар бут жерде,
Балдардын ою башка
Эс алдырып Ысык-Көл,
Музыка таң атканча.
Келгиле биз менен чогуу
Баарыбыз кайталап "көл".
Ысык-Көлдүн толкундары,
Ысык-Көлдүн алтын кумдары.
Ысыган жандардын кумары,
Ысык-Көлгө эмне жетсин!
Таптаза, тунук, кереметсиң
Касиеттүү Ысык-Көл!
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Биз күткөндөй болбой калды баары эми,
Чансаң дагы башканы эмес, сүйчүм сени.
Билбедиң кадыр-баркымды,
Башканын болуп чырагы,
Тепседиң жүрөгүмдө сага ачылган гүлдөрдү!
Кайырма:
Өкүнбө, эми өкүнбө
Өкүнүч болот өмүрдө.
Жан дүйнөң сыздап кайгырба, эми өкүнө!
Өкүнбө, эми өкүнбө,
Өкүнүч болот өмүрдө.
Жан дүйнөң сыздап кайгырба, эми кайгырба!
Сен ыйлаба, сен кайгырба бул жалганда,
Мени күтпө, мени издебе бул ааламдан.
Азыр мен жансыз элесмин,
Кол сунсам колум жетпеген.
Ыйласаң соорото албай жан дүйнөм бир эзилген!
Кайырма:
Өкүнбө, эми өкүнбө,
Өкүнүч болот өмүрдө.
Жан дүйнөң сыздап кайгырба, эми өкүнө!
Өкүнбө, эми өкүнбө,
Өкүнүч болот өмүрдө.
Жан дүйнөң сыздап кайгырба, эми кайгырба!
Көргүм келип, сагыныч басып,
Эстейм сени ызага батып.
Сүрөтүңдү карап отуруп,
Сыздайм, мени кимге таштадың?
Жалгызсырап, жүрөм алсырап.
Калдым окшойт жүрөк кансырап,
Кайда барсам көрөм өзүңдү,
Эстеп, эстеп ооруйт жаным тызылдап...
Кайырма:
Жалган дүйнө, жалган дүйнө, айрыба мени,
Эстеп жүрөйүн сүйлөп, күлгөнүң.
Өчпөс чырагым, өмүр булагым, кечирчи мени,
Колумдан келбеди асырап сактоо, сактоо.
Жоктоп сени калды асман Айсыз,
Ыйлап жамгыр нөшөрлөп сенсиз.
Жалгызсырап бүт аалам калды,
Жансыз, жансыз ооруйт жаным тызылдап...
Кайырма:
Жалган дүйнө, жалган дүйнө, айрыба мени,
Эстеп жүрөйүн сүйлөп, күлгөнүң.
Өчпөс чырагым, өмүр булагым, кечирчи мени,
Колумдан келбеди асырап сактоо, сактоо.
Жан дүйнөмдүн жарык шооласы,
Сени издейт чексиз ааламда.
Мээрим чачып турсаң жүрөккө
Бул жалганда.
Тагдырымдын белегисиңби,
Таңдагы периштем сенсиңби,
Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби?
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Жүрөгүмө сүйүү ойготуп,
Таң сулуусу, азыр кайдасың?
Аламбы деп сени жоготуп,
Издейм сени табуу айласын.
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маанайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Саамайыңдан салкын жел сылап,
Сага гана арнап гүл сунам,
Табышмактуу тандын сулуусу.
Алла Таалам энчилеген,
Ата-энебиз эркин берген.
Асылым, ай, ай нурундай,
Бактыбызды мен тилегем.
Ак сүйүүнү соолутпадык,
Бар сезимди толуктадык.
Нике буйруп жан эркем, ай,
Жөндөн-жөн биз жолукпадык.
Кайырма:
Рахмат сага, рахмат сага,
Ыраазымын мен бактыма.
Күлгүн жаштын гүлүн терип,
Тартууладың бакыт мага.
Рахмат сага, рахмат сага,
Жарык берген нур жолунда.
Жүрөгүмдө өзүң,
Жолун таптың бир болууга.
Көөдөндөгү жан ырым сен,
Күн нурундай жарыгым сен.
Кайгы-күлкү тең бөлүшкөн,
Жашоодогу жарымым сен.
Шылдыр аккан мүрөгүм сен,
Арзып соккон жүрөгүм сен.
Бакыт балын бирге таткан,
Бул дүйнөдө түгөйүм сен.
Кайырма:
Булаксың, тунуксуң,
Ачык асман чырагымсың сен.
Ааламда керемет,
Жарык чачкан шооламсың сен,
Жалгыз сен.
Кайырма:
Жүрөгүмдө сенсиң,
Жүрөгүмдө сенсиң,
Сенсиң...
Белегим, берээрим,
Жалгыз сен көзүмдөгү карегим.
Көлөкөм, берекем,
Жанымда болсоңчу сен эркем,
Жалгыз сен.
Кайырма
Рук белоснежные волны,
Взгляд твой без бездонный.
Губы сладкий рай,
Меня пленили по полной
Просто это знай, просто это знай.
Снова на краю жду мечту свою,
И тебе пою.
Кайырма:
Ну же, двери открой,
И пусти на порог,
Я до нитки промок.
Рядом твой серый кот,
Вместе мы под дождём,
Ждём тебя у ворот.
Дождь барабанит по крыше,
Грустно и смешно, но мне всё равно,
Ведь я люблю тебя, слышишь?
Просто это знай, просто это знай.
Снова на краю жду мечту свою,
И тебе пусть надоело уже ждать, но...
Кайырма:
Солнце скоро взойдёт,
А дождь идёт
Тут и кот запоёт.
Ну же, двери открой,
И пусти на порог.
Я до нитки промок,
Рядом твой серый кот,
Вместе мы под дождём,
Ждем тебя у ворот.
А можешь одно,
Мне уже все равно,
Просто я ухожу,
Остается твой твой кот,
Ждать тебя у ворот.
Жолугар кезде, жолдор узак беле,
Адаштырган бурулуш бурмалайт беле.
Кезигер кезде, керме тартып бизге,
Кырс мүнөзүн салганбы, кымбатым эзбе.
Кайырма:
Сагынычты кошуп, сабаланып учту.
Сага деген каттар сапарын бурду.
Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм,
Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим
Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим,
Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү неге кыя албайм
Бактым бар кезде, баса бердиң неге.
Бактым чыдап тура албайт, байлангым келбейт.
Ак киер кезде, алдын тумар бизде,
Айрылыштан жок болду, ал бубак беле.
Кайырма:
Сагынычты кошуп, сабаланып учту.
Сага деген каттар сапарын бурду.
Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм,
Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим
Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим,
Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү жаным кыя албайм
|