|
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Жакшылар сендей болот,
Жактырган мендей болот.
Махабат таарынганда
Маалкатып келбей коёт.
Кебим бар элге айтпачу
Кечинде сен айтпачу
Кезикким келип турат
Кезикпе деп айтпачы
Жолуккум келип турат
Жолукпа деп айтпачы
Көз мончок сендей болот,
Көз арткан мендей болот.
Көз тийсе махабатка
Көрсө да келбей коёт.
Кайырма:
Жаш менен ойнойт тура,
Жалынсак болбойт тура.
Жашарткан менен жанды
Жайына койбойт тура.
Кайырма:
Ойлоп өмүр белестерин,
Ошол сени эстедим
Калаасында жаштыгымдын
Кызгалдак болуп элестедиң
Гүлүн ачкан курагыңдай
Күүлөрүң турат кулагымда
Кантип сезбей калдым экен,
Кадырыңды убагында.
Убайымың жанга баткан
Уйкум кайда качкан
Бактыбызды кайрып алып
Баштасак кантет кайра баштан
Мени кееде ойлойсуңбу,
Мээримиң төгүп койбойсуңбу.
Салсаң мени капасыңа,
Сайрай берем торгой сындуу
Кайырма:
Эргип жаным сен дегенде
Батпай элге, жерге
Серпилемин, сени эстегенде
Келсең эмне ,келсең эмне,
Күйгөн жанды кейитпей
Мени кейитпей, дүйнөмдү кемитпей
Окшойм күн желесине,
Жетпейм элесиңе
Түз жолуман күтүп алчу,
Түшөйүн сүйүү кемесине.
Сыныңа мен толомунбу,
Сыздатпа эски оорумду.
Чачылбайын тосуп алчы,
Чакырбаган коногуңду.
Кайырма:
Эргип жаным сен дегенде
Батпай элге жерге
Серпилемин, сени эңсегенде
Келсең эмне ,келсең эмне,
Күйгөн жанды кейитпей
Мени кейитпей, дүйнөмү кемитпей.
Кучагыңа бек кысып,
Балдарым деп сүйчү элең.
Обон созуп, ыр ырдап,
Эл аралап жүрчү элең,
Эл обонуң сүйчү эле.
Атаганат ой,
Арман тамат, ий, дүйнөмө,
Атасынан айрылган
Болбосо дейм дүйнөдө.
Ырларыңда сырларың,
Маңдайыма сыйбадың.
Сыйлай жүрдү сыздадың,
Арман айды ырдадың,
Арман этип ыйладың.
Кайырма:
Өттү өмүрүң сый менен,
Эл уулу элең, эл деген.
Сөзүң калып, өзүң жок,
Жалган дүйнөм шум белең,
Жакшыларды иргеген.
Кайырма:
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки, турба!
Бийлейли, бийлейли, кошто жигит ырда.
Бактылуу болгула, ишке ашып оюңар,
Кут болсун, кут болсун үйлөнүү тоюңар.
Ак тилектер ак ниеттен айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмес ак-жол тилеп эки жашка,
Каалайлы, узун өмүр, чексиз бакыт.
Жоодураган көздөр көзгө куралып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, арнамыстуу болсун деп,
Ата-энелер бата берет кубанып.
Кайырма:
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Жолдубай Кайыповдуку
Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду аруулап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып өмүргө,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачты өмүрлөр.
Ушунчалык жакшы көрүп бала кезимден,
Мектебимде эң бир жакшы кыз.
Айлар өтүп, жылдар өтүп бизге сезилбей,
Он сегизге толду жашыбыз.
Кайырма:
Ата-энеңдин сөзүнөн сен чыга албадың,
Айласыздан мен байкуш мени алдадың.
Түбөлүкө коштоштук, сен бөлөкө баш коштуң,
А мен сага жете албадым.
Күтөмүн деп кол булгалап көз жашың төгүп,
Сез узаттың мени аскерге.
“Бир көрөсөм деп алтым” деп сен мага жазып,
Сүйүп жүрдүм мен алыс жерден.
