|
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсо шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө?
Ак жибек сага жайган торум бирөө,
Адашып сенден калсам шорум бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө...
Сөзү : М.Ирсалиевдики
Обону : Э.Мээркановдуку
Ачылбайт гүлдөр күн сайын,
Ашыктар билет гүл жайын.
Ай-жылдар канча өтсө да,
Ашыкмын сага, күн-айым.
Кайырма:
Жазыла бербейт күн сайын,
Жыпар жытын чачып гүл дайым.
Сезимге дайым чок салган,
Секетим, сенсиң – күн-айым.
Сезимдин отун жандырып,
Сен болдуң менин күн-айым.
Жоодурап кайда жүрөсүң?
Жоогазын гүлү, күн-айым.
Кайырма:
Жарпыбыз биздин жазылаар,
Жарк этип койчу гүл кайда?
Жолубуз биздин ачылып,
Жолуксак кана бир кайра.
Жашыл көктөм жаздын жамалы,
Жаш сынттыңбы, неге алдадың мени?
Куштарланып күлө бер эми,
Эрте жаздын сыдырым жели.
Ошол түнкү сүйүү шарабы,
Таркабай муз болуп жүрөктө калды.
Кайырма:
Кечиргин, махабат,
Кечиргин, махабат,
Алданган жазгы түндү.
Кечиргин, махабат,
Кечиргин, махабат,
Алданган жазгы гүлдү.
Жытың жыпар жаздын шамаалы,
Бала сынтып неге алдадың мени?
Эки өмүрдө кечирбейм сени,
Жалганчысың жаздын илеби.
Ошол ууртам сүйүү шарабы,
Айыккыс дартка айланып жүрөктө калды.
Кайырма:
Ак сүйүү жүрөк дегдеткен,
Жашоого жарык дем берген.
Ай нурун чачкан аппак түн,
Айланып кайра келбеген.
Кайырма:
Жанымда махабат асыл ардагым,
Өзүмдү сага арнадым.
Сен менен ак таңдар тосом өмүрдө,
Болбостур жүрөк арманым,
Менин ардагым.
Сагыныч күндү санатар,
Санаалар жолду карытар.
Өчпөстөн ушул махабат,
Өмүрдө бакыт жаратаар.
Кайырма:
Алоолоп сүйүү жанары,
Жылдыздай көктө жаналы.
Жаркырап турган күндөргө,
Жүр, жаным, бирге баралы.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : С.Молдоевдики
Сени сүйүп, сен деп жашап кечээ мен,
Сен деп ырдап, сен деп жарым эс элем.
Сенсиз деле жашап жүрөт окшоймун,
Сенсиз менин жашоом бүтөт,
Күнүм бүтөт дечү элем.
Сенсиз деле, сенсиз деле,
Сенсиз деле жашап жүрөт,
Жашап жүрөт окшоймун.
Сенсиз деле таңдар атып, кеч кирип,
Сенсиз деле күн бар экен деп билип.
Сезимимди кытыгылайт жаңы ырлар,
Сага деген сагынычым, кусалыгым эскирип.
Сенсиз менин, сенсиз менин,
Сенсиз менин жашоом бүтөт,
Күнүм бүтөт дечү элем.
Тегеренип, айлар жылга алмашып,
Изибизди жамгыр да жууп, кар басып.
Ташбоор кылып салган бизди убакыт.
Сүйүүбүздү башкаларга, башкаларга арнатып.
Сенсиз деле, сенсиз деле,
Сенсиз деле жашап жүрөт,
Жашап жүрөт окшоймун.
Сенсиз менин, сенсиз менин,
Сенсиз менин жашоом бүтөт,
Күнүм бүтөт дечү элем.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Ышкыдар болуп гүлүңө,
Ыр жазам сага күнүгө.
Ачылсын десең кабагым,
Ай болуп чыкчы түнүмө.
Көз артпай турган сен белең,
Көкүттө калчу мен белем?
Көңүлгө батпай сагыныч,
Күн нуру менен тең келет.
Кайырма:
Арманым менин арылмак,
Асыл бир максат табылмак.
