|
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргарып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
Сөзү : А.Абжапаровдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.
Кайырма:
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.
Кайыл болуп көп короткон убагыма,
Качан болсо кабыл алып турарыма.
Келем жалгыз мен өткөрүп өмүрүмдү,
Ишене бер күтөөрүмө, чыдарама.
Жол карайып карбаластап калганымда
Ак шам болуп жангым келет маңдайыңда
Тагдырыңа кээде өксүп капалансаң,
Бал каймактай көлкүгүң бар таңдайыңда.
Уктай албай өткөрдүм көп убагымды,
Эшик жакка тосуп коюп кулагымды.
Дарегимди издеп таппай жүрбөсүн деп,
Өчүрбөстөн жатам түндө чырагымды.
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : Р. Нарынбаевдики
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы?
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Менмин деген сулуулар бар,
Жүрөгүм тартпай калды.
Тарсылдап соккон жүрөк,
Айла жок жашка айланды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды?
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Жаздыгым жалгыз калды,
Жаштыктанбы же мастыктанбы?
Түз жолдон мүдүрүлдүм,
Шайтандар азгырганбы?
Күндөр өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Неге коштуң бизди, Кудай?
Кайырма:
Кош болгун, карлыгачым,
Ооруба, карыбагын.
Кусалык жанга батты,
Кыйналып сагынамын.
Ажырадың ардагыңдан,
Өкүнүп кайгырбагын.
Турмуштун жолу татаал,
Эмки жолу жаңылбагын.
Кайырма:
Сөзү : Э.Акимжанова
Обону : Н.Калыбаев
Тынчтыкты көксөп,
Ар намысы чуулардай.
Тынымсыз чуркайм,
Ойлордун чексиз торунан.
Тыгылып батпайм,
Түбү жок кенен ааламга.
Тынчы жок сүйүү,
Оорудан качан арылам?
Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?
Карааның жоктоп,
Издеймин ири кадамдан.
Көөдөндү жарат,
Кусалык менде буулуккан.
Издесем таппайм,
Келсеңчи менин жаныма.
Кайгы кат сүйүү отунан качан арылам.
Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?
Сөзү : О. Султановдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Р. Бейшеналиваныкы
Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.
Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.
Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.
Кайырма:
Сөзү : К Урманбетовдуку
Обону : Ж Кадыркуловдуку
Ырдаса булбул ашыгын,
Ыргалат гүлдөр акырын.
Сен болдуң жанга жакыным, ай,
Сездирип дүйнө асылын,
Асылым менин, асылым.
Кайырма:
Күн кармап алган түшүмдөй,
Күтүлбөй келчи күтүлбөй.
Биз үчүн дүйнө жаралып,
Биз менен дүйнө бүтүндөй.
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
Ойлобой өмүр жалганын,
От болуп жанып алгамын.
Өчүрбөй ошол сезимди, ай,
Өзүңө келет арнагым,
Ардагым менин, ардагым.
Кайырма:
Ай-жылдыз болуп сырдашым,
Ашыктык ырын тыңдасын.
Түнөгүң болбой жалгыздык, ай,
Жүрөгүм сен деп ырдасын,
Кымбатым менин, кымбатым.
Кайырма:
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбевдики
Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир бакча мөмөлөрү келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.
Жүрөгүм түйлап, көөдөнгө сыйбайт,
Жүдөтүп жалгыздык жанымды кыйнайт.
Томсоруп турам, өткөндү эстеп,
Тоо жели согот кайгымды сезбей.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечирчи, жаным.
Салкын жел сенден саламым айтам,
Сапардан жалгыз сени сагынып кайтам.
Үй-бүлө баркын кечигип сезип,
Үмүтүм жанбай жүрөм жер кезип.
Саргайып күттүм, келсеңчи, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым.
Жалгыздап учкан куш көрүп калсам,
Жалооруп, эстеп мен кеттим, Асель.
Жалгыз бир жанга туш болуп калсам,
Жалган шум дүйнө дей кетмекмин, Асель.
Кулакка күлкүң угулат дагы,
Кыйналып кеттим, келсеңчи, жаным.
