|
|
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Бешенеме бүтпөгөнсүң жүрөгүмө бүтүп калыпсың,
Күлкүңдү эстеп күндө сенин.
Алигиче таңдайымдан,
Даамы кетпейт кызыл алманын.
Кайырма:
Алма, алма, кызыл алма.
Жегин деп мен берсем сага,
Тең болсун жеп экөөбүзгө,
Бөлүп койдуң эки кесим алманы сен.
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңа,
Бердиң анын жартысын мага.
Насибиңди бөлүшкөнгө,
Турду ичимден мээрим төгүлүп.
Билбептирбиз анда экөөбүз,
Көп өтпөстөн жарты алмадай,
Каларды биз эки бөлүнүп.
Кайырма:
Бешенеңе бүтпөгөнмүн,
Жүрөгүңө бүтүп калганмын.
Улутунуп сен да мени,
Көп эстерсиң, сагынарсың,
Көргөн сайын бүтүн алманы.
Кайырма:
Сөзү : Адеми Акимованыкы
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Абдижаппар Алкожаевдики
Сен өзү кандайсың, айтканды укпайсың
Күндүз да, кечке уктайсың.
Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың,
Жаштыкты неге сындайсың.
Дос менен кызыктуу ар бир саатым,
Жаштыгым жалынын чачсын.
Ай иним достор деп жүрө берсең сен,
Үй-бүлө качан курасың?
Кайырма:
Кыздарды тааныштыр эже,
Мен сага жеңе эмесмин.
Мен тапсам жакпаса сизге,
Инимдин тапканын жаман дебесмин.
Иним оо, шам чыгарымсың,
Эжекем сен да бактымсың.
Суранам өз жарың тапчы,
Ниет бар шаштырба, жүрөк жактырсын.
Сен өзүң барбасаң алар билишпейт,
Жөн эле үмүт беришпейт.
Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың,
"Үйлөн деп" неге кыйнайсың.
Мен жашмын кызыктуу, бойдок күндөрүм,
Бир күнү мен да сүйөрмүн.
Курагың жыйырма бешке келсе да,
Ойлонбой неге жүрөсүң?!
Кайырма:
Сөзү : Шахзада Авсаматованыкы
Обону : Шахзада Авсаматованыкы
Жүрөгүмдө бейиш булбулу бардай,
Жүрө албайм сайрабасам булбулдай.
Жолдорумду кызыр дарып тургандай,
Жолуктурдум бактым тоодой ушундай.
Кайырма:
Ыраазычылык ырахатка баткан кандай,
Көңүлдөрдөн төгүлгөн мээрим арнай.
Ак дилден жылуу сөздөр чыкса балдай,
Дидарларды сулуулап кызыл нур, ай.
Жан дүйнөмдө ханыша жашагандай,
Жашоо берди жакшылыгын эч аянбай.
Жолдуу болдум кудай сүйгөн адамдай,
Жылдыз жанган бактым тоодой ушундай.
Кайырма:
Сөзү : Күмөндөр Абыловдуку
Обону : Күмөндөр Абыловдуку
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Аскар Карыбаевдики
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : А.Акматалиевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Сөзү : AGA-INI
Обону : AGA-INI
Күндүн нуру шооласын чачкан кезде,
Нурларына айткым келди арманымды.
Жылдыздар жаркырап чыккан айлуу кечте,
Жалгыз сени ойлогонум айткым келди.
Кайырма:
Алыстыкка баш ийем кантем жаным,
Бир өзүңдү көргүм келип мен сагындым
Ушунчалык жолугушпай турган болуп
Бешенеге жазылганбы бул арманым
Сагындым сени жаным
Сагындыңбы сен дагы мени?
Сагындым сени жаным
Сагындыңбы? Айтчы деги
Сагындым сени
Эстейсиңби сен ал жактан,
Кечебизди жаркыраган.
Элестетип сүрөтүңдү,
Күлмүчөгүңдү таппай калам.
Кайырма:
Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөчө.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.
Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдү,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм кечигет
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң, угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Нурлан Насиптики
|