|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : элдики
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Медет Салыковдуку
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Жолболду Алибаевдики
Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы,
Жүрөгүмдү туюкка камабачы.
Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем,
Октой өткүр көзүң менен карабачы.
Карегиңден жолуңду издебечи,
Каалаганың катылуу ичте кезиң.
Сени сүйгөн бактыма ыраазымын,
Секетим ий, секетим ий, тиктебечи.
Күн артынан күн жылып өткөн сайын,
Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын.
Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам,
Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
Сөзү : Калчоро Көкүловдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Сөзү : Таш Мияшевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Карлыгач канат карагым.
Кадырлуу болсун кадамың
Бактылуу кылсын түбөлүк,
Баш кошуп жаткан адамың.
Айланам алтын чырагым
Аңкыган жыттуу бурагым.
Атаңдай сыйлап-урматтап,
Алдынан өтпө куданын.
Бакыттын учкан кушундай,
Барагой турмуш ушундай.
Өксүтпөй баккын апаңды,
Өзүнүн тууган кызындай.
Калтырбай ушак-айыңга,
Кадырлуу болгун кайыңга
Чыккан кыз чийден тышкары,
Чынардай көктөп, байырла.
Бактылуу болгун жан кызым,
Балбылдап жанган ай кызым.
Бактыңа жазган бүлөңдү,
Бапестеп сыйлап ал кызым.
Барагой, эми бар кызым.
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың беле,
Салдың беле кандай тузак?
Жазылдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып, жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуткун деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
|