Ааламга аруу нур төгүп,
Ашыктык жолу жаңырмак.
Гүлкайыр десем, чөп дейсиң,
Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң.
Көргөнү келсем таң менен,
Көзүңдү артпай, өп дейсиң.
Ташкындап турса суу толуп,
Толкунда жүрсөң куу болуп.
Тилекке улап тилекти,
Таң нуру тийсе туу болуп.
Күн нуру өлөт, мен калам,
Күн нуру өчөт, мен жанам.
Чаңкоосун дилдин баса албай,
Шар аккан суу менен бирге агам.
Кайырма:
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Ж.Муратованыкы
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз,
Кызыл гүлүм сен менин.
Көчөдөн мен көрсөм кызганамын,
Сулуу селким сен менин.
Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң,
Көп кыздарга аралаш.
Көп жигитти кызыктырат сенин,
Ичке сындуу чып белиң.
Кайырма:
Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай,
Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, ай.
Сенсиң менин делбирим, ай, ай, ай,
Делбирим, ай, делбирим.
Кечээ кирдиң сен түшүмө менин,
Жанымда сен жаш келин.
Мен ошондо сездим махабаттын,
Кудуретин, күч-демин.
Бүгүн барам сага гүл көтөрүп,
Күтөсүңбү, делбирим?
Мен айтамын өз сүйүүмдү сага,
Ай перим, ай, ай перим.
Кайырма:
Сөзү : К.Курбантаевдики
Обону : К.Курбантаевдики
Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жагалданган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда...
Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.
Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...
Кайырма:
Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңдан ала сала жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп келе жатамын, жатамын,
Кең дүйнө тарыйт, капамын.
Бирок да кыйбай өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал-азабын.
Бирок да сүйүп өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар, муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп
Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жасармын, жасармын,
Ажалдан кайда качамын?
Өмүрдүн терип гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым...
Ыр төгүлүп жүрөгүмдү эргиткен,
Жыпар жыты көңүлүмдү сергиткен,
Жайлоо гүлү.
Искеп жытын, моокум канбай тургамын,
Кереметүү, мен сагынып, мен күткөн,
Жайлоо гүлү.
Кайырма:
Жайлоо гүлү, ак сүйүүмдүн күбөсү элең,
Жүрөгүмдө ал сезимди өчүрбөй келем,
Жайлоо гүлү.
Жайлоо гүлү, унута албай өткөндү,
Издеп келдим ошол кезди, көктөмдү,
Жайлоо гүлү.
Сыдырым жел эрке сылап жүзүмдөн,
Эске салды эң алгачкы сүйүүмдү,
Жайлоо гүлү.
Кайырма:
Жаз келди, айлана жашыл бубак,
Ажайып угулат шыңгыр булак.
Сагыныч күндөрүн күүгө улап,
Түркүн куш сайрашат, сайран курат.
Ызгардуу күндөр да кетсин узап,
Ырыскы, береке келсин чубап.
Аруулук, сулуулук бизди курчап,
Ноорузда ыр сунам назын курап.
Кайырма:
Мекеним, Ала-Тоом, кыргыз жерим,
Өзгөчө меримиң сенин демиң.
Жаз майрам, нооруз күн куттуу болсун,
Сага арнайм ырларымды, кутман элим.
Билинбей өткөнсүп сансыз убак,
Назданган махабат жаштык курак.
Өкүнбөйм өткөн күн, жылдарыма,
Ар дайым ырларым берсин кубат.
Бийлейли биз бүгүн жаштык вальсын,
Жүрөктө махабат оту жансын.
Бак-таалай, бейпилдик, бейкуттукта,
Шаң менен тосолу сүйүү жазын.
Кайырма:
Жаз келди, айлана жашыл бубак,
Ажайып угулат шыңгыр булак.
Сагыныч күндөрүн күүгө улап,
Түркүн куш сайрашат, сайран курат.
Ызгардуу күндөр да кетсин узап,
Ырыскы, береке келсин чубап.
Аруулук, сулуулук бизди курчап,
Ноорузда ыр сунам назын курап.
