|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Лариса Асанбекова, Сүйүндүк Бектурганов
Обону : Мирлан Абдраев
Кечир мени, көргөн кезде сүйүнсөм,
Кечир мени, сүйөмүн деп бүгүлсөм.
Санааңды бүт көкүрөгүң үшүтүп,
Самаайыңа сары кардай күбүлсөм.
Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.
Кайырма:
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.
Жамалыңа болбой эле арбалдым,
Неге мынча унута албай кармалдым.
Айланчыктап үмүтүм эч үзө албай,
Мен өзүмдүн сезимиме алдандым.
Кайырма
Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени колдон учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.
Кайырма
Жылдыздуу түндө ойгомун,
Махабат жөнүндө ойлонуп.
Сүйүүмдү кантип билдирем?
Сага кантип айтам I love you!
Кайырма:
Hands up people сүйүүгө кол чабалы,
Hands up people сүйүүгө жол табалы.
Hands up people махабаттын баяны,
Сен да билгин, happy and аягы.
Жалындаган көз карашың,
Канжардай жүрөгүмдү эзип.
Жалгызым качан жарашып,
Биз болобуз бирге Forever?
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
Yeah,
Сен билесиң, мен билемин,
Экөөбүздүн колдорубуз кармашса деп,
Жараткандан тилеймин.
Болчу менин керегим,
Сен дегенде мен жүрөгүмдү беремин,
Аны сен билесиң.
Аны баары билишет, түнү бою сени эстеп,
Сүйүү качан келет деп,
Бир аз мага жакындасаң белиңе колум жетет.
Кучагымдан алыстаба, учалы биз алыстарга,
Жүрөгүм бир жалгыз сага!
Жылдыздуу түндө ойгомун,
Махабат жөнүндө ойлонуп.
Сүйүүмдү кантип билдирем?
Сага кантип айтам I love you!
Кайырма
Жалындаган көз карашың,
Канжардай жүрөгүмдү эзип.
Жалгызым качан жарашып,
Биз болобуз бирге Forever?
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
Кел бийле, кел бийле,
Кел бийле, кел бийле.
Шактарын ачкан гүлдөрдөй,
Шамдарын жаккан түндөрдөй.
Шаанисин эстейм шаттыктын, ий,
Шаңк этип өзүң күлгөндөй.
Ак нурум - сен, ак сулуум - сен,
Жандандырып өмүрүмдү,
Жарык кылып көңүлүмдү.
Жан ыргагы өзүң бол.
Өргүбөй өткөн күндөрдөй,
Өмүрлөр өтөр бир келбей,
Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий,
Түн узак кирпик ирмелбей.
Жалжалым - сен, жандаарым - сен,
Алыстатпа жаштыгымды,
Арнап турган жакшы ырымды,
Атар таңым өзүң бол.
Алыстап улам карабай,
Алдаба мени баладай.
Азгыра берет элесиң, ий,
Арманым болуп тарабай.
Караарым - сен, кайдасың сен?
Карааныңды каркырадай.
Сапар тартып бараткандай,
Сагынарым өзүң бол.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө.
Бирөө тартса муң-кайгы,
Бирөө көрдү жыргалды.
Жаратканым бар болсо,
Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү,
Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы.
Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө,
Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө.
Бакыт конгон адамга,
Ушул дүйнө - шаң дүйнө.
Сүйгөнүнө жетпегенге –
Чиркин дүйнө, зар дүйнө.
Күйүп-күйүп, күл болом,
Ичи тарды көргөндө.
Көрсөм күйүп күл болом,
Жакшы адамды бир арам,
Жер алдына, жер алдына көмгөндө.
Тирүүлүктө адамдар, адамдар,
Алгаласын кадамдар, кадамдар.
Арабыздан жок болсун,
Ичи бузук арамдар.
Ач көз, акмак, ач көз, акмак,
Ач көз, акмак, сараңдар.
Бакыт болсо, көппөйлү,
Кайгы болсо, чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат,
Өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
Апакебай, майрамыңыз кут болсун,
Ушул күнү үйүңүзгө кут толсун!
Балдарыңыз чогуу болуп сиз менен,
Дасторкондо дүйүм-тамак бүт болсун.
Кайырма:
Жаныңызга тирек болуп атабыз,
Оорубаңыз, дагы көпкө жашаңыз.
Урмат-сыйын неберенин көргүлө,
Баарыбызга тийсин сиздин батаңыз!
Бүт тарттыңар жаш кезекте мээнетти,
Көргүлө эми карыганда дөөлөттү.
Көрбөгүлө жамандыгын балдардын,
Капа кылып, көңүлдөрдү чөгөртчү.
Кайырма:
Тынчтык болсун элибизде ар дайым,
Эл ичинде силер аман болгула.
Кызыңардын арзыбаган каалоосун,
Аз да болсо кабыл алып койгула.
Кайырма:
Сөзү : А.Токонбаевдики
Обону : А.Малдыбаевдики
Ойлодуң бекен ой селки,
Ойготуп кеттиң түшүмдөн.
