|
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш кайда калды?
Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, шаң менен таң атырган,
Жалын жаш, ай, жалын жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш артта калды.
Ташты эритер сендеби чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылгыс аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Айтууга келди кезек
Атанын уулу дешет
Жүгү чоң сөз экенин
Жүрөгүм ичтен сезет
Татыктуу бекенсиң деп
Заманым сөөмөй кезеп
Кайырма:
Атаке, атакебай
Жылт эткен санааңыздан
Самоого өзүбүз да
Сагынып калабыз да
Эшик төр биз чоңойгон
Эркелеп барабыз да
Бактылуу узак жаша
Бар болуп арабызда
Табат деп ким сырымды
Таштаймын көз нурумду
Атымды элге угузуп
Арнаймын бар ырымды
Өстүрсөм экен сиздей
Мен дагы өз уулумду
Кайырма:
Атаке, атакебай
Жылт эткен санааңыздан
Самоого өзүбүз да
Сагынып калабыз да
Эшик төр биз чоңойгон
Эркелеп барабыз да
Оорубай узак жаша
Бар болуп арабызда
Ден-соолук берсе экен дейм,
Кылымды көрсө экен дейм.
Пайгамбар жаш да кутман
Тилегим берсе экен дейм
Каткырып карылыкты
Кайраты жеңсе экен дейм
Кайырма:
Атаке узак жашап,
Аман жүр арабызда
Коногу келсе үйүнө,
Сыйлап алар, жигиттер.
Эгини бышса эгинин,
Жыйнап алар, жигиттер.
Кайырма:
Коргогон элди-жерди,
Сүйдүргөн селкилерди.
Элимдин, жеримдим
Сакчысы биздин жигиттер.
Жеңилин жерден алышса,
Оорун колдон алышат.
Жүрөгү от жалын жигиттер,
Өз теңин издеп табышат.
Кайырма:
Улууга урмат, кичүүгө
Ызатын кылган жигиттер,
Элине түшсө кыйын иш,
Кызматын кылган жигиттер.
Кайырма:
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдың ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сен дагы сездиң бекен, туйдуң бекен?
Махабат күүсүн черттим мен да нечен.
Баарысы өлбөс болуп сага арналат,
Карааным карегиңде калды бекен?
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Мен келгенде эстен кетпейт эч эле,
Жезде дечүң мени жалгыз сен эле.
Бара-бара эркелигиң жоголуп,
Бой жетилип, сен чоңойдуң,
Бой жетилип, сен чоңойдуң,
Тез эле...
Кайырма:
Балдыз, балдыз, неге жалгыз,
Ыйлайсың сен күн алыс?
Тандап терген, белестерден,
Сага жездең гүл карыз.
Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле,
"Сүйүү эмне?" деп сураганың эсимде.
Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү,
Кадам койдуң сен, секелек,
Кадам койдуң сен, секелек,
Сезимге...
Кайырма:
Мен келгенде эстен кетпейт эч эле,
"Кел, жезде" деп чай сунганың эсимде.
Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын,
Мезгил, чиркин, өтөт тура,
Мезгил, чиркин, өтөт тура,
Тез эле...
Кайырма:
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : Р. Нарынбаевдики
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Күн өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Не коштуң бизди, Кудай?
Кайырма:
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Ажырадым ардагымдан,
Өкүнүп кайгырбаймын.
Турмуштун жолу татаал,
Кайра эми жаңылбаймын.
Кайырма:
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Өзгөгө чаппай калды...
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кайда жүрсөм өзүңүздү сагынам эне,
Жашоодогу мээримиңиз табылгыз беле.
Кайырма:
Энекебай элесиңден кубат аламын,
Энекебай сагынычтан күйүп-жанамын.
Көз алдымдан көчүп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай кол булгалап калган караның.
Сиздей мени эчким сүйбөйт эне билемин,
Ак батадан чынар болур өсүп тилегим
.
Кайырма:
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кайдан келет махабат,
Акылымдан алып азгырган.
Оо,Аида, Аида,
Аида, сен сулуусуң.
Күндөр, бактылуу күндөр,
Түндөр, уйкусуз түндөр.
Түгөнбөгөн таттуу кыялдар.
Оо,Аида, Аида,
Аида, сен жайнайсың,
Аида сен айдайсың.
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Жамин Акималиевдики
Ачылган аппак гүл көрсөм,
Окшотуп коём өзүңө.
Таалайдын таңы өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет көзүңө.
Ойлогон сырды айта албай,
Аптыгып кетет жүрөгүм.
Жаңсасаң боло жактырсаң,
Жалжалым, канчага минтип жүрөмүн?
Күттүрдүң мени гүл бакта,
Күүгүмгө калдым сен үчүн.
Күйүттүн оту өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет сен үчүн.
Ала-Тоо башы Ала-Арча,
Ала арча өсөт жанаша.
Алышып ойноп жүрчү элек,
Жалжалым, алты эле жашар балача.
|