Кайырма:
Көңүлдө көптөн бери жашап,
Жүрөт жакшына бир жигит.
Кетпей койду түшүмдөн,
Махабатым ал билип.
Негедир баарынан кызганат,
А кыздар мага суктанат.
Арзуунун ырын ырдап берет,
Сезимди кытыгылап.
Кайырма:
Таптаза сезимиң мөлтүр булактай,
Таарынычың таңкы бубактай.
Көздөрүң жайнаган, жанган шам чырак,
Көңүлүм сага тартылат.
Керемет сезим бар мени арбаган,
Бир жакшы сөзүм бар сага арнаган.
Сырдуу жигит, сендик менин жүрөгүм,
Сени гана сүйөмүн.
Тымызын мен да жактырамын,
Айтпайм, бирок сүйүүмдү жашырам.
Тик карабай көзүңө,
Көздөрүмдү качырамын.
Бир сезим көңүлдү шат кылат,
Кыялым сен жакка азгырат.
Арбалып көңүл,
Сен ырдаган ырларды жактырамын.
Кайырма:
Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап,
Бажырайган көздөрүң алды арбап.
Байкабадың жанымдан өтүп жатып,
Бажырайган кызыл гүл колго кармап.
Кайырма:
Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай,
Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай.
Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап,
Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап.
Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган,
Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап.
Кайырма:
Гүл жытына мас болуп термелемин,
Окту аткандай мен өзүңө сермелемин.
Кокус сени чочутуп албайын деп,
Арт жагыңан акмалап мен келемин.
Кайырма:
Сөзү : М.Сатыбалдиевдики
Обону : Ж.Муратованыкы
Сөзү : К.Урмамбетовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин үстүн тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Карегимдин жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Сагындырган сүйүүм көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да инсан таба албай.
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Ой, жароокер Дүрдана,
Шыңгыр күмүш үн гана.
Булбул сайрап узаткан,
Сүттөй аппак түн гана.
Сүйгөнүм деп сүйлөсөм,
Жымың эттиң тим гана.
Ой, кара көз Дүрдана,
Шайыр, жумшак үн кана?
Булбул шактан ырдаган,
Мен тапшырган гүл кана?
Кыңырылып кылчайсам,
Кыя бастың тим гана.
Ой, колхозчу Дүрдана,
Кайрылышкан үн кана?
Кат жиберип кайталап,
Жообун алдым бир гана.
Сүйгөнүм деп сөз кылбай,
Иште дедиң тим гана.
О, кубанычым Дүрдана,
Бүт дүйнөдө бир гана.
Теңдеши жок гүлүмсүң,
Сенден артык гүл гана.
Жүрөк сөзүн айтууга,
Тил жетишпейт бир гана.
Сөзү : Н.Сыдыковдуку
Обону : К.Букалаевдики
Ысык-Көлдү таң сүргөндө карасаң,
Уйкусунан жаңы ойгонуп жаткандай.
Жаратылыш сулуулугун өзүнө,
Камырадай бүтүн ээлеп алгандай.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Ысык-Көлдү күүгүм ченде карасаң,
Толкундары тоону көздөй шашкансыйт.
Ошол жерде комуз алып бир жигит,
Токтогулдун “Миң кыялын” чалгансыйт.
Ысык-Көлдү түн ичинде карасаң,
Көшүлүп бир таттуу уйкуга баткансыйт.
Жада калса асмандагы ай дагы,
Көл уйкусун түн күзөтүп жаткансыйт.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Сөзү : С.Керекечованыкы
Обону : А.Абдуллаевдики
Колумду кармап, сөзүңдү айтып,
Сүйүүңдү арнап, ырыңды жаздың.
Жылмайып карап сезим жандырдың,
Бирок, мен сага ишене албадым.
Кайырма:
Мени караба, мени кармаба,
Суурулуп учкан сүйүүмдү аярла,
Сүйүүмдү менин алдаба!
Убакыт учат ташкындап жашоо,
Сезимдер өтөт биз менен кошо.
Кыялым кайра кылчайып карайт,
Суудай туптунук сезимди самайт.
Кайырма:
|