|
Сөзү : Ж.Шералиевдики
Обону : Ж.Шералиевдики
Көк жашыл шибер өстөнүм,
Гүлүңдү терип өскөмүн.
Көрүнүп көзгө элестейт,
Көлдөлөң сымал чөптөрүң.
Өскөмүн сенден өскөмүн.
Ойноок жаш даалай төккөмүн.
Серүүндөп жүрүп боюнда,
Сүйгөнүм даалай, жигиттим даалай өпкөмүн.
Чачтарга бубак себелеп,
Беттерди бырыш чегелеп.
Өмүрлөр жылса алдыга,
Өткөндү эстеп не керек.
Жашынмак ойноп алгандай,
Жашоонун жолу ар кандай.
Жалжылдап карай беремин,
Жаштыгым сенде, балалык сенде калгандай
Арт жакка карай кылчайса,
Ар кимдер ойлоор өткөнүн,
Канчалык чабыттаса да.
Ким тапмак жаштык көктөмүн
Жаарда булут көчкөндөй
Жаштыкты текке өткөрбөй
Жаңыча шилтеп кадамды,
Жашообуз болсун, өмүрлөр болсун көктөмдөй.
Сөзү : А.Кожокуловдуку
Обону : Т.Бектеновдуку
Татына жылмаясың,
Талпынтып ыр канатын.
Байланып кирпигиңе,
Бакыттай бир карашын.
Кайырма:
Махабатым, махабатым,
Гүл болуп ыргаласың.
Күн болуп нурданасың,
Жашоодо жакшы обондой.
Алтын чач, мөл булагым,
Тамчыдан көл курадың.
Кумарлуу көл жээгинде,
Кубанып мен турамын.
Кайырма:
Сен үчүн жандырамын,
Сезимдин шам чырагын.
Ыйбалуу наздыгыңды,
Ырыма калтырамын.
Кайырма:
Кайырма:
Зарыгып күтөр махабат калаасы,
Ак сүйүүм менин аячы, аячы.
Зарыгып күтөр махабат калаасы,
Жүрөктү сендик аячы, аячы.
Жолумдан чыкчы бөлүнүп нурларга,
Ардагым сенсиң бир гана, бир гана.
Жолумдан чыкчы бөлүнүп нурларга,
Ардагым сенсиң бир гана, бир гана.
Кайырма:
Зарыгып күтөр махабат калаасы,
Ак сүйүүм менин аячы, ыячы.
Зарыгып күтөр махабат калаасы,
Жүрөктү сендик аячы, аячы.
Сезимдер калды сага алтылбай,
Жүрөк ырдасын сенден тартынбай.
Сезимдер калды сага алтылбай,
Жүрөк ырдасын сенден тартынбай.
Кайырма:
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеңе келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.
Сени күтүү - зор бакыттын дал өзү,
Сени күтүү - ак сүйүүнүн өзөгү.
Ал ансайын сендик сезим артылып,
Сага болгон махабатым күчөдү.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
Басалы бул эски бакты аралай.
Сапырылган жалбырактар шуудурап,
Кыялымды алып учат сабалай.
Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
|