|
|
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Ат баспаган асканын,
Аралай басып ак карын.
Жайыттап күнгөй-тескейин,
Кой болду менин бакканым.
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Ат баспаган асканын
Мен бастым шагыл-таштарын.
Кой баккан сонун турбайбы,
Балалык ойду таштадым.
Тетиги Кара-Шорого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Кара-Шорого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Деги эле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын.
Кыз сүйгөндөй болосуң,
Сылап саамай чачтарын.
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Сөзү : Нуралы Нурманбетовдуку
Обону : Нуралы Нурманбетовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Билинбей күндөр узап,
Сагынычым үмүт менен жол карап.
Жалындап күйүп-жанат,
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак.
Кайырма:
Кезигүүнүн издеп келем айласын,
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын.
Супсак сымал күңүрт алып айлана,
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Тамчылайм ак жамгырдай,
Шаркыраймын көл издеген агындай.
Асманда жалгыз куштай,
Теңселемин шамал соккон булуттай.
Кайырма
Сөзү : Бегиштики
Обону : Эрнист Жоошевдики
Ар ким айтат сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнмүн.
Мен дагы айтып берейин,
Ашыктыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө да дарт, из,
Гүзал, ак тамак.
Күрдөлүү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен,
Ашыктык гүлүн кармадым.
Ана ошол гүлдү беришке
Мен Гүзалды издеп барганмын,
Булактан көрүп чак түштө,
Мен булбулдай абаз салганмын.
Көрдүм далай урууну,
Кечтим дайра - улууну.
Издеп бир келдим, Гүзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалың ушул жерден,
Тартиптүү, Гүзал, кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш-кирпигиң төгүлүп,
Карасаң кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп,
Көк-жылдызын саматкан.
Жана да көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.
Кал, калыңдан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген белиңден, ай,
Беш талдап өргөн чачыңдан.
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам, ай,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби?
Сыпайынын жайында, ай,
Билбей бир киши келеби?
Зыяда болсоң, кулак сал, ай,
Зарымды угуп гүлүмдү ал.
Керек болсо, Гүзал кыз, сен,
Көрө турган күнүмдү ал.
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алган,
Булагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда мен,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда
Сөзү : Марат Алыбевдики
Обону : Марат Алыбевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Мурат Насыровдуку
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : М.Ниязовдуку
Көл беле көзүң,
Көргөндө чөгүп кеттим.
Бактымдай, таптырбай көп издеттиң.
Күн кечип жүздөгөн,
Өмүрдү кезип жүрдүм.
Көңүлүм түз белем,
Өзүңдү кезиктирдим.
Кайырма:
Сагынган жазды тоскомун,
Сабыр кыл, мезгил, токтогун.
Аккууга жанды кошкомун,
Ашыкпа, мезгил, токтогун.
Таалайым тапкан окшодум,
Талпынба, мезгил, токтогун...
Токточу мен
Узарткым келет
Ушундай жакшы күндү.
Талбайын, арнайын ак сүйүүмдү.
Саатыңды караба,
Унутчу убакытты.
Сага да, мага да
Буюрду бул бакытты.
Таалайым тапкан окшодум,
Токточу, мезгил, токтогун...
Өрүлгөн жаштык отторун
Өчүрбө, мезгил, токтогун.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Бек Исраиловдуку
Бардыгы кызыксыз,
Маанайым учуп суз.
Асмандан адашкан,
Жалгыз булутпуз.
Бир гүлүм үзүлгөн,
Күлкү жок жүзүмдөн.
Үмүткө байланып
Жолуң карап, күттүм мен.
Кайырма:
Кетпеген бул ызам,
Келбечи ушу таң.
Канткенде мен эми,
Кантип унутам?
Туйбаган өрт үнүң,
Туйлаттың бөлчү күн
Жароокер көзүңдөн
Жазды көрчүмүн.
Сезим жок сыр каткан,
Жүзүм жок нур чачкан.
Шашылып сүйүүмө,
Эрте күн баткан.
Издеген таппаган,
Кулаган аскадан.
Чын сүйүп бактылуу,
Бул дүйнөдө барбы адам?
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм,
Чыйралдым сенден, жаштык, ай.
Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм,
Арман жок сенден, жаштык, ай, сенден, жаштык, ай.
Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды,
Өткүндөй белең, жаштык, ай?
Тергетер сүр калды, термелип гүл калды,
Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай?
Кайырма:
Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай,
Жаштыктан көрдүк ылгабай.
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай?
Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай.
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай.
Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок,
Таза элең дайым, жаштык, ай.
Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок,
Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай.
Кайырма:
Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай,
Жаштыктан көрдүк ылгабай.
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай?
Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай.
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай.
Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
Өмүрүмдүн гүлү соолуп бараткан кезде,
Тагдырыма миң рахмат, кезиктиргенге
Сен бактылуу болушка татыктуу жансың
Аселдей таттуу...
Кайырма:
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен муңайбай жүрүш үчүн,
Берем жанымды.
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен бактылуу болуш үчүн,
Сен муңайбай күлүш үчүн,
Берем жанымды.
Бул өмүрдү бирге өткөрөр кымбатым сенсиң,
Миң кайгырсам, бир кайгырар жалгызым менин
Көздөрүңдөн айланайын карагат көзүм,
Сен аман болгун...
Кайырма:
Сөзү : Тата Уландыкы
Обону : Тата Уландыкы
Эртең менен азанда
Уйку балын татып жатып
Энесинин койнунда
Кучагына башын катып
Бейиш кирди түшүнө
Кичинекей наристенин
Аруу жандын түшүндө
Жакындардын элестери
Кудайымдын бейиши
Жүзүн нурлантып кубантты
Периштелер чакырып
Жанын жаннатка узатты
Сур булутту аралап
Ажал канаттарын какты
Буйрук саатын өзгөртпөй
Кайтчу пенделерин тапты
Адамдар уктап жатса
Асмандан учак кулады
Кырк түтүндү бир сүрүп
Жерди жексен кыла салды
Тагдырлар талкаланып
Тирүүлөрдүн жашы акты
Кырк чыракты очүрүп
Элим кайгысына батты
Кекиртекке тыгылып
Демим денени туйлатты
Жашым көздөн чыга албай
Жарып жүрөктү сыздатты
Сур булутту аралап
Пенделер көккө узады
Наристелер бейиштен
Түш көргөн бойдон кайтпады
Не кылалы бул буйрук
Кайрат кылгын алтын элим
Тең кайгыны бөлүштүк
Мындан артык эмне дейин
Аман калган Жакшылык
Бул Кудайдын белгисиби
Сага мага окшогон
Тирүүлөргө эскерттиби
Бизди күткөн убакыт
Бир заматта үзүлөбү
Өмүрүбүз кыйылып
Ичкен суубуз түгөнөбү
Түбөлүктүү эч нерсе
Бул дүйнөдө таба албайбыз
Анда неге умтулуп
Жакшылыкты кыла албайбыз
|