|
Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш,
Кечеңерге ыр майрам, куруп келдик эки жаш.
Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар,
Белек кылып бул ырды, сунуп келдик эки жаш.
Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш,
Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш.
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Экөөңөргө кудайым бакыт берсин, эки жаш,
Өмүр берсин эки жаш.
Бир-бирине түбөлүк байланышсын, эки жаш,
Эл суктанган түгөйгө айланышсын, эки жаш.
Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор,
Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш.
Дасторконуң дайыма жайыл болсун эки жаш,
Урпагыңар көбөйүп, айыл болсун эки жаш.
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Калың журттун батасы, кабыл болсун эки жаш.
Эл журтумдун батасы, кабыл болсун эки жаш.
Сөзү : Ж.Өзүбекованыкы
Обону : А.Өзүбековдуку
Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүү жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксөп алганын.
Бирок неге жүрөк унутпай,
Жол кароодон дале талбады, талбады.
Кайырма:
Курчап алып мени кусалык,
Сени күткөн күндөр узарып.
Өмүр токтоп, ошол кербендер,
Отургансыйт жылбай тушалып, тушалып.
Түшкө кирсең кээ бир түндөрдө ,
Туш тарабым калат кут алып.
Санааланган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген ал куу дайрадай,
Сагынчымдын ашып-ташканы.
Сени сүйгөн баатыр мен белем?
Бузгум келет зоону, асканы, асканы.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кыялымсың кымбат сен менин.
Тынч ала албас мендеги жөрүктүн,
Тереңине катып келгеним.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергеним, бергеним.
Кайырма:
Сөзү : А.Коробаевдики
Обону : А.Коробаевдики
Ошол түнү жүрөк сыры чечишип,
Көл жээгинде көпкө жүрдү кыз-жигит.
Кетеринде сүйгөнүнүн колуна,
Кетти жигит алтын шакек кийгизип.
Өттү күндөр тентек соккон шамалдай,
Өзгөрүлдү кыз жүрөгү таанылбай.
Алтын шакек алмашылды каухарга,
Унутулду айткан сөздөр алтындай.
Чаңда жатты алтын шакек булганып,
Күн жарк этсе бир укмуштай нур чачып.
Кыз колунда каухар шакек баягы,
Өңдөн кетип өчө берди кумсарып.
Балким азыр жүрсө керек ошол кыз,
Бир жүрөгүн жүз шакекке алмашып.
Жаады алтын апапак кар жаңылык,
Ай нуруна, күн нуруна чагылып.
Кубанычта бөлөп сезим тазарткан,
Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып.
Алтын карга ак тилекти кошолу,
Алоолонсун жакшылыктын очогу.
Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн,
Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу.
Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл,
Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл.
Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл,
Жаңы жыл...
Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл,
Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл.
Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл,
Жаңы жыл...
Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык,
Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып.
Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап,
Жаңы жылым келе жатат жаңырып.
Кел досторум ырдап обон созолу,
Келгилечи үнгө, үндү кошолу.
Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун,
Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.
Ак-Талаа деп атын уксаң күлбөгүн,
Аппак эле топурак деп жүрбөгүн.
Көрбөсөң да көз алдыңа элестет,
Көркөмүнө кумарланткан гүлдөрүн.
Кайырма:
Атырдай жыттуу гүлдөрүң,
Абасы таза түндөрүң.
Алпештеп баккан энемдей,
Ак-Талаам, сенсиң сүйгөнүм.
Жайындасы жашыл килем жамынган,
Кышы аппак, күнгө жалт-жулт чагылган.
Түсү өңүндө түрлүү чөптөр буралып,
Тоо арасы толтура мал жайылган.
Кайырма:
Берекелүү, пейили кенен эл менен,
Ыр жаңыртып, ырыс чачкан жер менен.
Эмгек менен даңазалап атыңды,
Кең Ак-Таалам, сыймыктанам сени менен.
Кайырма:
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Жолугуң кызыл эле,
Жамынып жыгылчудай чачтарың узун эле,
Көйнөгүң көгүш эле, көздөрүң деңиз эле,
Мага да башкалардай мамилең тегиз эле.
Тиштериң бермет эле, сөздөрүң шербет эле,
Ордуңду таппай калуу оюма келбес эле,
Күлгөнүң чырак эле, күлкүңчү булак эле,
Чарчабай тургум келчү чачыңдан сылап эле.
Жеткирип барар элем, эртиктеп калар элем,
Узаарда терезеңден уурданып карар элем,
Ортоксуң ак сырыма, ой болгун жакшы ырыма,
Ок болуп өмүр өтөр буйруксуз тагдырыма.
Аруусун сага бердим, ачуусун мага бергин,
Сен ушул кадырымда сезимде кала бергин...
Сөзү : Элдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Ойносом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.
Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экем байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай кыздар турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Айдалып поезд барат алга карай,
Айланып карегиңден арбалам, аттиң.
Эл үчүн узак сапар, мен үчүн тузак сапар,
Жанымды жалгыз сага камчылайын.
Көңүлүм ооруп бүттү, көздөрүм жооруп бүттү,
Өзүңдү карай берип, Алтынайым, Алтынайым.
Жалгыздык кыйын болду, уктабагын,
Вагонго чиркелишкен суктанамын, аттиң.
Эл үчүн узак сапар, мен үчүн тузак сапар,
Өрттөнсөм мейли, сага тартылайын.
Көңүлүм ооруп бүттү, көздөрүм жооруп бүттү,
Өзүңдү карай берип, Алтынайым, Алтынайым.
Күпүлдөп поезд жанын сабап талбай,
Жүрөгүм алып учуп бараткандай, аттиң.
Эл үчүн узак сапар, мен үчүн тузак сапар,
Өкүнүч менен бүтөт арты дайым.
Көңүлүм ооруп бүттү, көздөрүм жооруп бүттү,
Өзүңдү карай берип, Алтынайым, Алтынайым.
Үшкүрөм калганыңа теңим болбой,
Үзүлбөс үмүтүм бар темир жолдой, аттиң.
Эл үчүн узак сапар, мен үчүн тузак сапар,
Арманым ушул ырга калтырайын.
Көңүлүм ооруп бүттү, көздөрүм жооруп бүттү,
Өзүңдү карай берип, Алтынайым, Алтынайым.
Сөзү : Э.Тазабековдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Күн сайын бир ирет кирет түшүмө,
Тообашын жапкан тунук кар.
Тоолорго салам айта бар,
Токтобой сызган, сызган булуттар.
Чагылган асман, асман нуруңан,
Чалкыган, ыйык, ыйык көлүң бар.
Көлөкө түшпөс турума да,
Көөнөрбөс менде, менде көңүл бар.
Жайнадым сенин, сенин койнуңдан,
Жаздагы жашыл, жашыл көктөмдөй.
Кеттиби жаштык бир келип,
Чагыл жанып, жанып өчкөндөй.
Сагынып жүрөк, жүрөк талааны,
Өчтү деп өңдүн, өңдүн жамалы.
Ала бар элге ырымды сен,
Ааламдын эрке, эрке шамаалы.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Ал зымырайт, үстү-үстүнө камчылап,
Жетээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге тынбай суудай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.
Бүгүн дуулап, кечекимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңкиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.
Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.
Кантсин, боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң жансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген турмуш бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калган дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил токтолбой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга
Байлыгым бар эски достордой.
|