Буулугуп жашайм, бул дүйнөм жалган,
Булгабай сүйүүсүн, ким сактап калган?
Тартууга берген тагдырым мага,
Таалайым, бактым, жоготтум арман.
Бир келген мага качырдым бактым,
Кечиргин мени, кечиргин, жаным.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечиргин, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым...
Көрк менен гана азгырган,
Көөнүмдү дайым жаз кылган.
Кызыктар кылат өзгөчө,
Кылгыра тиктеп алдыртан.
Тайманбай жашап турмуштан,
Талашып көктү жылдыздан.
Суйкайып таңдай чыгышта,
Сулуулар чыгат кыргыздан.
Кайырма:
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай,
Биздин кыргыз элдин кыздары, ай.
Сагынтар мени саргайтып,
Сапарга кетсем алыстап.
Жүзүңдү турар нур чайып,
Жүрөккө кокус табышсаң.
Ала-Тоо башын кар чалып,
Жатса да күтүп алыстан.
Кыйындык башка түшкөндө,
Кыздарым чыкса намыска.
Кайырма:
Сергитип сезимдин канаттарын,
Сүйчүбүз аллея дарактарын.
Сагынып, аргасыз эстей берем,
Сан жылдыз ажарың талашканын.
Саргайтып өткөндүн барактарын,
Сан күндү сен жок деп жаратпадым.
Сымбатым, сыныма жарашканым,
Сыздатып жүрөктү канатпагын.
Кайырма:
Жалгызымсың, жалгызыңмын,
Аярымсың, аярыңмын,
Сен мени түшүнгөн жалгызымсың.
Сен келчү айлуу кеч, аппак кайың,
Сыры бар жан билбес мага дайым.
Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс,
Саматып алыстайт ал ансайын.
Сабылып жүрөктү чалат жалын,
Сезгендей күн өтүп баратканын.
Саамайың жел болуп тарап дайым,
Санаалар сени издеп барат, жаным.
Кайырма:
Топ гүлдөр ачылтып чанактарын,
Топ куштар талытып канаттарын.
Толгонуп толкундай сезеличи,
Топ жылдар кош айтып баратканын.
Кайырма:
От болуп сүйүп жалындай,
Ошумду көрөмүн жанымдай,
Өрүкзарлуу Баткен - жергем менин,
Өмүргө бүткөн багымдай.
Ааламга берген Манасты,
Ардактайм асыл жер - Таласты.
Жаштыктын шаары - Жалал-Абад
Жаркырап гүлүн жаңы ачты.
Кайырма:
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Канат кагып, күйүп-жанып
Кадырыңа жетемин!
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Бактың үчүн билим-күчүм,
Баркыңа мен жетемин!
Ырыска толгон жер бети,
Ысык-Көл кыргыздын бермети,
Борборлордун арасынан,
Бишкекке жоктор жетери.
Өзүмдүн көрөм үйүмдөй,
Өзөн бир бар бекен Чүйүмдөй?
Көргөндө көркөм Нарынды
Көңүлүм койбойт сүйүнбөй.
Кайырма:
Желдей жортуп өттү бир күн дагы да,
Ал өмүрдүн кетти келбес жагына.
Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр,
Кеткен күндүн, келээр түндүн баарына.
Өтөт күндөр бири-бирине окшобой,
Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой.
Өрттөй жанып, жалындагын барыңда,
Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой.
Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын,
Бирок, чындык жер алдында жатарың.
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.
Сөзү : Гүлжигит Сатибековдуку
Обону : Гүлжигит Сатибековдуку
Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Кайырма:
Кадырлап бир кат жазамын,
Капамды мен качан ачамын?
Катымдын жообун кайра жаз,
Деги сынбасын менин назарым.
Айыл бир сенин турагың,
Айылдаш, эсен турамын.
Каттаган-өткөн кишиден,
Деги билмексен болуп сурадым.
Карайып кашым коюлган,
Кадырың кетпейт оюмдан.
Сагынсаң ай салам жаза жүр,
Деги сабатың сенин жоюлган.
Караймын ай эрте жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Кат сабатың сенин жоюлган,
Деги кайтаргын эрте жообуңду.
|