Кайырма:
Кармалып куру доомат менен,
Кылмышкер атка кондумбу мен.
Окулуп адилетсиз өкүм,
Айыпкер жазалансын деген.
Көз жашын төгүп байкуш энем,
Арытып өмүр ансыз деле.
Жалгызың болуп дайым сенин,
Жаныңда жүрсөм болбойт беле.
Асыл ой максат ойрондолуп,
Жамандык келет тоодой болуп.
Эркиндик күндөр сыртта калып,
Жүрөгүм менин муңга толуп.
Ыйлабачы сен байкуш энем,
Кыйнадым сени ансыз деле.
Көлөкө болуп жүрбөй сага,
Көрөрүм менин ушул беле.
Кайырма:
Бул дүйнөң жалган болсо эгер,
Адилет бир күн жеңип келер.
Мен жөнүндө да балким бирөө,
Ачыгын элге айтып берер.
Эл селсаякты эскерер,
Эскере турган кез келер.
Таш дубал менен калган кишен,
Мокотуп мени кыйнайт билем.
Жөлөгүм менин жалгыз үмүт,
Ак ийилсе да сынбайт деген.
Кечиргин мени байкуш энем,
Кеч болуп калды ансыз деле.
Сүймөнчүк болуп дайым сени,
Сүйүнтүп жүрсөм болбойт беле?.
Кайырма:
Сен күткөн жалгыз, мен жок жаныңда,
Күтөсүң келет деп мени сулуу кыз.
Жок сен тарынба, укчу сахнада,
Кечирим сурап ырдаймын мен сага.
Жок сенин күнөөң ушул кечте,
Өзүңдү калтырып жалгыз мен ушул кечке.
Кайырма:
Жанна кечирип кой садага,
Жанна сүйүү болсун арада.
Куйулган уу бокалда сынып калсын,
Жер бетиндеги жанга сүйүп калсын.
Жанна сен алыс, учуп бара албайм,
Ушул микрафондон сени сүйөм деп мен кайталайм.
Жарыктык шооласы сени жараткан,
Кыйналган кыл сага карап ырдаган.
Жарып салсын от жалы бул жүрөктү,
Бирок корком сенин сүйүүң менден үзүлдү.
Кабарымды күндө сурап баргандан,
Карыкты го карегиңер талгандан.
А мен болсо силерге окшоп жем ташып,
Чымчык болдум өз уямды айланган.
Кайырма:
Андагыдай мойнуңарга артылбай,
Арманым көп ичте жүргөн айтылбай.
Амандыгың күндө тилейм кудайдан,
Атакебай, апакебай, алтындар.
Ат бердиңер алыс жолго минерге,
Тон бердиңер үшүгөндө киерге.
Суу бердиңер чөлдө калса ичсин деп,
Мен эч нерсе бералбадым силерге.
Кайырма:
Мээримине бөлөп келди көзүңөр,
Мен таянар, медер тутар, өтүнөөр.
Мелт- калт кылып сактап турган өзүмдү,
Мекеним да, Меккем дагы өзүңөр.
Сөзү : Түгөлбай Казаковдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кеткен.
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби.
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Кайырма.
Сөзү : Б.Сейдакматованыкы
Обону : А.Керимбаевдики
Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай,
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай,
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун,
Жүрөмүн кыялым алыстабай.
Жээгинде дайранын шарпылдаган,
Күлгөнүңдү сагындым шаңкылдаган.
Чыгып барып аскага тизгениңди,
Жылдыз кармап колуна жаркылдаган.
Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен,
Сыйда назик колдоруң алтын белем.
Сыймыктанат элиң да, куруучу кыз,
Сенин атың эмгегиң, даңкың менен.
Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп,
Эңсейм сени жүрөгүмө жылдыз конуп.
Мени өзүңө чакырчы, сыйкырлачы,
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп.
Сөзү : Сагындык Өмүрбаевдики
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Асыл энем, таалайым энем,
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем.
Кайырма:
Шаңданган шоола болду бул жүзүңө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн карегиндей бапестеген,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.
Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.
Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.
Кайырма:
Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!
Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.
Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.
Кайырма:
|