|
|
Сөзү : Ж.Абдыраимовдуку
Обону : З.Көпболсуновдуку
Сен төрөлүп, неберем
Кемиди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.
Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.
Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.
Кайырма:
Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.
Кайырма:
Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Карааныңа зар, мен ар дайым,
Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым.
Эркелетип сен кучак жайып,
Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың.
Кайырма:
Энекем ай, таза аккан суудай,
Таң аткан нурдай,
Эрте эле кеч киреби?
Берекем ай, замзамдан ууртам,
Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми.
Мээримиңе зар апакебай,
Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай.
Ымыркайың ыйлай-ыйлай,
Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай.
Кайырма:
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Жарыгын чачкан ай болсо,
Айланам толо түн болду.
Нурларын чачкан күн болсо,
Өзүңө жаным кул болду.
Кайырма:
От болдум, күйүп болдум,
Шириним, жаным, ашык болдум.
Бир көргөндө тартып алган,
Чырайыма жакын жан болдуң.
Чалкыган сулуу көл болсом,
Ашыгы аккан сел болду.
Ашуусу бийик бел болсо,
Эңсөөдө учкан жел болду.
Кайырма:
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
А балким, башка бирөө таптың беле?
Өзүңчө качып эле...
Өзгөрдүң эми неге?
Сөздөрүң жаным эле,
А балким, башка бирөө сүйдүң беле?
Көздөрүң сүйкүм эле,
Сөздөрүң ширин эле,
Бири жок бүгүн неге?
Болушум ушул болсо не кыл дейсиң?
Дилимди же билбейсиң,
А өмүр өтөр-кетер,
Бир келген көз ирмемсиң.
Жашоодо өкүнбөгөн адам барбы?
Сыйрыдың жараттарды,
Бактылуу күндөр келет,
Бардыгы жаңы, жаңы.
А балким, башка бирөө жакты беле?
Жолуңа тартып желе,
Кош эми, ыйлайт дебе,
Кааларым бакыт эле,
Кааларым бакыт эле.
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : А.Мамадалиевдики
Жашоо жакшы жер басып күн көрсө адам,
Кудайдын бул дүйнө деген гүл багында
Бул жашоонун кумарына канып-канбай,
Кербен сымал келет адам, кетет кайра
Ушундай экен, айтың достор
Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.
Кайырма:
Жолугушабыз, жолугушабыз, жолугушабыз,
Ширин арзуу, үмүттөргө чулганалы.
Кетер дүйнө көңүлдөрдү капалантпай,
Чын жүрөктөн сагынышып жолугалы.
Бул дүйнөнүн өмүр деген дайрасында
Учат күндөр, ай-жылдарга алмашып.
Жакшы адамдар көп болгула арабызда,
Жакшы сөзүн айтып көңүл кубандырган.
Ушундай экен, айтың достор
Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.
Кайырма:
Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт - зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону, жерди.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апак, ууз сүйүү берсин,
Мага да, сага дагы.
Береке бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Сөзү : Алымбек Коробаевдики
Обону : Алымбек Коробаевдики
Таң алдында таттуу махабат,
Көл толкуну улам каратат.
Дал ошондо күүлөп канатын,
Кийген өндүү аппак халатын,
Ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт,
Ак чардак.
Дал ошондо күүлөп канатын,
Кийген өндүү аппак халатын,
Ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт, ойкуйт да кайкыйт,
Ак чардак.
Көл түбүнөн көлгө күн чыгат,
Келбечүдөй кайра жай сызат.
Бирок, менин махабатым,
Айланчыктап артта калат.
Көрүнө да калса, көрүнө да калса, көрүнө да калса,
Ак чардак.
Бирок, менин махабатым,
Айланчыктап артта калат.
Көрүнө да калса, көрүнө да калса, көрүнө да калса,
Ак чардак.
Көл түбүндө сүзөт ак чабак,
Көл үстүндө сүзөт ак чардак.
Арасынан таппай өзүңдү,
Унуттуңбу айткан сөзүңдү?
Кайдасың ай сүйгөн, кайдасың а сүйгөн, кайдасың а сүйгөн,
Ак чардак?
Арасынан таппай өзүңдү,
Унуттуңбу айткан сөзүңдү?
Кайдасың ай сүйгөн, кайдасың а сүйгөн, кайдасың а сүйгөн,
Ак чардак?
Сөзү : Улукбек Омукеевдики
Обону : Таалай Турдубаевдики
Сөзү : Капар Момуналиевдики
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Күздүн супсак күңүрт баскан таңында,
Келем жалгыз биз жолукчу кайыңга.
Кур кыялдар алып учат сезимге,
Күн элесиң турган өңдүү жанымда.
Баш коё албай өкүмүнө тагдырдын,
Бала сымал дүйнөм ыйлап кыйгырдым.
Башка жанды жандай басып көктөмдө,
Муздак күздө неге кайра кайрылдың.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Ырым болбой муңум болуп бүтпөгөн,
Күндөр өтчү сенден күдөр үзбөгөн.
Өзүмдү алдап унутайын дегенде,
Кайра келдиң саргайыңкы күз менен.
Сендик сүйүү запкысынан эзилген,
Нур издейсиң түнгө түшкөн сезимден.
Кечир, гүлүм, өчтү биздин арзуулар,
Сунган колуң кармай албайм эми мен.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Сөзү : Айардыкы
Обону : Айардыкы
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
|