Ойногон болуп эркелеп,
Оп тартып кеттиң жүзүмдөн.
Оолактан көрүп сен мени,
Окшоттуң бекен түшүңдө.
Көзүмдү эле ачып карасам, карасам,
Көрүнбөйт менин айланам.
Көмүрдөй кара чачыңа,
Көңүлүм менен байланам.
Көпөлөк менмин, сен чырак,
Көкөлөп сага айланам.
Өкүнүп күндүз байкасам, байкасам,
Өбөктөп жатам күн кайдан.
Өксүтпөй бизди кошкун деп,
Өчпөстөй күткөн күнгө айтам.
Өчөшкөн жандай тил катпай,
Өзүңдөн башка кимге айтам?
Ал күндөр кайда?
Кайрылбас жайда,
Жыл айланып жаз да келди кайра.
Түнөрөт ай да,
Жок эми айла,
Сага арнаган аз өмүрүм – дайра.
Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда?
Жаз өтүп жайга,
Күтүүдөн пайда,
Үмүтүм узарып айдан-айга.
Жалындай жайна,
Жолуңдан тайба,
Сапар улайт жашыл көктөм айда.
Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда?
Кайырма:
Таң атпай, күнүбүз жарык чачпай,
Жай таппай, жүрөмүн сырым ачпай.
Сан күндөр өтөбү тыным албай,
Кай жерден издеймин сени таппай?
Ай-күнүм санап,
Өзүңдү самап,
Жай таба албай жүрөм туталанып.
Ай-жылдыз тарап,
Жолуңду карап,
Сыр айта албай жүрөк буталанып.
Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда?
Кайырма:
Сөзү : З.Арыкбаевдики
Обону : З.Арыкбаевдики
Тажабай кыймылдан кур эрке быйтыйган,
Кичине колдору быйтыйган, быйтыйган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Ата” деп кыйкырган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Атоу” деп кыйкырган.
Кайырма:
Көңүлүм эргип, көккө жетемин,
Айланып эле сенден кетейин.
Жан дүйнөм бүтүн, бүтүн эргиди да,
Чоңоё бер, кичинекейим. 2 жолу
Күн кечке ойногон, оюнга тойбогон,
Кез-кезде кур эрке кой десе койбогон.
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон,
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон.
Кайырма:
Жарыкка келгениң жүрөктө кубаныч,
Өнөрүң чыкканы баарыбыз кубанып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстеп,
Баскан изиң башкалардан кызганып.
Бири-бирин көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.
Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бакта түнү бою тил безеп,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп.
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Кадыралы Артыковдуку
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Нөшөрлөп электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.
Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Мурдагы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.
Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,
Ойноок көз курбум карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.
Кайырма:
Ооруду жүрөк ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.
Сагындым сени үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм
Кайырма:
Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт,
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
Кайырма:
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргарып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
Сөзү : А.Абжапаровдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.
Кайырма:
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.
Кайыл болуп көп короткон убагыма,
Качан болсо кабыл алып турарыма.
Келем жалгыз мен өткөрүп өмүрүмдү,
Ишене бер күтөөрүмө, чыдарама.
Жол карайып карбаластап калганымда
Ак шам болуп жангым келет маңдайыңда
Тагдырыңа кээде өксүп капалансаң,
Бал каймактай көлкүгүң бар таңдайыңда.
Уктай албай өткөрдүм көп убагымды,
Эшик жакка тосуп коюп кулагымды.
Дарегимди издеп таппай жүрбөсүн деп,
Өчүрбөстөн жатам түндө чырагымды.
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : Р. Нарынбаевдики
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы?
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Менмин деген сулуулар бар,
Жүрөгүм тартпай калды.
Тарсылдап соккон жүрөк,
Айла жок жашка айланды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды?
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Жаздыгым жалгыз калды,
Жаштыктанбы же мастыктанбы?
Түз жолдон мүдүрүлдүм,
Шайтандар азгырганбы?
Күндөр өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Неге коштуң бизди, Кудай?
Кайырма:
Кош болгун, карлыгачым,
Ооруба, карыбагын.
Кусалык жанга батты,
Кыйналып сагынамын.
Ажырадың ардагыңдан,
Өкүнүп кайгырбагын.
Турмуштун жолу татаал,
Эмки жолу жаңылбагын.
Кайырма:
Сөзү : Э.Акимжанова
Обону : Н.Калыбаев
Тынчтыкты көксөп,
Ар намысы чуулардай.
Тынымсыз чуркайм,
Ойлордун чексиз торунан.
Тыгылып батпайм,
Түбү жок кенен ааламга.
Тынчы жок сүйүү,
Оорудан качан арылам?
Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?
Карааның жоктоп,
Издеймин ири кадамдан.
Көөдөндү жарат,
Кусалык менде буулуккан.
Издесем таппайм,
Келсеңчи менин жаныма.
Кайгы кат сүйүү отунан качан арылам.
Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?
Сөзү : О. Султановдуку
Обону : Т.Казаковдуку
|